Капчинин мааниси туура эмес ↓

 «РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутумунда физикалык жактардын Кардарларын банктык дистанттык тейлөө Келишимин түзүү жөнүндө оферта (сунуш)

«РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутумунда физикалык жактардын Кардарларын банктык дистанттык тейлөө Келишимин түзүү жөнүндө

оферта (сунуш)

  1. 1.   Оферта келишиминин шарттары

1.1. Ушул офертанын шарттары менен, «РСК Банк» ААК (мындан ары «Банк» деп аталуучу), Банкта ачылган эсептин ээси болуп саналган, ушул офертанын (мындан ары – Келишим) тартибинде жана шарттарында кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонууну каалоосун билдирген физикалык жак менен (мындан ары «Кардар» деп аталуучу) «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутумунда физикалык жактардын Кардарларын банктык дистанттык тейлөө Келишимин түзүүгөдаярдыгын билдирери аныкталат.

1.2. Ушул келишим Кардарлардын-физикалык жактардын Банкта «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутумунун, анын ичинде анын мобилдүү версиясынын (мындан ары – Тутум) жардамы менен, Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарынын талаптарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларына, Банктын ички ченемдик документтерине, ошондой эле ушул келишимдин шарттарына жооп берген банк операцияларын жасоо шарттары менен тартибин аныктайт.

1.3. Келишим мындан ары чогуу эскергенде «Тараптар» катары аталуучу Банк менен Кардардын ортосунда, ушул келишимдин 2-бөлүмүнө ылайык Келишимдин (акцепттин) шарттарын Кардар кабыл алган учурда түзүлдү деп эсептелет.

1.4. «РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутуму аркылуу кызматтарды көрсөтүү эрежелери Ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат (ушул Келишимге 1-тиркеме, мындан ары текст боюнча Эрежелер).

1.5. Ушул Келишимдин шарттары өзгөртүлгөн жана/же толукталган учурда Кардардын Тутумга ар бир кийинки кирүүсү жана тутумду колдонуусу тиешелүү өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун акцепти болуп саналат.

  1. 2. Жалпы жоболор

2.1. Кардардын банк операцияларын дистанттык жүзөгө ашыруусу максатында, Банк Кардардын демилгеси боюнча, ар кыл түзүлүштөрдү, анын ичинде, уюлдук телефонду пайдалануу менен Интернет тармагынын жалпыга жеткиликтүү каналдарын колдонуп, Кардарга Тутумга жетүүгө жол берет. Ушул офертаны акцепт кылып, Кардар Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 394, 396-402-беренелерине ылайык, ушул офертанын шарттары менен таанышканын, алар ага түшүнүктүү экенин тастыктайт да, өзүнүн Тутумду колдонууга макулдугун, даярлыгын жана каалоосун тастыктайт.

2.2.  https://24.rsk.kg/ сайтына жетүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон Интернет тармагына, башка техникалык каражаттарга жана программалык камсыздоого жетүү, ушул Келишимдин предмети болуп саналат жана Кардар тарабынан өз алдынча жана анын жеке каражаттарынын эсебинен камсыздалат.

2.3. Кардар Тутумдун жардамы менен банк операцияларын демилгелейт, ал эми Банк ушул Келишимдин шарттарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларынын, Банктын ички ченемдик документтеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык банк операцияларын аткарат.

2.4. Кардардын каалаган операцияны Тутумдун жардамы менен демилгелөөсү, Кардар ушул келишимдин тиешелүү учурга карата иштеп жаткан редакциясы менен таанышкандыгынын жетиштүү тастыктамасы болуп саналат.

2.5. Тутумга жетүүгө жана Тутумда операцияларды жүргүзүүгө жол берүү үчүн комиссия Банктын www.rsk.kg расмий сайтында жайгаштырылган Банктын иштеп жаткан Тарифтери менен аныкталган жана Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Келишимдин шарттарында алдын ала каралган шарттарда бир тараптуу ыраатта өзгөртүлгөн боло алат.

2.6. Тутумда операцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгү Банк тарабынан төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген Кардарга берилет:

2.6.1. Банк менен Кардардын ортосунда ушул Келишим түзүлгөн;

2.6.2. Кардар Тутумда катталган;

2.6.3. Кардар Банкта ачылган банк эсебинин ээси болуп саналат.

  1. 3. Тутумга жетүүнү жүзөгө ашыруунун тартиби

3.1. Тутумду колдонгон учурда, Кардар Интернет тармагында иштөө үчүн мүнөздүү болуп саналган мүмкүн болуучу тобокелдер менен күн мурун макул болот.

3.2. Тутумга жетүүнү жүзөгө ашыруу үчүн Кардар авторизация үчүн төмөнкү параметрлерди колдонот:

3.2.1. https://24.rsk.kg/  сайты аркылуу кирүү логиндин жана шарт белгинин (мындан ары текст боюнча – Шарт белги) жардамы менен жүзөгө ашырылат, алар жайылтуусу чектелген маалымат болуп саналат жана үчүнчү жактарга жарыялоого жатпайт.

3.2.2. «RSK24» мобилдүү тиркемеси аркылуу кирүү логиндин жана шарт белгинин, PIN-коддун, кийин орнотулган манжанын тагынын (опция манжанын тагын колдонуу кызматын колдоого алуучу мобилдүү түзүлүштөр үчүн гана чагылтылат), коддук датанын жардамы менен жүзөгө ашырылат.

3.3. Тутумга ар бир жолку кирүүдө Банк маалыматтарды (логинди жана шарт белгини, PIN-кодду, манжанын тагын, коддук датаны) киргизүүнүн тууралыгын текшерүү жол-жобосун аткарат, аларды ийгиликтүү киргизүүдөн соӊ, Банк Кардарды туура маалыматтарды колдонгон тарап деп тааныйт.

3.4. Түздөн-түз банк операциясын демилгелөөнүн алдында операцияны https://24.rsk.kg/ сайты аркылуу тастыктоо жүзөгө ашырылат:

3.4.1. Тутумга биринчи катталууда Кардар номерин көрсөткөн уюлдук телефонго операцияларды тастыктоо үчүн коду (мындан ары текст боюнча – Код) бар SMS-билдирүү менен;

3.4.2. Кардар тарабынан Тутумдун жөндөгүчтөрүндө көрсөтүлгөн коддук датанын жардамы менен;

3.4.3.  e-mailге жөнөтүлгөн бир жолку шарт белгинин жардамы менен;

3.4.4. тастыктоосуз (эгерде Кардар тарабынан Тутумдун жөндөгүчтөрүндө тиешелүү опция жөнгө салынган болсо).

3.5. Түздөн-түз банк операциясын демилгелөөнүн алдында операцияны «RSK24» мобилдүү тиркемеси аркылуу тастыктоо жүзөгө ашырылат:

3.5.1. Тутумга биринчи катталууда Кардар номерин көрсөткөн уюлдук телефонго Коду бар SMS-билдирүү менен;

3.5.2. Кардар тарабынан Тутумдун жөндөгүчтөрүндө көрсөтүлгөн коддук датанын жардамы менен;

3.5.3. Push-билдирүү менен;

3.5.4. тастыктоосуз (эгерде Кардар тарабынан «RSK24» мобилдүү тиркемесинин жөндөгүчтөрүндө тиешелүү опция жөнгө салынган болсо).

3.6. Кардар Тутумдун жөндөгүчтөрүндө операцияларды тастыктоонун ыктарын SMS-билдирүү, коддук дата, электрондук почта боюнча бир жолку шарт белги, манжанын тагы түрүндөгү тастыктоону тандоо жолу аркылуу кол менен өзгөртө алат же операцияларды такыр тастыктабай коё алат.

3.7. Ушул келишимди түзүү менен Банк жана Кардар, Кардар тарабынан электрондук түрдө таризделген бардык банк операциялары юридикалык күчү боюнча Кардар жеке өзү колун койгон кагаздагы тиешелүү документтерге теӊдеш деп таанылганы жөнүндө, эгерде Кардар Банкка ушуга окшош операцияларды аныкталган тартипте жасоо үчүн жеке өзү кайрылгандай, макулдашууга келишти. Банк Кардар тарабынан демилгеленген жана Тутумда тастыкталган документтердин бүтүндүгүн жана нукуралыгын кепилдейт.

3.8. Кардар үчүнчү жактардын тастыктоого жетүүсү жана/же колдонуусу мүмкүн эместигин камсыздоого жана кепилдөөгө милдеттүү.

3.9. Кардар www.rsk.kg сайтында жайгаштырылган Коопсуздук боюнча сунуштар менен тааныштым деп күн мурун макул болот.

3.10. Кардардын уюлдук телефонунун номери – Кардар тарабынан  биринчи катталууда көрсөтүлгөн номер, ал ушул Келишимдин шарттарына ылайык Кардарга SMS-билдирүүнүн жардамы менен Кодду, ошондой эле Кардардын Тутумда операцияларды аткаруусуна тийиштүү башка маалыматтарды берүү үчүн колдонулат.

3.11. Ушул Келишим менен ар кандай Код Кардар тарабынан Тутумда демилгеленген бир операцияны гана тастыктоо үчүн Код катары аныкталат.

