Капчинин мааниси туура эмес ↓

Банк тууралуу

«РСК БАНК» 1996-жылы калкка тейлөө кызмат көрсөтүү үчүн негизделген. Банк ушул иштеген жылдардын ичинде өзүнүн ишенимдүүлүгүн тастыктады жана калктын ишенимине ээ болду, бул кардарлардын санынын туруктуу өсүшү менен тастыкталды.  Биз кардарлардын күндөлүк жана алдыдагы керектөөлөрүн эске алуу менен өнүгүүнү жана жетилте иштөөнү улантуудабыз. Банк азыркы этапта – чекене жана корпоративдүү кардарлар үчүн тейлөө кызматтардын кеңири тармагын көрсөтө турган заманбап, стабилдүү жана динамикалуу финансылык түзүм. Биздин компанияда ар дайым кардарга жардам берүүгө даяр, профессионалдуу, жоопкерчиликтүү жана кайрымдуу персоналы иштейт. 

«РСК Банктын» өнүгүшүнүн артыкчылыктары болуп, сервистин деңгээлин жогорулатуу, банктык тейлөө кызматтардын ассортиментин кеңейтүү, калктын жана корпоративдик тармактын бардык катмары үчүн тейлөө кызматтардын сапатын жакшыртуу жана ага жете жетүү болуп кала берет.   

«РСК Банк» Кыргызстандын бардык территориясында калкты жана кичи жана орто бизнес тармагын тейлөө боюнча алдыңкы Банк болууга, калктын бардык катмары жана бизнес категориясы үчүн банктык тейлөө кызматтарга алардын жете алышын камсыз кылууга умтулат. Биз өзүбүздүн иш-аракеттерибизде, башкаруунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен өзүбүздүн кардарлардын, жана башка бардык кызыккан тараптардын керектөөлөрүн толугураак канааттандыруу принциптерине таянабыз. Бизнес бул өлкөнүн жана бүтүндөй эле коомучулуктун негизин экендигин биз жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан биздин иш-аракеттерибиздин принциптеринин бири социалдык жоопкерчилик болуп саналат. 

Биздин Банктын иш-аракеттери бүтүндөй эле коомчулукта, биздин кардарлардын жана өнөктөштөрдүн арасында ишеним жана түшүнүү алып келишин каалайбыз. Биздин ар бир кадамыбызда компаниянын кадыр-баркын колдоого умтулабыз. 

 

Банктын тарыхы

«Эсептешүү-сактык компаниясы» ААК 1 (бир) миллион сом уставдык капиталы менен 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук  банк Башкармасынын 1996-жылдын 22-июлундагы  № 24/20-Токтому менен негизделген.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1996-жылдын 25-июлундагы №033/1, №033-Лицензия.

Компания активдүү өнүгүп жатат, жаңы филиалдар ачылууда, жаңы тейлөө кызматтары ишке киргизилип жатат, компаниянын кардарларынын саны өсүп жатат. 2007-жылдын декабрында «РСК» ААК банктык иш-аракеттерди жүргүзүүгө карата лицензиясы алынган. 2008-жылдын 13-августунда акционерлердин жалпы жыйыны тарабынын «Эсептешүү-сактык компаниясы» ААКнын аталышын "РСК Банк" ААК болуп өзгөртүү тууралуу чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде 2008-жылдын 24-сентябрында "РСК Банк" ААКны каттоо жол-жобосу аяктаган.

Бүгүнкү күндө «РСК Банктын» уставдык капиталы 9 400 822 000 сом түзөт.

Чет өлкөлөрдө «РСК Банк»тын банк-корреспонденттеринин кеңири тору бар, бул биздин Банкка эл аралык финансылык коомчулуктардын ишенимин тастыктайт жана анын кардарлары үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. «РСК Банк» жеке жана юридикалык жактар үчүн кызматтардын кеңири тармагын көрсөтөт. Жаңы банктык продуктылар туруктуу түрдө ишке киргизилип турат.  “РСК БАНК” ААКнун тейлөө түйүндөрү  Башкы офистен, 53 филиалдан, 38 кошумча тейлөө түйүндөрүнөн жана узартылган иштөө тартиби менен – кечке чейин жана дем алышсыз  иштеп жатышкан 18 бөлүмдөн турат.

«РСК Банктын» туруктуулугуна карата кепилдик, өкмөттүк деңгээлде колдоодо болуп турат, себеби «РСК Банк» ААКнын акцияларынын 100% Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө таандык.

 

Банктын миссиясы:

Биз бүтүндөй өлкөнү бириктиребиз, кардарларыбыздын жыргалчылыгы үчүн талыкпай эмгектенип, алардын жашоо-шартын жакшыртып, кыялдарын орундатууга жардам беребиз.

 

Мүдөөлөрүбүз:

  • Финансылык кызматтардын өлкөнүн ар бир жараны үчүн жеткиликтүү болуусуна шарт түзүү;
  • Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу үчүн негизги банк агенти болуу;
  • Бардык муундар үчүн ишенимдүү өнөктөш банк болуу;
  • Кесиптештерибиздин өсүп-өнүгүүсүнө жардам берүү, алардын жашоо сапатына кам көрүү.

 

Баалуулуктар:

  •  Адептүүлүк
  •  Мыкты сапаттарга ээ болуу
  •  Салтты урматтоо
  •  Ишенич жана жоопкерчилик
  •  Тыкандык жана кесипкөйлүк
  •  Демилгелүүлүк жана чыгармачылык
  •  Жамааттык ынтымак жана аткаруучулук
  •  Ачыктык жана кичи пейилдик
  •  Сергек жашоого умтулуу (дене, рух жана акыл-эс)

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>