Өлкөдөгү эң ири банктардын бири катары РСК Банк өзүнүн иш-аракетинде бир катар артыкчылыктуу багыттарды, анын ичинде, сарамжалдуу керектөөнү караган ESG принциптерин колдонуунуга олуттуу маани берет.
Банк бул багытта кандай чараларды көрүп жатат?
• Бардык калдыктарды, таштандыларды зыянсыз утилизациялоо (пластикалык, макулатура, колдонулган банкоматтар, терминалдар, лампалар жана башкалар);
• Таштандыларды сорттоо үчүн банк кеңселеринде эко-кутучаларды орнотуу;
• Айлана-чөйрөгө зыяны жок сувенирдик эко-продукцияларды иштеп чыгуу;
• Ысырапкорчулукту азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүү;
• Таштандыларды тескөө системасын уюштуруу боюнча адистерди үзгүлтүксүз окутуу.
“РСК Банктын” Башкы офиси 2023-жылдын май айында «Таштандыларды тескөөнүн мыкты тажрыйбасы» белгисин – эко марканы колдонуу укугуна шайкештик жана уруксат сертификатын алган.
«Best Recycle Practice» лейбл – бул таштандыларды кайра иштетүүгө жана кайра колдонууга өткөрүп берүү үчүн компанияда таштандыларды өзүнчө топтоо ишин жайылтуу аркылуу аларды тескөөнүн эң мыкты тажрыйбалары боюнча көз карандысыз экологиялык белги (маркировка) болуп саналат.