3.12. SMS-билдирүүдө берилген Коддун иштөө мөөнөтү 20 (жыйырма) мүнөттү түзөт, Кардарга SMS-билдирүүдө берилген Кодду өз убагында колдонууга жол бербей коюучу мүмкүн болгон тоскоолдор үчүн Банк жоопкерчилик тартпайт.

3.13. Кардардын уюлдук телефонунан (же тиешелүү SIM-картадан) маалыматтын жоголуусу, мыйзамсыз ээленүүсү, техникалык кармап калуу ж.б.у.с. бардык тобокелдер жана терс кесепеттер үчүн Кардар жоопкерчилик тартат.

3.14. Ар кандай үчүнчү жак Шарт белгини же Кодду укук ченемсиз колдонгон учурда, Банк мүмкүн болуучу кесепеттердин болушу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3.15. Кардар Шарт белгини жоготкон учурда, Кардар Тутумдун тиешелүү опциясын колдонуп, Шарт белгини (Логинди) өз алдынча калыбына келтирүү/өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мында Кардар Банк тарабынан орнотулган эрежелер боюнча идентификациялоодон өтүүгө тийиш. Жаӊылыш идентификациялоонун тобокелдерин жана терс кесепеттерин Кардар тартат.

3.16. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык Кардар тарабынан өз алдынча өзгөртүлгөн ар кандай жаӊы Шарт белги, ушул Келишим менен, шарт белги катары аныкталат. Мурдагы Шарт белги жараксыз болуп саналат.

3.17. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык Банк тарабынан Кардарга Коду бар SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн колдонулуучу Кардардын уюлдук телефонунун номери өзгөртүлгөн учурда, Кардар кечиктирбестен Банкка кайрылууга, жана Тутумдагы уюлдук телефондун номерин өзгөртүүгө жеке өзү арыз тариздөөгө, же болбосо Тутумдун өзүндө операцияны өз алдынча жүзөгө ашырууга милдеттүү. Мында Кардар Банк тарабынан орнотулган эрежелер боюнча идентификациялоодон өтүүгө тийиш. Жаӊылыш идентификациялоонун тобокелдерин жана терс кесепеттерин Кардар тартат. Уюлдук телефондун номери өзгөртүлгөнү жөнүндө Банкка аныкталган тартипте билдирбей койгондо, Кодду уруксатсыз колдонуу үчүн тобокелди жана бүткүл жоопкерчиликти Кардар гана тартат.

3.18. Кардар ийгиликтүү Верификация жүргүзгөн учурда гана Банк Кардарга Тутумга жетүүгө жол берет, ал Кардар туура Шарт белгини киргизген учурда гана ушундай деп эсептелет.

3.19. Кардар Тутумга жетүүнү кулптоону/ачууну демилгелөөгө укуктуу:

1) Банкка кайрылып жана Тутумга жетүүнү кулптоого Арызды жеке өзү тариздеп;

2) Банктын корпорациялык сайтында көрсөтүлгөн Банктын Байланыш борборуна кайрылып, жана Банктагы эсептин ээсинин «коддук сөзүн» атап. Мында Кардар Банк тарабынан орнотулган эрежелер боюнча идентификациялоодон өтүүгө тийиш. Жаӊылыш идентификациялоонун тобокелдерин жана терс кесепеттерин Кардар тартат.

3.20. Ушул Келишим менен аныкталган учурларда Кардардын демилгеси боюнча же Банктын демилгеси боюнча  Кардардын Тутумга жетүүсү кулптанган учурда, Кардардын Тутумга кирүүсүнө жана Шарт белгини колдонуу менен банк операцияларын демилгелөөсүнө тыюу салынган.

3.21. Кардар Банкка кайрылып жана Тутумга жетүүнү жабууга Арызды жеке өзү тариздеп, ушул келишимди үзүүнү жана Тутумга жетүүнү жабууну демилгелөөгө укуктуу. Мында Кардар Банк тарабынан орнотулган эрежелер боюнча идентификациялоодон өтүүгө тийиш. Жаӊылыш идентификациялоонун тобокелдерин жана терс кесепеттерин Кардар тартат. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер токтотулган учурда, Кардардын Тутумга жетүүсү токтотулат.

3.22. Кардарларды тейлөө үчүн телефондун номери: (312) 91 11 11, (775) 91 11 11, (552) 91 11 11.

  1. 4. Банк операциялары

4.1. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык Банк Кардар тарабынан Тутумдун жардамы менен демилгеленген/кол коюлган/түзүлгөн боло алуучу банк операцияларынын, макулдашуулардын, документтердин тизмесин аныктайт:

4.1.1. Банк аманаттары (депозиттер) боюнча, анын ичинде Кардардын банк карталарын колдонуу менен, операциялар;

4.1.2. Каражаттардын калдыктары жана жеткиликтүү суммалары жөнүндө маалыматты алуу;

4.1.3. Жүргүзүлгөн операциялар боюнча көчүрмөлөрдү алуу;

4.1.4. Банк аманаттары (депозиттер) боюнча улуттук жана чет элдик валюталарда, анын ичинде физикалык жактардын банк карталарын колдонуу менен банк ичинде акча каражаттарын которуулар;

4.1.5. Улуттук жана чет элдик валюталардагы банк аралык которуулар;

4.1.6. Чет элдик валютаны сатып алуу, сатуу жана бир чет элдик валютаны башкасына конвертациялоо;

4.1.7. Банктын төлөм тутумунун кызмат көрсөтүүлөрүн тапшыруучулардын пайдасына эсептерден төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу;

4.1.8. Банк аманаттары (депозиттер) боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, анын ичинде Кардардын банк карталарын колдонуу менен, sms-кабарлоолорду кошуу;

4.1.9. https://24.rsk.kg/ сайты аркылуу же «RSK24» мобилдүү тиркемеси аркылуу операцияларды жүргүзүүгө жетүүнү ачуу/жабуу;

4.1.10. Карталар боюнча өлкөлүк лимиттерге жетүүнү/өзгөртүүнү ачуу/жабуу;

4.1.11. Банк аманаты (депозит) боюнча жекече лимиттерди, анын ичинде банк карталарын колдонуу менен, орнотуу/өзгөртүү;

4.1.12. Кардардын байланышуу үчүн маалыматтарын өзгөртүү;

4.1.13. Тутумдун кызматтарына ылайык ж.б.

4.2. Кардардын демилгеси боюнча өзүнчө банк операцияларын демилгелөөдө жана жүргүзүүдө мындай операция Кардар тарабынан операциянын шаблону түрүндө сакталып коюлган боло алат. Андан кийин, ошого эле окшош операцияны демилгелөөдө, Кардар операциянын мурда сакталып коюлган шаблонун Кодду колдонуусуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

4.3. Кардар тарабынан демилгеленген банк операциясын Банк аны Кардар жасаган күндөн кийин келүүчү бир банктык күндөн кечиктирбей аткарат.

4.4. Төмөнкү жагдайлар бар болгондо (келип чыкканда) Банк банк операциясын токтотуп коюуга же Кардардын Тутумга жетүүсүн кулптап коюуга укуктуу болот:

4.4.1. Тутумду колдонуу менен алдамчылык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга шектенүү;

4.4.2. Маалыматтын уурдалышына, чыгышына, жоголушуна, жасалмаланышына, кулптанышына, маалыматты иштетүү жараянынын бурмаланышына же анын маршрутизациясынын аныкталган иретинин бузулушуна алып келген Тутумдун ишине уруксатсыз кийлигишүү;

4.4.3. Тутумдун ишине жана анын бүтүндүгүнө терс таасир кылуучу ар кандай программалык камсыздоону колдонуу;

4.4.4. Банк менен Кардардын ортосунда түзүлгөн ар кандай келишим боюнча Кардардын өз милдеттенмелерин начар жана/же өз убагында эмес аткаруусу;

4.4.5.  Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого (жууганга) каршы туруу маселелерин жөндөөчү Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Банктын талабы боюнча 3 (үч) банк күнү ичинде анын ишмердүүлүгүнө жана ал жүзөгө ашырып жаткан банк операцияларына тийиштүү маалыматты жана документтерди тааныштырбоо.

4.5. Төмөнкү учурларда Банк банк операциясын аткаруудан баш тартууга укуктуу:

4.5.1. Банк тарабынан Тутумдун иштөөсүн камсыздоо үчүн колдонулуучу жабдууну же программалык камсыздоону 24 (жыйырма төрт) саатка чейинки мөөнөттө – бул тууралуу Кардарга алдын ала кабарлоосуз мерчемсиз алмаштырууда, оӊдоодо, техникалык тейлөөдө. Банктын www.rsk.kg сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен Кардарга банк операцияларын аткаруудан баш тартуу жөнүндө алдын ала кабарлаган учурда – банк операцияларын аткаруудан баш тартуунун мөөнөтү тиешелүү билдирүү менен аныкталат;

4.5.2. Кардар тарабынан операцияны жасоодо кетирилген ката байкалганда, төлөмдүн туура эмес реквизиттери көрсөтүлгөндө ж.б.у.с., ошондой эле операция Келишимдин шарттарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык эмес болгон учурда.

