Капчинин мааниси туура эмес ↓

 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар

чөйрөсүндө контрактты банктык коштоо

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы №522 “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө” токтому менен “РСК Банк” ААК мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө Контрактты банктык коштоону (КБК) жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банк болуп саналат.

Контракты банктык коштоо – бул ыйгарым укуктуу банк тарабынан банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде:

  • төлөмдөрдү жүргүзүү,
  • акча каражаттарын максаттуу чыгымдоону контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу банк тарабынан ачылган өзүнчө эсепте, ушул контракты аткаруунун алкагында башка адамдар тарабынан контракты аткаруунун жүрүшүндө берүүчү жана бардык тартылгандар ишке ашыруучу эсептөөлөргө мониторинг жүргүзүү;
  • сатып алуучу уюмга контракттарды банктык коштоонун жыйынтыктарын жеткирүү.

 

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө КБКны колдонуунун максаттары:

• Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

• Сатып алуучу уюмдардын финансылык жана салык тобокелдиктерин минималдаштыруу;

• Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контрактарды аткарууда ачык-айкындуулукту камсыздоо.

 

КБК продукту тууралуу жалпы  презентация - бул жакта.

Аткаруучуга эскертме бул жакта

Кардарга эскертме бул жакта

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү контрактка карата банктык коштоону  колдонуунун тартибин түшүндүрүүчү документтердин типтүү формалары, ошондой эле методикалык материалдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 169-П буйругу менен бекитилген.

 

Контрактты банктык коштоо(КБК) кызматтары

Контрактты банктык коштоо кызматтарын көрсөтүүнүн алкагында «РСК Банк» ААК сатып алуучу уюмдарга жана берүүчүлөргө төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • КБК интерактивдүү отчеттуулук” – бул “РСК Банк” ААК тарабынан сатып алуучу уюмдарга сунушталуучу жана коштоочу контракты аткаруу учурунда эсептешүүлөрдүн учурдагы абалын жана статистикасын, ошондой эле, интерактивдүү отчетторду үзгүлтүксүз түзүүнү жана эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзүүнү, контракт боюнча каражаттардын максаттуу чыгымдалышына контролдун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берүүнү чагылдыруу максатындагы КБК кызматы ( сервис). Шилтемеге өтүү үчүн бул жерди басыңыз.

 

  • «Негиздөөчү документтерди кабыл алуу порталы» – берүүчүлөргө «РСК Банк» ААК тарабынан көрсөтүлүүчү БСК кызматы, ал аркылуу берүүчү «РСК Банк» ААКна которууга билдирме (заявка) үчүн негиздөөчү документтерди өткөрүп берет. Шилтемеге өтүү үчүн бул жерди басыңыз.

 

Байланышуу үчүн:

Контракттарды банктык коштоо боюнча кошумча маалыматты «РСК Банк» ААКнун жооптуу кызматкерлеринен телефон аркылуу же электрондук почта аркылуу кат жөнөтүү аркылуу алсаңыздар болот:

+996 (312 / 552 / 706 / 775) 911 111, info@rsk.kg.

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>