Капчинин мааниси туура эмес ↓

Алтын - келечекке эң ишенимдүү инвестиция. Мындай аракет капиталыңызды сактап калууга жана көбөйтүп турууга жардам берет.

2018-жылдын 15-августунда «РСК Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен алакаларды (мындан ары операциялар) жүргүзүү укугуна лицензия алган.

РСК Банктан кандай алтын сатып алса болот?

• Банк бардык эле каалоочуларга алтынды өлчөнгөн куймалар түрүндө сатып алууну сунуштайт;

• Проба - 999,9;

• Өлчөнгөн куймалар ар кандай болот: 1, 2, 5, 10 грамм, троя унциясы (31,1035 грамм) жана 100 грамм.

  • Өлчөнгөн куймалар атайын коргоочу кабыкчада сакталат, анткени алар этият мамилени талап кылат.
  • Өндүрүп чыгаруучу завод тууралуу маалымат сатып алууда берилген сертификатта камтылган. ⠀

Кыргызстанда өлчөнгөн куймалар менен операциялар кошумча нарк салыгынан, ошондой эле сатуудан алынуучу салыктан бошотулганын белгилеп кетүү зарыл. Мында алтын сиздин акчаңызды сактап көбөйтүүнүн эң ишенимдүү жолу болуп келгендигин жана болуп кала берерин дагы бир ирет далилдеп турат.

Өлчөнгөн алтын куймаларынын техникалык мүнөздөмөлөрү:

 

Салмагы (масса), гр.

Туурасы, мм

Узуну, мм

Металл

Проба

1

8

13,8

Золото

999,9

2

11

18,9

Золото

999,9

5

14

24,1

Золото

999,9

10

15

25,8

Золото

999,9

31, 1035

22

37,9

Золото

999,9

100

27

45

Золото

999,9

 

Алтындын өлчөнгөн куймаларын сатуу шарттары:

- Жеке адамдарга өлчөнгөн куймалардын сатылып алынуучу санына берилген квитанциянын жана инсандыгын ырастоочу документтин негизинде;

- Юридикалык жактарга, эгерде төлөм нак эмес жүргүзүлсө, акча каражаттары которулганын белгилеген төлөм тапшырмасынын же өлчөнгөн куймалардын сатылып алынуучу санына берилген квитанциянын, өлчөнгөн куймаларды алууга ишеним каттын жана инсандыгын ырастоочу документтин негизинде.

Алтындын учурдагы курсу Банктын расмий сайтынын башкы бетинде көрсөтүлүп турат.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>