4.6. Банк каалаган учурда өзүнүн кароосу боюнча жана өз демилгеси боюнча ушул Келишимди банк операцияларын жүзөгө ашыруу жаатында өзгөртө алат, төмөнкүнү сактоо шартында:

4.6.1. Эгерде Келишимдин Учурдагы (берилген операцияга карата) редакциясында башкасы түздөн-түз каралбаган болсо, ар кандай банк операциясын аткаруунун тартиби жана/же шарттары, ушул Келишимдин аны демилгелөө учуруна (мындан ары текст боюнча – Учурдагы (конкреттүү операцияга карата)) карата аракеттеги же иштеп жаткан редакциясында аныкталат.

4.6.2. Банк Банктын www.rsk.kg сайты аркылуу Келишимдин Учурдагы (конкреттүү операцияга карата) редакциясына жетүүнү камсыздайт.

4.7. Кардардын ушул Келишимде алдын ала каралган ар кандай банк операциясын демилгелөөсү төмөндө саналып өткөн бардык шарттар болгондо аткарылды деп эсептелет:

4.7.1. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык, Кардардын ийгиликтүү верификациясын жүзөгө ашыруу;

4.7.2. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык, Кардар тарабынан тиешелүү банк операциясынын бардык параметрлерин аныктоо;

4.7.3. Банктын Кардарды ийгиликтүү аутентификациялоону жүзөгө ашыруусу, ал Кардар тарабынан Коддун туура мааниси киргизилген учурда гана ушундай деп эсептелет.

4.8. Кардар Тутумдун жардамы менен ар кандай банк операциясын демилгелеп жатып, Келишимдин Учурдагы (конкреттүү операцияга карата) редакциясы менен таанышкандыгын тастыктайт, демилгеленип жаткан банк операциясын жүзөгө ашыруунун тартиби ага түшүнүктүү экенине макул болот.

4.9. Банк төмөндө көрсөтүлгөн шарттардын каалаганы болгондо Кардар тарабынан демилгеленген операцияны аткарбай коюуга укуктуу болот:

4.9.1. Кардардын банк эсебинде/эсептеринде тиешелүү операцияны жасоо үчүн каражаттар жетишсиз болсо;

4.9.2. Кардар тарабынан жасалып жаткан операциянын реквизиттери толук эмес (туура эмес) көрсөтүлсө, жасалып жаткан операция Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык келбесе;

4.9.3. Эгерде мындай акы төлөө Банктын Тарифтери жана/же түздөн-түз берилген Келишим менен алдын ала каралган болсо, Кардар Тутумга жетүүгө акы төлөөнү жүзөгө ашырбаса;

4.9.4. Ушул келишимде алдын ала каралган башка шарттар болгондо;

4.9.5. Техникалык мүнөздөгү көйгөйлөр бар болсо.

4.10. Ушул Келишим боюнча Кардардын акча милдеттенмелерин аткаруу мөөнөттөрү кирип келгенде, Кардар Банкка акча каражаттарын акча милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл өлчөмдө, кардардын Банкта ачылган каалаган эсептеринен өз алдынча чыгарып салууну тапшырат.

4.11. Ушул Келишимде алдын ала каралган банк операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Тарифтер, Банктын Тарифтери менен аныкталат да, Банктын www.rsk.kg сайтына жайгаштырылат, алар тиешелүү банк операциясын демилгелеген учурда иштешет.

4.12. Кардар Тутумдун жардамы менен каалаган банк операциясын демилгелөө аркылуу, Банктын ушундай операция жаатындагы ошондой демилгелөө учуруна карата иштеп жаткан Тарифтери менен таанышканын тастыктайт да, иштеп жаткан Тарифтерге ылайык банк операциясын жүзөгө ашырууга макул болот.

  1. 5. Тараптардын укуктары жана милдеттери

5.1. Банк милдеттүү:

1.1.1 Кардарга Интернет тармагы же мобилдүү тиркеме аркылуу Тутумга жетүүнү камсыздоого. 

1.1.2 Ушул Келишимдин шарттарына ылайык, ушул Келишимде алдын ала каралган учурларды кошпогондо, Кардар тарабынан Тутумдун жардамы менен демилгеленген операцияларды аткарууга.

1.1.3 Өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде Кардар жана анын Тутумда аткарылган жана/же демилгеленген операциялары жөнүндө маалыматтын жашыруундугун камсыздоого.

1.1.4  Ушул Келишим менен аныкталган Банктын Кардар тарабынан Тутумда аткарылган банк операциялары жаатындагы башка милдеттенмелерин аткарууга.

5.2. Кардар милдеттүү:

5.2.1. Тутумда иштеп жатканда «РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутуму аркылуу кызматтарды көрсөтүү эрежелеринин талаптарын сактоого (ушул Келишимге 1-тиркеме).

5.2.2. Ушул Келишимдин талаптарына ылайык келген техникалык түзүлүштөрдү жана программалык каражаттарды колдонуу менен, Тутумга жетүүнү камсыздоого.

5.2.3. Сыркары адамдар үчүн өзүнүн Логининин, Шарт белгисинин жана Кодунун жеткиликсиздигин камсыздоого.

5.2.4. Ушул Келишимдин 3-бөлүмүндө аныкталган параметрлерге же объектилерге үчүнчү жактардын жетүү алуусу же алуу мүмкүндүгү жөнүндө Банкка кечиктирбестен маалымдоого.

5.2.5. Тутумда иштеп жатканда ушул Келишимдин талаптарын аткарууга.

5.2.6. Ушул Келишимдин алкагында Банк тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга, ушул Келишимде аныкталган мөөнөттөрдө жана өлчөмдөрдө акы төлөөгө.

5.2.7. Ушул Келишим менен аныкталган Кардар тарабынан Тутумда аткарылган банк операциялары жаатындагы Кардардын башка милдеттенмелерин аткарууга.

5.3. Банк укуктуу болот:

5.3.1. Ушул Келишимдин шарттарын, ушул Келишимде аныкталган шарттарда, бир тараптуу ыраатта өзгөртүүгө.

5.3.2. Төмөндө саналып өткөн окуялардын бири болгондо Кардардын Тутумга жетүүсүн кулптап коюуга:

5.3.2.1. Шарт белгини киргизүүнүн катары менен 5 (беш) жолку ийгиликсиз аракеттерин аткаруу;

5.3.2.2. Банктын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөбөө;

5.3.2.3. Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык Кардардын эсебине чектөөлөр коюу/камакка алуу;

5.3.2.4. Кардардын кайрылуусунун/арызынын негизинде;

5.3.2.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын ала каралган башка учурларда.

5.3.2.6. Ушул Келишимдин 3-бөлүмүндө аныкталган милдеттенмелерди аткаруу шартында, алдын алуу же оӊдоо жумуштарын аткаруу максатында Тутумга жетүүнү кулптоо.

5.4. Кардар укуктуу болот:

5.4.1. Жуманын 7 (жети) күнүндө 24 (жыйырма төрт) саатта каалаган мезгилде өз каалоосу боюнча Тутумга жетүүнү жүзөгө ашырууга;

5.4.2. Тутумдун жардамы менен ушул Келишимдин талаптарына ылайык банк операцияларын демилгелөөгө;

5.4.3. Кардар тарабынан Тутумда аткарылган банк операциясын документтик тастыктоону Банктан талап кылууга.

  1. 6. Тараптардын жоопкерчилиги

6.1. Тараптар Келишим боюнча өз милдеттенмелерин начар аткаруусу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

6.2. Кардар Тутумга жетүү каражаттарынын (Логиндин, Шарт белгинин жана Коддун) сакталышы жана жашыруундугунун камсыздалышы үчүн, ошондой эле жетүү каражаттарын уруксатсыз колдонгон учурда же үчүнчү жактардын уруксатсыз операцияларынын аркасында пайда болуусу мүмкүн чыгашалар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

6.3. Эгерде мындай аткарбай коюу же начар аткаруу жеӊе алгыс күчкө ээ жагдайдын (форс-мажор) иш-аракетинен жаралган болсо, Тараптар ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай койгон же начар аткарган учурда жоопкерчиликтен бошотулушат. Жеӊе алгыс күчкө ээ жагдайлар болуп, ушул келишим түзүлгөндөн кийин болгон жана Тараптардын бири да акыл-эстүү ык менен алдын ала карай, болтурбай коё албаган өзгөчө жана берилген шарттарда артка кайткыс жагдайлар (табигый жана техногендик кырсыктар, куралдуу чыр-чатактар, массалык башаламандыктар, террористтик актылар ж.б.у.с.) саналат.

6.4. Жеӊе алгыс күчкө ээ жагдайлардан улам милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн эместиги түзүлгөн Тарап, башка Тарапка ошол жагдайлардын кирип келүүсү жана иш-аракетин токтотуусу жөнүндө он күндүн ичинде билдирүүгө тийиш. Жеӊе алгыс күчкө ээ жагдайлардын кирип келиши тиешелүү милдеттенмени аткаруунун мөөнөтүн, узактыгы кирип келген жагдайдын иш-аракетинин узактыгына ылайык келген мезгилге узартат.

