Капчинин мааниси туура эмес ↓

 

«РСК Банк» ААК Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте бүткүл өлкө боюнча соода жана тейлөө ишканаларында KKM-онлайн функциясы менен pos-терминалдарды акысыз орнотууну сунуштоого багытталган долбоорду иштеп чыкты.

Бул түзүлмө-аппарат кандай кызматты аткарат? KKM-онлайн функциясы менен pos-терминал төмөнкү функцияларды айкалыштырат:

  • каалаган банктын бардык төлөм карталары боюнча нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуу;
  • 1С программалык камсыздоо (бухгалтердик эсеп);
  • ошондой эле фискалдык чекти иштеп чыгып, операциялар боюнча маалыматтарды сактайт жана салык органына отчетторду жөнөтөт.

Бул кызматтардын бардыгы реалдуу убакыт ыргагында бүткөрүлөт.

Бул түзүлмө КР Мамлекеттик салык кызматынын бардык талаптарын бириктирет. Бул ишканалардын иши мүмкүн болушунча жөнөкөй жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн иштелип чыкканын белгилөө зарыл. Анткени pos-терминалдык функциясы бар инновациялык кассалык машинанын жардамы менен ири соода түйүндөрүнүн ээлери үчүн кымбат баалуу түзүлмөлөрдү, атап айтканда: компьютерлерди, чектерди басып чыгаруу үчүн принтерлерди сатып алуунун кажети болбойт.

KKM-oнлайн функциясы бар pos-терминалды орнотууга кызыкдар болсоңуз, РСК Банкка кайрылсаңыз болот. Адистер түзүлмөнү орнотуп, аны кантип иштетүү керектигин көрсөтүп беришет.

Соода-тейлөө ишканаларына контролдук-касса машина - KKM-онлайн орнотууда эскертме бул жакта

Толугураак маалыматты "РСК Банктын" Байланыш борборунан алса болот: 0312 / 0552 / 0706 / 0775 911 111.

WhatsApp номери: 0706 911 111.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>