Капчинин мааниси туура эмес ↓

  

 

 

 

Документардык операциялар 

«РСК Банк» ААКы өзүнүн кардарларына аккредитивдердин бардык негизги түрлөрүн ачуу жана/же тейлөө боюнча кызматтарды сунуш кылат.

Аккредитивдерди колдонуу эсептешүүлөрдө Сиздин артыкчылыктарыңыз:

  • сатуучу (экспортер), ошондой эле сатып алуучу (импортер) катары бизнести каржылоо ыкмасын оптималдуу тандоо;
  • төлөм дисциплинасы жана товарларды коюу планындагы мамилелерден катышуучулардын өз ара пайдасы;
  • ар кайсы өлкөлөрдүн биринчи класстагы банктык мекемелери менен кызматташуу аркылуу Сиздин компанияңыздын ишенимдүүлүк күбөлүгү;
  • бүтүмдүн шарттарын оптималдаштыруу максатында «РСК Банк» ААКнын консультациялары;
  • товарды коюу боюнча жабдып туруучу тарабынан өзүнүн милдеттемелерин аткарбоо тобокелдигин минимумга чейин төмөндөтүү мүмкүндүгү;
  • Сатуучу тарабынан бардык милдеттемелери аткарылгандан (товарды жүктөп жөнөтүүдөн, документтерди тариздеп толтуруудан кийин жана у.с.) кийин гана төлөмдү аткаруу;
  • өзүнүн кызыкчылыктарын эсепке алуу менен келишим боюнча төлөмдөрдүн схемаларын түзүмдөп түзүү мүмкүндүгү;
  • коммерциялык тобокелдиктерден коргоо, жаңы контрагент менен өнөктөшүү учурунда тобокелдиктерди минималдаштыруу мүмкүндүгү.

Банктык кепилдиктер (гарантиялар)

Банк кепилдиктердин төмөнкүдөй түрлөрүн берет:

  1. Сунуштарга (тендердик, конкурстук) кепилдик – Принципалга карата мамилеси боюнча тендер уюштуруучу-тараптын төлөмдүк талаптарын камсыз кылуу.
  2. Аванстык төлөмдү кайтаруу кепилдиги – товарларды, кызматтарды жана контрактта шартталуу менен башкаларды берүү учурунда Принципал тарабынан өзүнүн милдеттемелери аткарылбаган учурда, аванстын суммасын(же анын колдонулбаган бөлүгүн) кайтарууга карата Банктын милдеттемеси.
  3. Тарифтер менен ушул жерден таанышууга болот.
  4. Аткаруу кепилдиги – түзүлгөн контракт (келишим) боюнча Принципал тарабынан өзүнүн милдеттемелери аткарылбаган жана талаптагыдай аткарылбаган учурда, анын талабы боюнча сүйлөшүлгөн суммаларды, айыптарды Бенефициарга төлөп берүүгө Банктын милдеттемеси.
  5. Төлөмдүк кепилдик – Бенефициардын алдында Принципалдын төлөм милдеттемелерин камсыз кылуу боюнча Банктын милдеттемеси. Кепилдиктин ушул түрү, Принципал тарабынан товарларды (кызматтарды) алган фактысы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда же товардык насыяны колдонуу учурунда колдонулат.
  6. Бажылык төлөмдөр боюнча кепилдик – бажылык алымдарды жана жыйымдарды төлөөнү камсыз кылуу боюнча Банктын милдеттемеси. Бул кепилдик, бажылык төлөмдөрдү жана бажылык органдарга керектүү чыгашалардын, айыптык санкциялардын жана башка суммаларды камсыз кылуу үчүн импорттоо-ишканалары үчүн берилет.
  7. Контр-кепилдик – кепилдиги, бул Принципалдын өтүнүчү боюнча ошол Банк тарабынан Бенефициарга бериле турган кепилдикти камсыз кылуу максатында, башка Банктын, анын ичинде чет элдик Банктын пайдасына Банк тарабынан берилиши мүмкүн.

Кепилдиктер төмөнкүдөй шарттарда чыгарылат:

  • Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен;
  • Принципалдын өзүнүн акча каражаттарын күрөөгө коюу менен;
  • Принципалдын кепилдигин камсыз кылуу үчүн берилген үчүнчү жактардын акча каражаттарын күрөөгө коюу менен чыгарылат.

Банктык кепилдикти колдонуудагы Сиздин артыкчылыктарыңыз:

  • тобокелдиктерди минималдаштыруу, эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдик милдеттемелерди аткаруу учурундагы коопсуздук;
  • сатып алуучу тарабынан өзүнүн милдеттемелерин толук көлөмдө же кепилдик төлөмдү алуу учурунда анын кандайдыр бир бөлүгүн аткарбаган учурда;
  • контрагенттердин базасын кеңейтүү, товарды өткөрүү рыногун көбөйтүү мүмкүндүгү;
  • алдын ала акысын төлөөсүз товарларды алуу мүмкүндүгү;
  • жеткирилген товар үчүн сатуучудан төлөмдүн мөөнөтүн узартуу менен алуу мүмкүндүгү;
  • товарды жеткирүүнүн мөөнөттөрү сатуучу тарабынан бузулган учурда сүйлөшүлгөн өлчөмдө компенсацияны алуу.

Аккредитивдерге, кепилдиктерге жана инкассого карата бардык маселелер боюнча Сиз төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыз болот:

Башкы офис, Жаш Гвардия бул., 37а, тел. 65-38-14, 46-07-21

Бишкек шаарындагы, ошондой эле республиканын аймактарында жайгашкан, Банктын филиалдары.

Зарыл болсо, филиалдардын кардарлары үчүн Башкы офистин кызматкерлери: 65-38-14, 46-07-21 телефону боюнча бардык керектүү консультацияларды өткөрүшөт.

Тарифтер менен ушул жерден таанышууга болот.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>