6.5. Кардар тарабынан Тутумдагы банк операцияларынын туура эмес реквизиттери көрсөтүлгөндө, электрондук билдирүүлөр бурмаланганда, Банк тарабынан колдонулуучу программалык-техникалык каражаттар жана кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулуучу башка инфратүзүм (электр азыктануусун, байланыш тутумдарын кошо) бузулганда же аварияга учураганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын ала каралган башка учурларда, Банк ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюу же начар аткаруу үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Эгерде Кардар тарабынан Тутум колдонулганда, Кардар менен Банктын ортосунда берилип жаткан маалымат тыӊшоонун, кармоонун, программалык-техникалык каражаттарды бузуп кирүүнүн натыйжасында, ошондой эле Кардар тарабынан жетүү каражаттарын колдонуу тартибин бузуунун натыйжасында үчүнчү жактарга белгилүү болуп калган учурда (Банк коопсуздук жол-жоболорун сактоого ак ниеттүү күч-аракет жумшаган шартта), Банк жоопкерчилик тартпайт.

6.6. Ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай койгон же начар аткарган учурда жоопкерчиликтен бошотуучу жагдайлар болуп, ушул Келишим түзүлгөндөн кийин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары тарабынан өз компетенцияларынын чектеринде кабыл алынган, тиешелүү Тарап үчүн тиешелүү милдеттенмени аткарууну мүмкүн эмес кылган (тыюу салган) мыйзам актыларынын күчүнө кирүүсү да саналат.

6.7. Банк жоопкерчилик тартпайт:

6.7.1. Кардар тарабынан мындай жетүүнү жасоо үчүн Келишимдин талаптарына жооп бербеген техникалык жана программалык каражаттар колдонулган учурда, же Кардар тарабынан ушул Келишимдин талаптарына ылайык келбеген башка иш-аракеттер жасалган учурда, Тутумга жетүүнүн жоктугу же Тутумдун туура эмес иштөөсү үчүн.

6.7.2. Үчүнчү жактар ар кандай ык менен Логин жана Шарт белги жөнүндө маалыматты алышкан, бирок Кардардын түздөн-түз же этибарсыздыктан улам өз Шарт белгисин үчүнчү жактарга берүүсү жолу менен эмес, үчүнчү жактар Шарт белгини тапкан ж.б.у.с. учурда, Тутумга жетүүнүн жоктугу үчүн.

6.7.3. Үчүнчү жактар ар кандай ык менен Логин, Шарт белги жана/же Код жөнүндө маалыматты алышкан, бирок Кардардын түздөн-түз же этибарсыздыктан улам өз Логинин, Шарт белгисин жана/же Кодун үчүнчү жактарга берүүсү жолу менен эмес, үчүнчү жактар Логинди, Шарт белгини жана/же Кодду тапкан ж.б.у.с. учурда, үчүнчү жактардын жетүүнү жүзөгө ашыруусу жана/же банк операцияларын демилгелөөсү үчүн.

  1. 7. Келишимди үзүү

7.1. Банк бул тууралуу Кардарга Келишимди үзүүгө чейин эӊ аз7 (жети) банк күнү ичинде эӊ аз Тутумдун жардамы менен эскертип, ушул Келишимди каалаган учурда бир тараптуу ыраатта үзүүгө укуктуу болот.

7.2. Кардар бул тууралуу Банкка Келишимди үзүүгө чейин эӊ аз 7 (жети) банк күнү ичинде Банкка жеке өзү келип жана өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүп жазуу жүзүндөгү арызды тариздөө жолу менен эскертип, ушул Келишимди каалаган учурда бир тараптуу ыраатта үзүүгө укуктуу болот.

  1. 8. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби

8.1. Ушул Келишимдин шарттарын өзгөртүүдө жана/же толуктоодо, Тараптардын ушул Келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашуусуна төмөнкү ыраатта жетишилет:

8.1.1. Банк Келишимдин жаӊы редакциясын Интернет тармагында www.rsk.kg дареги боюнча сайтта жайгаштыруу жолу менен Кардарга анын шарттарын өзгөртүү жөнүндө офертаны жөнөтөт. 

8.1.2. Кардардын аныкталган тартипте Тутумга кирүүсү, Кардардын Тутумга ушундай кирүүсү учурунда иштеп жаткан Келишимдин шарттарынын акцепти болуп саналат, б.а. Кардардын Келишимдин шарттарын өзгөртүүгө макулдугу алынды деп эсептелет;

8.2. Кардардын Келишимдин шарттарын өзгөртүүгө жана толуктоого макул эместиги (акцепттен баш тартуу) 7 (жети) календарлык күн ичинде Кардар Банкка жеке өзү келип жана өздүгүн күбөлөндүрүүчү документин көрсөтүп тариздеген жазуу жүзүндөгү баш тартуусу жолу менен билдирилген боло алат.

  1. 9. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

9.1. Ушул Келишим боюнча пайда болуучу ар кандай талаш-тартыштар, сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.

9.2. Талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн эмес болгон учурда, талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык чечилет.

  1. 10. Банктын дареги жана реквизиттери

«РСК Банк» ААК

Кыргыз Республикасы

Бишкек ш., Жаш Гвардия бул., 38 «А»

БИК 129001

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутумунда физикалык жактардын Кардарларын банктык дистанттык тейлөө Келишимин түзүү жөнүндө офертага (сунушка) 1-тиркеме

«РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутуму аркылуу кызматтарды көрсөтүү эрежелери

  1. 1. Эрежелерде колдонулуучу терминдер

1.1. «Электрондук документ» (ЭД) – электрондук формада түзүлгөн, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматты камтыган жана электрондук кол менен күбөлөндүрүлгөн төлөм документинин түрү.

1.2. «Бир жолку SMS-шарт белги» – бул Кардарга SMS-билдирүүдө жөнөтүлүүчү бир жолку шарт белги. Ал бир жолу тутумга кирүүнү тастыктоо үчүн же операцияларды тастыктоо үчүн колдонулат.

1.3. «Кабарлоолор» – бул Кардарга Банк тарабынан уюлдук телефонго SMS-билдирүүлөр түрүндө жөнөтүлүүчү билдирүүлөр.

  1. 2. Эрежелердин предмети

2.1. Ушул Эрежелер Кардардын тутумга/бардык эсептерине кошууга Арызында көрсөтүлгөн (катталууну банктын түзүлүшү аркылуу демилгелеген Кардарлар үчүн), Банкта банк аманатын ачууга Келишим(дер) (мындан ары текст боюнча – «Банк аманаты келишими(дери)») боюнча ачылган жана «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутумун, анын ичинде мобилдүү версиясын (мындан ары текст боюнча – «Тутум») колдонуу менен тейлөөгө кошулган эсеп(тер) боюнча электрондук документтерди алмашуунун шарттарын жана алар менен операциялык иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн аныкташат.

2.2. Ушул Эрежелердин алкагында Банк Кардарга ушул Эрежелердин 4.1-п. алдын ала каралган кызмат көрсөтүүлөрдү/операцияларды берет.

2.3. Ушул Эрежелерге ылайык Банк тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү/операцияларды берүү  https://24.rsk.kg  дареги боюнча же Кардар тарабынан мобилдүү версия үчүн «RSK24» тиркемесин колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

  1. 3. ЭДди алмашууда маалыматты коргоо

3.1. Тараптар ушул Эрежелер боюнча алар колдонуучу Тутум маалыматты иштетүүдө, сактоодо, кабыл алууда жана берүүдө ишенимдүү жана майнаптуу ишти камсыздоо үчүн жетиштүү болуп саналарын таанышат.

3.2. Тараптар берилип жаткан ЭДдин бүтүндүгүн, нукуралыгын жана шифрленүүсүн камсыздоочу колдонулуп жаткан маалыматты коргоо тутумун, уруксатсыз жетүүдөн коргоо, ошондой эле ЭДдин нукуралыгын тастыктоо үчүн жетиштүү деп таанышат.

3.3. Ушул Эрежелердин алкагында маалыматты коргоо тутуму өзүнө камтыйт: Кардарга SMS-билдирүүдө жөнөтүлүүчү «Бир жолку шарт белгилерди».

  1. 4. Кардарды тейлөө тартиби жана ЭДди алмашуу шарттары

4.1. Банк Интернет глобалдык тармагына жетүүгө ээ болгон Кардарга, төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү/операцияларды берет:

- Банк ичиндеги төлөмдөр (бардык эсептер үчүн);

- Башка банктарга төлөмдөр;

- Валютаны конвертациялоо;

- Тутумга кошулган өз эсептеринин абалын ар күн сайын кароо мүмкүнчүлүгү;

- Чет элдик валютадагы акча которуулар;

- Кардарга тутум аркылуу жеткиликтүү болгон башка кызмат көрсөтүүлөр/операциялар.

4.2. Тараптар ЭД кагаздагы тиешелүү документтердин эквиваленти болуп саналарын, ал эми кыска мөөнөт жашоочу бир жолку SMS-шарт белгини колдонуу Кардар тарабынан аткарылуучу операциялардын тастыктамасы болуп саналарын жана Тараптар үчүн Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына, банк аманаты Келишимине(дерине) жана ушул Эрежелерге ылайык тийиштүү түрдө кагазда таризделген төлөм документтери өндүү эле бардык укуктар менен милдеттерди жаратышарын таанышат.

