Капчинин мааниси туура эмес ↓

"РСК Банк" ААК маалыматтар базасынын администратору керек.

Талаптар:

  • Билими: IT тармагындагы техникалык адистик боюнча толук жогорку билим;
  • Маалыматтар базасынын администратору катары Oracle 10g,11g маалымат базаларын тейлөө тажрыйбасы;
  • Маалыматтар базасынын архитектурасын, инстанцияларын, процесстер менен эс тутум тармактарынын өз ара аракеттенүүсүн билүү;
  • UNIX системаларындагы (Solaris, AIX) маалымат базаларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн билүү;
  • UNIX тажрыйбаларын пайдалануу көндүмү;
  • bash, sh (базалык) программалоо көндүмү;
  • Oracle SQL, PLSQL (DBA ишин автоматизациялоо),  Oracle объекттерин билүү;
  • Маалымат базаларын жана ОС статистикасын (онлайн жана тарыхый) талдоо, бөгөттөө, трассировкалоо боюнча билим жана тажрыйбасы;
  • Көйгөйлүү SQL туюнтмаларын издөө, оптималдаштыруу тажрыйбасы;
  • Oracle (SR тейлөө) техникалык колдоосу менен кат алышуу тажрыйбасы;
  • Мониторинг жүргүзүү жана ресурстардын жеткиликтүүлүгүн активдүү камсыздоо тажрыйбасы;
  • Технологияларды, сценарийлерди билүү, тейлөө/аткаруу тажрыйбасы: jobs, shedulerjobs;DataGuard;backup/recovery  rman менен жана андан тышкары);

Буларга көңүл бурулат: технологияларды, сценарийлерди билүү, тейлөө/аткаруу тажрыйбасы: бузулууларды оңдоо; маалымат базасын жаңы версияларга жана башка платформаларга көчүрүү, патчтарды орнотуу;

Негизги милдеттер:

• DBA администраторунун типтүү милдеттери;

• МББСны тейлөө, орнотуу, жөндөө;

• Иштеп чыгуучулар, UNIX администраторлору менен өз ара аракеттенүү;

• Учурдагы маалымат базаларын 24/7 колдоо.

 

Резюмени t.aiylchiev@rsk.kg почтасы аркылуу жөнөтүүнү өтүнөбүз


Оставить резюме

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>