Капчинин мааниси туура эмес ↓

ЭСЕПТешүү-КАССАЛЫК ТЕЙЛӨӨ

 

“РСК Банк” ААК улуттук, ошондой эле, чет өлкө валютасында эсептерди ачуу жана тейлөө боюнча операциялардын кеңири тизмесин сунуштайт.

Банк тарабынан эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча кызматтардын төмөнкү түрлөрү көрсөтүлөт:

∙ Эсептерди ачуу жана тейлөө;

∙ Нак акча каражаттарды кабыл алуу жана берүү;  

∙ Улуттук, ошондой эле чет өлкө валютасында акча каражаттарын которуулар; 

∙ Акча алмашуу (конверсия) операциялары;

∙ Баалуу кагаздар менен операциялар;

∙ Документардык операциялар;

∙ Төлөмдөрдү кабыл алуу. 

 

 Жеке эсеп ачуу үчүн керектүү документтердин пакети  бул жерде

 

Уюмдардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу

Сиздин компаниянын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алууга сиз РСК Банк менен келишим түзсөңүз болот. Бул тейлөө кызматы уюлдук операторлор, интернет провайдерлер, кабелдик тейлөө кызматтарынын провайдерлери жана башкалар сыяктуу жеке адамдардын кеңири чөйрөсүнө кызматтарды көрсөтө турган компаниялардвн иштерин илгери жылдырат.  

 

РСК Банк менен кызматташуу бир катар  артыкчылыктарга ээ:

  • кардарлар үчүн кошумча сервисти ишке киргизүүнүн, сиздер көрсөтүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен соода-сатыктын жүгүртүлүшүнун көбөйүшү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жогорулашы;
  •  
  • Кардарлар тарабынан алдоо амалдарынын (мисалы, жасалма банкоттор менен төлөгөн учурда) же адистердин (персоналдын) каталарынын натыйжасында финансылык жоготуулардын орун алып калуу тобокелдигинин төмөндөшү;
  •  
  • нак акча каражаттарды инкассациялоого жана сактоого карата чыгашалардын орчундуу кыскарышы;
  •  
  • соода түйүндөрүнүн жалпы коопсуздугунун жогорулашы;
  •  
  • финансылык каражаттардын жүгүртүлүшүн тездетүү;
  •  
  • компаниянын эсептешүү эсебине каражаттарды которуунун оперативдүүлүгү;
  •  
  • нак эсептешүүлөргө мүнөздүү каталардын жоктугу;
  •  
  • соодадан түшкөн акчаларды сактоо боюнча көйгөйлөрдүн чечилиши;
  •  
  • бардык Кардарларга жекече мамиле жасоо.

 

Юридикалык жактар үчүн банктын тарифтери бул жакта

 

Төлөмдөрдү кабыл алууга келишимдерди түзүү үчүн биздин Банктын тейлөө кызматы сизди кызыктырса төмөнкү номер боюнча телефон чалып байланышсаңыз болот: +996 (312) 65-12-47.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>