4.3. Банкта Тутум тарабынан «SMS-шарт белгиси» түзүлгөн учурдан тартып, Банк тарабынан Тутум боюнча алынган Кардардын «SMS-шарт белгиси» бар каалаган ЭД, Кардар тарабынан жөнөтүлгөн деп эсептелет да, ушул Эрежелерге ылайык аткарууга жатат.

4.4. Банк тарабынан берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө/операцияларга, Кардар операцияны жүргүзгөн учурга карата ушул Эрежелерде жана банк аманаты Келишиминде(деринде) алдын ала каралган шарттарда иштеп жаткан Банктын тарифтерине (мындан ары текст боюнча – «Тарифтер») ылайык акы төлөнгөн болууга тийиш.

4.5. ЭД Банк тарабынан банк күндөрүндө ушул Эрежелерге 1-тиркемеде аныкталган графикке ылайык кабыл алынат жана төлөнөт.

4.6. Форматы жана нукуралыгын күбөлөндүрүү жол-жоболору боюнча аныкталган талаптарга ылайык жүргүзүлгөн, бир жолку «SMS-шарт белгиси» же башка эквиваленттүү коргоо каражаттары менен тастыкталган электрондук төлөм документи, коюлуучу талаптарга ылайык күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү төлөм документтеринин юридикалык макамына барабар юридикалык макамга ээ болот да, соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары кабыл алынууга тийиш.

4.7. Накталай эмес формада эсептешүү кардар-төлөөчү үчүн төлөм документи Банк тарабынан аткарууга кабыл алынганы жөнүндө тастыктоону алган учурда чакырып алынгыс жана – төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды чыгарып салган учурда биротоло бүткөн болуп калат.

4.8. ЭДди кабыл алуу графиги өзгөртүлгөн учурда Банк бул тууралуу Кардарга жазуу жүзүндөгү билдирүү же тутум боюнча маалыматтык билдирүү жөнөтүү жолу менен кабарлоого милдеттенет. Кардарга кабарланган учурдан же билдирүүдө көрсөтүлгөн күндөн тартып, жаӊы график иштей баштайт.

  1. 5. Тараптардын укуктары менен милдететри

5.1. Банк милдеттенет:

5.1.1. Кардардын Тутум боюнча алынган, бир жолку «SMS-шарт белгиси» менен тастыкталган ЭДди аткарууга кабыл алууга.

5.1.2. Кардардын эсептери боюнча жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө банк сырын сактоого, жана алар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын ала каралган учурларда гана берүүгө.

5.2. Банк укуктуу:

5.2.1. Ушул Эрежелерге ылайык, Кардарга аларды кийирген күнгө чейин 10 (он) календарлык күн мурун Банктын, анын филиалдарынын же өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында же www.rsk.kg сайтында маалыматты илүү же Тутум боюнча маалыматтык билдирүү жиберүү жолу менен кабарлап, көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн тарифтерди бир тараптуу ыраатта жана өзүнүн кароосу боюнча өзгөртүүгө.

5.2.2. Каалаган учурда өзүнүн кароосу жана өзүнүн демилгеси боюнча банк операцияларын жүзөгө ашыруу жаатында ушул Эрежелерди өзгөртүүгө, төмөнкүнү сактоо шартында:

5.2.2.1. Ар кандай банк операциясын аткаруунун тартиби жана/же шарттары, аны Кардар демилгелеген учурда иштеп жаткан редакциясында ушул Эрежелер менен аныкталышат.

5.2.2.2. Банк өзүнүн www.rsk.kg сайты аркылуу алардын өзгөртүүлөрүн эске алуу менен Эрежелердин иштеп жаткан редакциясына жетүүнү камсыздайт.

5.2.3. Кардардын эсебинен/эсептеринен Тутумду колдонуу менен көрсөтүлгөн кызматтар үчүн сый акынын суммасын Банктын тарифтерине ылайык жана/же Банкка ушул Эрежелер боюнча берилген өз укугун ишке ашырып акцептсиз ыраатта чыгарып алууга, Кардардын Банктагы валюталык эсептеринде жаткан чет элдик валютаны, конвертациялаган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына конвертациялоого, жана ушул Эрежелер боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн эсебинен акча каражаттарын чыгарып алууга. Ага коюлган бардык талаптарды канааттандыруу үчүн эсепте/эсептерде акча каражаттары жетишсиз болгондо акча каражаттарын чыгарып алуу алардын түшүүсүнө жараша жүзөгө ашырылат.

5.2.4. Кардардан Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарында же/жана Банктын жоболорунда, эрежелеринде жана башка ички документтеринде аныкталган талаптарды бузуу менен таризделген ЭДди аткарууга кабыл албоого.

5.2.5. Эгерде Тараптар башка жөнүндө келишим кылышпаса, эсепте каражаттар жетишсиз болгон учурда Кардардын эсеби боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү/операцияларды жүзөгө ашырбоого.

5.2.6. Зарыл болгон учурларда Кардарга жазуу жүзүндөгү билдирүүнү же Тутум боюнча маалыматтык билдирүүнү жөнөтүү менен Кардардан кызмат көрсөтүүнү/операцияны 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбей жүзөгө ашыруу үчүн документти Кардардын колун коюп кагазда тариздөөнү талап кылууга. Мында Банк ЭДди мөөнөтү бүткөндөн кийин аткарууну жүргүзбөйт. Жогоруда көрсөтүлгөн учурларда төлөм Банк тарабынан алынган учурдагы күнү бар кагаз жүзүндөгү төлөм документинин негизинде жүргүзүлө турган болот.

5.2.7. Төмөнкү учурларда Кардарды тутумду колдонуу менен эсептик тейлөөнү токтотууга: Тутум менен иштөөдө техникалык бузуктар келип чыкканда – аларды жоюуга чейин; программалык камсыздоону алмаштырууда жана алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө – алар бүткөнгө чейин; ушул Эрежелерди колдонуу менен байланышкан талаш-тартыштуу кырдаал пайда болгондо – талаш-тартыш чечилгенге чейин.

5.2.8. Банк Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарында алдын ала каралган учурларда эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн бир тараптуу ыраатта баш тартууга укуктуу.

5.2.9. Банк Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарында алдын ала каралган учурларда, Кардардан операциянын мыйзамдуулугун жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктоочу документтерди көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу болот.

5.3. Кардар милдеттенет:

5.3.1. Өзүндө Интернетке чыгууга мүмкүнчүлүктү камсыздоочу программалык-техникалык каражаттардын барлыгын камсыздоого.

5.3.2. Тутумду колдонуунун бардык эрежелерин сактоого.

5.3.3. Өзүнүн эсеби боюнча ар кандай банк операциясын демилгелеп жатып, ушул Эрежелердин жана Банктын тарифтеринин аны жасоо учуруна карата иштеп жаткан, www.rsk.kg сайтына жайгаштырылган редакциялары менен таанышкан болууга.

5.3.4. Ушул Эрежелерге 2-тиркемеде келтирилген Тутумда иштөөдөгү Кардардын маалыматтык коопсуздугу боюнча сунуштарды жетекчиликке алууга.

5.3.5. ЭДди жөнөтүүдөн кийин Банктын берилген ЭДди алуу фактысын текшерүүгө. Алуу фактысы тастыкталбаганда – берилген ЭДдин Банк тарабынан алынбай калган себепти айкындоо үчүн Банкка суроо-талап менен кайрылууга.

5.3.6. ЭДди алмашуу жүргүзүүдө оӊ жана компьютердик вирустар жоктугу текшерилген жабдууда гана маалыматты иштетүү, сактоо жана коргоо тутумдарын колдонууга.

5.3.7. Бардык жашыруун маалыматтарды (Тутумга жетүүгө шарт белгини жана башка маалыматты) жашыруун сактоого жана үчүнчү жактарга бербөөгө.

5.3.8. Тутумга уруксатсыз жетүүнүн же уруксатсыз жетүү аракетинин байкалганы тууралуу Банкка токтоосуз билдирүүгө.

5.3.9. Банкка уюлдук/мобилдүү телефонун жоготуунун бардык учурлары жөнүндө токтоосуз жазуу жүзүндө билдирүүгө, оозеки билдирген учурларда (телефон боюнча, коддук сөздү билдирип) аны уюлдук/мобилдүү телефонду жоготкон учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде жазуу жүзүндө тастыктоого. Мында Тутумду колдонуу ушундай билдирүү келген учурдан баштап Кардардын Банкта жаӊы уюлдук/мобилдүү телефонунун номери катталганга чейин токтотулат.

5.3.10. Банктын талабы боюнча 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбей (ушундай талапты алган учурдан тартып) Банкка Тутумду колдонуу менен жүргүзүлгөн бардык төлөм документтерин, Кардардын колу менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндө берүүгө. Кардарда Банкка көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кайрылуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, Кардар алдын ала кол коюлуп тастыкталган документтерди электрондук түрдө жөнөтө алат, мында 1 (бир) айдан кечиктирбей аларды кагаз жүзүндө берүүгө милдеттенет.

5.3.11. Банк тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга иштеп жаткан Тарифтер боюнча акы төлөөгө.

5.3.12. Кардарды дистанттык тейлөө Тутумуна кошуу үчүн баштапкы төлөм Кардар тарабынан кызмат көрсөтүлгөн күнү Банктын Тарифтери менен аныкталган өлчөмдө төлөнөт.

5.3.13. Кардар Банктын талабы боюнча 3 (үч) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык операциянын (операциялардын) мыйзамдуулугун жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктаган документтерди берүүгө милдеттенет.

5.3.14. Кардар банктык эсептерди жана Банк тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды мыйзамга каршы максаттарда колдонбоого, анын ичинде кылмыштуу жол менен алынган каражаттарды адалдоого жана терроризмди каржылоого багытталган иш-аракеттерди/операцияларды жүзөгө ашырбоого милдеттенет.

5.4. Кардар укуктуу:

5.4.1. Ушул Эрежелерде алдын ала каралган тартипте жана шарттарда Тутумдун кызмат көрсөтүүлөрүнөн колдонууга.

5.4.2. Тутумга уруксатсыз жетүү же уруксатсыз жетүү аракети байкалган учурларда Банкка жазуу жүзүндөгү арыз менен, же Кардарды тийиштүү идентификациялоодо – Кардардын коддук сөздү билдирүүсүндө оозеки түрдө, кулптоо жөнүндө талап менен кайрылууга.

5.4.3. Тутумда алдын ала каралган лимиттерди өз алдынча аныктоого. Аныкталган лимиттен ашкан төлөмдөр, тутум тарабынан иштетилбейт.

5.4.4. Банкта ачылган бир нече эсептер барлыгында, алардын баарын же алардын айрым белгилүүлөрүн гана, Банкка тиешелүү арыз берип Тутум аркылуу тейлөөгө кошууга.

  1. 6. Тараптардын жоопкерчилиги

6.1. Ушул Эрежелер боюнча милдеттенмелерди аткарбоо же начар аткаруу үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык жоопкерчилик тартышат.

6.2. Кардар Тутумду колдонуу менен Банкка берилген бардык документтердин ишеничтүүлүгү жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.

6.3. Банк үчүнчү жактар тарабынан «SMS-шарт белгини» колдонуунун натыйжасында Кардарга келтирилген зыян үчүн, ошондой эле Кардардын Банктын нускамаларын аткарбоосунун же начар аткаруусунун натыйжасында Кардарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.

6.4. Банк Кардарга же үчүнчү жактарга таандык, Тутум менен иштөө жараянында колдонулуучу программалык-техникалык каражаттардын, байланыш каналдарынын тийиштүү кызмат өтөбөөсү үчүн жоопкерчилик тартпайт.

6.5. Банк Кардардын программалык-техникалык каражаттарынын же анын жабдуусунда сакталган маалыматтын зыянга учуроосу үчүн, ошондой эле Кардардын Тутумунун жана жабдууларынын вирустардан жана башка залал келүүлөрдөн коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

6.6. Эгерде Кардардын эсеби камакка алынган болсо же Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарында алдын ала каралган башка учурларда, Банк Кардар үчүн Тутумду колдонуу менен кызмат көрсөтүүнү/операцияны аткарбоосу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

6.7. Эгерде милдеттенмелерди аткарбоо жеӊе алгыс күчкө ээ жагдайлардын (форс-мажор): өрттүн, табият кырсыктарынын, электр өткөрүү сызыктарынын же коммуникациялардын зыянга учуроосунун, массалык башаламандыктардын, согуштук чыр-чатактардын, террористтик актылардын, өкмөт, мамлекеттик органдар тарабынан Тараптардын ушул Эрежелер боюнча милдеттенмелерин аткаруусуна таасир кылуучу ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынуусунун, тескемелердин, буйруктардын чыгарылышынын же башка администрациялык кийлигишүүнүн жана Тараптардын акыл-эстүү көзөмөлүнөн сырткары жагдайлардын кесепети болуп саналса, Тараптар ушул Эрежелер боюнча милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарбоо үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат.

  1. 7. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби

7.1. Ушул Эрежелерди аткаруудагы бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет. Эгерде Тараптар макулдашууга келе албаган учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте сот инстанцияларына кайрылышат.

  1. 8. Жыйынтыктоочу жоболор

8.1. Эсепти камакка алуу же Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарында алдын ала каралган башка чаралар, чектөөлөр алынганга чейин Тутумдун иштөөсүн кулптайт.

8.2. Тараптар Банктын Тутумду колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү/операцияларды жасоо жөнүндөгү электрондук маалымат булактарындагы маалыматтары талаш-тартыштарды чечүүдө далил болуп саналарын таанышат.

  1. 9. Тиркемелер

«РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутуму аркылуу кызматтарды көрсөтүү боюнча эрежелерге 1-тиркеме

Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун графиги:

 

Төлөмдүн аталышы

Төлөмдү жүргүзүү убактысы

  1.  

Пакеттик Клиринг Тутуму

9.00-12.00

  1.  

Эсептешүүлөрдүн гросстук тутуму

9.00-15.30

  1.  

СВИФТ (валюталар боюнча):

-   Теӊге (KZT)

-   Орус рубли (RUB)

-   АКШ доллары (USD)

-   Евро (EUR)

-   Кытай юаны Жэньминьби (CNY)

-   Англис фунт стерлинги (GBP)

 

9.00-14.00

9.00-15.30

9.00-16.00

9.00-16.00

9.00-13.30

9.00-15.30

  1.  

Конверсиялык операциялар

9.00-16.00

  1.  

Банк ичиндеги төлөмдөр

9.00-16.30


«РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутуму аркылуу кызматтарды көрсөтүү боюнча эрежелерге 2-тиркеме

Тутумда иштөөдөгү Кардардын маалыматтык коопсуздугу боюнча сунуштар

«РСК Банк» ААК сиздин акчаларыӊыздын жана жеке маалыматтарыӊыздын сакталышы үчүн баарын жасайт, жаӊы коркунучтарды иликтейт жана коргоону өркүндөтөт. Бирок керек десе эӊ ишенимдүү коопсуздук тутумдары да бизди этият болуу зарылдыгынан арылта албайт. Кичи пейилдикке, ушул жөнөкөй эрежелерди сактаӊыз.

«РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутумун, анын ичинде анын мобилдүү версиясын колдонуу боюнча эстеткич

Ушул Эстеткич https://24.rsk.kg/ сайты (мындан ары текст боюнча – интернет-банк) аркылуу «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутумунда (мындан ары текст боюнча – Тутум) жана RSK24 мобилдүү тиркемесин колдонуу менен анын мобилдүү версиясында (мындан ары текст боюнча – мобилдүү банк) иштөөнүн эрежелерин жөнгө салуучу «РСК Банк» ААКнун «Физикалык жактар үчүн интернет-кардар» тутуму аркылуу кызматтарды көрсөтүүлөр боюнча эрежелердин ажыргасы бөлүгү болуп саналат.

Ушул эстеткичтин сунуштарын сактоо акча каражаттарынын максималдуу сакталышын камсыздоого, ошондой эле Тутумда операцияларды жасоодо, жеке алсак, кызмат көрсөтүүлөрдүн тапшыруучуларынын (мобилдик операторлордун, интернет-провайдерлердин ж.б.у.с.) пайдасына төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда, Банктын ичинде да, башка насыялык уюмдарга да акча каражаттарын которууларда мүмкүн болуучу тобокелдерди азайтууга жол берет.

Тутумду колдонуунун мүмкүн болуучу тобокелдери:

- SMS-аутентификация усулун берүүнүн алкагында – сырткаркы адамдар тарабынан логин, шарт белги/убактылуу шарт белги, бир жолку шарт белги жөнүндө маалыматты уруксатсыз алуусу, анын ичинде Тутумга жетүү үчүн колдонулуучу, бир жолку шарт белгиси бар SMS-билдирүүлөрдү алуу үчүн колдонулуучу компьютердик каражаттын зыянкеч код/зыянкеч программалык камсыздоо жугузуп алуусунун натыйжасында, андан кийин тутумда операцияларды жасоо менен;

- программалык аутентификация усулун берүүнүн алкагында – сырткаркы адамдар тарабынан логин, шарт белги, активация коду жана/же ПИН-код жөнүндө маалыматты уруксатсыз алуусу, анын ичинде Тутумга жетүү үчүн колдонулуучу, бир жолку шарт белгилерди иштеп чыгуу үчүн колдонулуучу компьютердик каражаттын (мобилдүү түзүлүштүн) зыянкеч код/зыянкеч программалык камсыздоо жугузуп алуусунун натыйжасында, андан кийин тутумда операцияларды жасоо менен.

Колдонуучу Эстеткичтин төмөнкү талаптарын аткарууну камсыздоого милдеттүү.

  1. 1. Жалпы сунуштар

1.1. Тутумга кошулууда Банктан Тутумда аутентификацияны жүзөгө ашыруу үчүн алынган маалыматты: логинди, убактылуу шарт белгини, бир жолку шарт белгини, активация кодун, ошондой эле Колдонуучу түзгөн жана колдонгон шарт белгини, ПИН-кодду, манжанын тагын, коддук датаны жашыруун сактоо.

1.2. Интернет кызмат көрсөтүүлөрү жалпыга жеткиликтүү болуп саналган жайларда, жана/же жалпы өткөргүчсүз тармактарды, мисалы, Интернет-кафелерди, коомдук унааны, ашканаларды, кафелерди жана башка жайларды колдонуу менен Тутумга кирүүнү жүзөгө ашырбоо.

1.3. Тутумга кирүүгө чейин тутум менен иштөө жүзөгө ашырылуучу түзүлүш (компьютер, смартфон, планшет, телефон) вирустарды/зыянкеч программалык камсыздоону (ПК) жугузуп албаганына, лицензиялык антивирус программалык камсыздоосу орнотулганына жана ал иштеп жатканына, антивирустук базалар үзгүлтүксүз жана өз убагында жаӊыланып турарына, өчүрүлбөгөнүнө, лицензиянын иштөө мөөнөтү бүтпөгөнүнө ынануу.

1.4. Рут укуктар (ROOT, jailbraik) бар болгондо мобилдүү банк менен иштөөдөн баш тартуу. Биринчи кирүүдө, мобилдик банктын тиркемеси Android, Apple IOS операциялык тутумдары астында иштөөчү смартфонду, планшетти, телефонду рут укуктардын (root укуктар – бул анда телефон зыянкеч программалардын бузуп кирүүсүнө дуушарланган шарттам, анда сырткаркы программалар логинди, шарт белгилерди киргизүүнүн изин кубалай, транзакцияларды тастыктоо үчүн алынуучу SMSтердин изин кубалай жана жаман ойлууларга жөнөтө алат) барлыгына текшерет, эгерде телефондо рут укуктар бар болсо, колдонуучуга бул шарттамдын кооптуулугу тууралуу жана рут укуктарды өчүрүү сунушу бар билдирүү чыгат. Эгерде колдонуучу рут укуктар шарттамында тиркеме менен иштөөгө макул болсо, анда ал мүмкүн болуучу зыян (уруксатсыз төлөмдөр, акча которуулар ж.б.у.с) үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алат.

1.5. «Белгисиз булактардан тиркемелерди орнотууга уруксат кылуу» опциясы кошо орнотулган болсо мобилдүү банк менен иштөөдөн баш тартуу. Биринчи кирүүдө мобилдүү банктын тиркемеси Android, Apple IOS операциялык тутумдары астында иштөөчү смартфонду, планшетти, телефонду «белгисиз булактардан тиркемелерди орнотууга уруксат кылуу» опциясы – (бул анда телефон жаман ойлууларга логинди, шарт белгилерди киргизүүнүн изин кубалоого, транзакцияларды тастыктоо үчүн алынуучу SMSтердин изин кубалоого жана жаман ойлууларга жөнөтүүгө жардамдашуучу зыянкеч программалардын орнотулушуна дуушарланган шарттам) кошо орнотулганына текшерет, эгерде телефондо «белгисиз булактардан тиркемелерди орнотууга уруксат кылуу» опциясы кошо орнотулган болсо, колдонуучуга бул шарттамдын кооптуулугу тууралуу жана аны өчүрүү сунушу бар билдирүү чыгат. Эгерде колдонуучу «белгисиз булактардан тиркемелерди орнотууга уруксат кылуу» шарттамында тиркеме менен иштөөгө макул болсо, анда ал мүмкүн болуучу зыян (уруксатсыз төлөмдөр, акча которуулар ж.б.у.с) үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алат.

1.6. https://24.rsk.kg/ сайты аркылуу «Интернет-банк» тутумуна кирүүнү жүзөгө ашыруу үчүн виртуалдуу клавиатураны колдонуу сунушталат.

1.7. Тутумдан «Чыгуу» атайын баскычы менен чыгууну жүзөгө ашырбай туруп, тутумду кароосуз калтырбоо. Колдонуучу 5 (беш) мүнөт бою иш-аракетсиз болгон учурда, коопсуздук максатында Банк тутумду колдонуу сеансын автоматтык түрдө бүтүрөт. Колдонуучу тутумда аутентификацияны кайрадан жасоосу зарыл болот.

1.8. «Интернет-банк» тутумуна https://24.rsk.kg/ расмий сайтынан гана кирүү (барактын дареги толугу менен дал келүүгө тийиш, ар кандай белгиге чейин).

1.9. «Интернет-банк» тутумуна кирүүнү https://24.rsk.kg/ сайты аркылуу жүзөгө ашырууда, кошулуунун коопсуздугуна ынануу, браузердин дарек сабындагы кулпу символунун барлыгына чейин.

1.10. «Мобилдүү банк» тутумун колдонуу үчүн тиркемени сууруп алууну жана орнотууну тиркемелердин расмий дүкөндөрү (Google Play https://play.google.com, Apple AppStore https://appstore.com) аркылуу гана жүзөгө ашыруу. Тиркемелерди SMS-билдирүүлөрдөн шилтемелер же электрондук почта боюнча орнотпоӊуз, керек десе билдирүүдө ал Банктан экени ырасталса да.

1.11. «Мобилдүү банк» тутумун кошо орнотулган коргоо тутумдары менен, анын ичинде манжанын тагы боюнча активдештирилген кирүү кызматы, жалаӊ мобилдүү түзүлүштөргө, жекече колдонууга жатуучу, чогуу орнотуу, мындай мобилдүү түзүлүшкө жетүүнү шарт белги менен коргоо, мобилдүү түзүлүштү үчүнчү жактарга убактылуу колдонууга бербөө.

1.12. Жашыруун маалыматты (логинди, шарт белгини, бир жолку шарт белгини ж.б.у.с. маалыматты) сурашкан шектүү чалууларга жана социалдык тармактардан билдирүүлөргө, анын ичинде Банктын кызматкерлеринен жана алардын туугандарынан, жооп бербөө. Банк кардарларга эч качан бул өӊдүү өтүнүчтөр менен кайрылбайт.

1.13. Коопсуздук максатында, Тутумда шарт белгини өзгөртүүнүн үзгүлтүксүздүгүн кварталына 1 (бир) жолудан сейрек эмес каалаган башка, эстеп калууга ыӊгайлуусуна өзгөртүү сунушталат. Мурда жүргүзүлгөн кулптоонун себебинен улам, Тутумга жетүүнү жаӊыртуудан кийин да, Тутумга биринчи кирүүдө шарт белгини өзгөртүү жүргүзүү сунушталат.

1.14. Тутумга биринчи кирүүнү жүзөгө ашырууда убактылуу шарт белгини эстеп кала алуучу шарт белгиге өзгөртүү. Шарт белгини айына 1 (бир) жолудан сейрек эмес өзгөртүү сунушталат. Шарт белгилер катары баш тамгалар менен кичине тамгалардын жана сандардын татаал комбинациясын колдонуу зарыл. Шарт белгилер катары төмөнкүлөрдү колдонбоо керек:

- тамгалар менен сандардын жөнөкөй удаалаштыктарын (мисалы: Abc123, Qwerty789);

- телефондордун жана паспорттордун номерлерин;

- өзүӊүздүн жакын туугандарыӊыздын туулган күндөрүн жана ысымдарын;

- компьютерлердин, мониторлордун, сиздин айланаӊыздагы оргтехниканын жана сүйүктүү компаниялардын аталыштарын (мисалы: Apple123, Toyota111).

1.15. Уюлдук телефондо Банктан SMS-билдирүүлөр түрүндө алынган маалыматты сактабоо.

1.16.  SMS боюнча убактылуу шарт белгилерди/бир жолку шарт белгилерди алууда жөнөтүүчүгө көӊүл буруу. Банк билдирүүлөрдү абоненттерден - RSK Bankтан гана жөнөтөт.

1.17. Операцияларды жүргүзүүдө монитордун экранындагы которуунун/ төлөмдүн суммасын операцияны тастыктоо үчүн бир жолку шарт белги жөнөтүлгөн SMS-билдирүүдөгү маалымат менен салыштырыӊыз.

1.18. Банк тарабынан SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн катталган номер болуп саналган телефондун номери үчүн SIM-картанын иштөөсү капыстан токтоп калган учурда кулптоонун себебин айкындоо үчүн уюлдук байланыш операторуна токтоосуз кайрылуу (үчүнчү жактардын SIM-картанын дубликатын мыйзамсыз жасоосу мүмкүн). Зарылдыгы болгон учурда, Байланыш-борборго кайрылып, Тутумду кулптоону жүзөгө ашыруу.

1.19. Тутумду www.rsk.kg дареги боюнча Интернет тармагында Банктын расмий сайтында жайгаштырылган Банктын Эрежелерин жетекчиликке алып колдонуу.

1.20. Банктын Байланыш-борбору Билайндын, Мегакомдун жана Нуртелекомдун абоненттери үчүн +996 (312) 65 03 85 телефонунун номери же  9111 кыска номери боюнча күнү-түнү:

- аны Банктын Байланыш-борборунда Банкта аныкталган тартипте идентификациялоо жол-жобосун өтүү жана коддук сөздү колдонуу менен өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен шарт белгини (убактылуу шарт белгини) жоготуу жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алат. Эгерде Тутумду кулптоо жүзөгө ашырылган учурда, анда Банктын бөлүмүндө Тутумду ачкан учурга чейин Колдонуучуга убактылуу шарт белгини жөнөтүү жеткиликсиз болот. Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылганда да шарт белгини (убактылуу шарт белгини) өзгөртүү мүмкүн;

- логинди жоготуу жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алат. Логин жоготулган учурда Тутумга жетүү Колдонуучунун тескөөсү боюнча Байланыш-борбордо кулптанат. Эгерде сиз логинди унутуп калган учурда, анда учурдагы логин жөнүндө маалымат Колдонуучуга Банктын Байланыш-борборунда Банкта аныкталган тартипте идентификациялоо жол-жобосунан өтүү жана коддук сөздү колдонуу менен бериле алат. Тутумдун Эрежелерине ылайык, логин жөнүндө маалыматты алуунун башка ыктары да жеткиликтүү. Логинди өзгөртүү үчүн Колдонуучу Банктын каалаган бөлүмүнө логинди өзгөртүүгө арызды тариздөө үчүн кайрыла алат.

1.21. Кошумча коопсуздук чаралары:

-  Смартфонго ар кандай тиркемелерди орнотууда алар сурашкан ыйгарым укуктарга көӊүл буруӊуз. Эгерде тиркеме дарек китебин окууга, SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүүгө жана интернетке жетүүгө укуктарды сураса, өзгөчө сак болуӊуз – ал кооптуу болушу мүмкүн, жакшысы аны орнотпой эле коюӊуз.

-  Телефонду оӊдоого берип жатып, телефондон сим-картаны сууруп алууну унутпаӊыз, өз сим-карталарыӊызды үчүнчү адамдарга калтырбаӊыз. Сим-картаны клондоого, башкача айтканда сиздин номериӊизди алууга жана кийин мобилдүү банкта сиздин атыӊыздан операцияларды жүргүзүүгө болот.

1.21.1. Банк картасы – сиздин эсебиӊизге жетүүнүн ачкычы. Ага нак акчадай эле этият мамиле жасаӊыз. Өзүӊүздү алдамчылардын коопсуздандыруу үчүн, төмөнкү жөнөкөй сунуштарды аткарыӊыз:

- Картаны эч кимге бербеӊиз.

- Картаны сырткаркы адамдар жетпеген жерде сактаӊыз.

- Өз ПИН-кодуӊузду эч кимге айтпаӊыз жана жазбаӊыз.

- ПИН-кодду интернетте эч жерде киргизбеӊиз.

- Картаны кароосуз калтырбаӊыз жана эч кимге – официанттарга да, кесиптештерге да, туугандарга да бербеӊиз.

- Жалпыга жеткиликтүү компьютерлерден же акысыз Wi-Fiды колдонуу менен сатып алуулар жасабаӊыз – алдамчылар сиздин картанын маалыматтарын уурдап алуусу мүмкүн.

- Эгерде сиз картаӊызды жоготсоӊуз же, сиздин эсебиӊизге алдамчылар кол салып жатат деп шектенсеӊиз, аны шашылыш кулптаӊыз. Бул үчүн байланыш борборуна чалып коюӊуз.

- Сатып алуулар үчүн сиз бекем ишенген интернет-дүкөндөрдү гана тандап алыӊыз.

- ПИН-кодду кагазга, банк картасынын өзүнө, телефонго же компьютерге жазбаӊыз – аны жөн гана эстеп калыӊыз.

- ПИН-кодду эч кимге билдирбеӊиз. Керек болсо туугандарыӊызга жана банктын кызматкерлерине да.

- ПИН-кодду мезгили менен алмаштырып туруӊуз – 3 (үч) айда бир жолудан сейрек эмес.

1.21.2. Сак болуӊуз: алдамчылар көп учурда өзүн банктын кызматчысы деп тааныштырышат. Мисалы, сиздин уюлдук телефонуӊузга бейтааныш адам чалат, ал өзүн кардарларды колдоо же коопсуздук кызматынын адиси деп тааныштырат да, картанын реквизиттерин атооӊузду өтүнөт. Кээде ал банкоматка келүүнү жана шашылыш түрдө бир нече операцияны аткарууну өтүнөт. Анын сөзү боюнча, себеби өтө олуттуу: маалыматтар базасындагы жаӊылуу, картанын компрометациясы, алдамчылык коркунучу же ушул өӊдүү бир нерсе. Алдамчынын максаты – сизди коркутуу жана кырдаалды талдоого убакыт бербөө, ошондуктан ал сиз анын талабын болушунча ылдам аткарууӊузду көшөрө өтүнөт.

- Эгерде сиз сизге банктан чалып жатышканынан аз болсо да күмөн санасаӊыз, сүйлөшүүнү дароо токтотуӊуз да, картанын арткы бетине жазылган телефон боюнча банкка кайра чалыӊыз.

- Банктын кызматкерлери эч качан кардарлардан жашыруун маалыматтарды: картанын толук номерин, PIN- жана СVС-коддорун ж.б.у.с. атоону өтүнүшпөйт. Эгерде сизден ушул маалыматтарды сурашса, сиз менен алдамчы сүйлөшүп жатат.

- Банктын кызматкерлери эч качан карта менен активдүү операцияларды жасоону талап кылышпайт.

- Көӊүл буруӊуз, сиздин телефондо аныкталуучу төмөндө саналган номерлерден гана, банктын өнүмдөрүн жана кызматтарын сунуштап байланыш борборлорунан чалуулар түшүүсү мүмкүн:  (312) 91 11 11, (775) 91 11 11, (552) 91 11 11.

  1. 2. Дистанттык банктык тейлөө тутумдарын кантип коопсуз колдонуу керек

2.1. https://24.rsk.kg/аркылуу интернет-банкты кантип коопсуз колдонуу керек

Тутумга кирүү үчүн шарт белгини эч кимге билдирбеӊиз.  Керек болсо өз жакындарыӊызга жана банктын кызматкерлерине да.

Дарек сабы https:// префиксинен башталарына ынаныӊыз. Бул корголгон кошулуу орнотулганын туюнтат.

https://24.rsk.kg/расмий сайтын гана колдонуӊуз. Бир жолку шарт белгиси бар SMS-билдирүүдөгү операциянын реквизиттерин текшериӊиз. Эгерде реквизиттер дал келбесе, анда мындай шарт белгини киргизүүгө болбойт.

Антивирус колдонуӊуз. Компьютерди антивирус программасы менен толук текшерүүнү үзгүлтүксүз жасаӊыз. Антивирустук базаларды жана операциялык тутумду автоматтык түрдө жаӊылоону орнотуӊуз.

2.2. Мобилдүү банк SMS-сервисин кантип коопсуз колдонуу керек

Телефонго татаал шарт белги орнотуӊуз.  Антпесе алдамчылар сиздин акчаларыӊызга оӊой жетип алышат.

Эгерде телефонуӊузду жоготсоӊуз, банкка кайрылыныз. Жана  SMS-сервисти убактылуу кулптоону өтүнүӊүз. Андан кийин уюлдук оператордон өз сим-картаӊызды кулптап коюӊуз.

Эгерде капысынан сим-карта иштебей калса, өз байланыш операторуӊузга чалыӊыз да, себебин айкындаӊыз. Сизге алдамчылар кол салып жаткан болушу мүмкүн.

Эгерде сиз уюлдук телефонуӊуздун номерин алмаштырсаӊыз, банкка чалып коюӊуз. Эски номерден SMS-сервисти өчүрүү жана жаӊы номерге кошуу үчүн.

SMS-сервиске чоочун телефондорду кошпоӊуз. Керек десе сизден бул жөнүндө өздөрүн «банктын кызматкерлери» деп тааныштырышкан адамдар өтүнүшсө да.

  1. 3. Компрометация учурундагы Колдонуучунун иш-аракеттери

3.1. Компрометацияга шектенгенде (маалыматтын чыгуусуна шектенүүлөр пайда болгондо) же төмөнкүлөрдү жоготууда:

- логинди;

- шарт белгини (анын ичинде убактылуу шарт белгини);

- бир жолку шарт белгини;

- Колдонуучунун эсептик жазуусуна байланган түзүлүштү;

- ПИН-кодду;

- манжанын тагын;

- активация кодун;

- тастыктоо кодун;

- ошондой эле Тутумда Колдонуучунун макулдугусуз операция жасоо фактысы байкалганда, бирок Банктан ошондой операция жасоо жөнүндө билдирүү алган күндөн кийинки күндөн кечиктирбей, Колдонуучу Банктын Байланыш-борборуна же Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылып, токтоосуз Банкка тиешелүү билдирүү жөнөтүүсү зарыл.

3.2. Колдонуучудан ушул Эстеткичтин 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн ар кандай окуяны болуп өтүүсү жөнүндө маалымат алынганда, Банк токтоосуз Тутумду кулптоо жүргүзөт жана Колдонуучуга ошол окуя жөнүндө билдирет.

3.3. Эгерде Тутумду кулптоо Колдонуучунун демилгеси боюнча жүргүзүлгөн учурда, Тутумга жетүүнү ачуу үчүн, Колдонуучу кошууга арыз берүү үчүн Банктын каалаган бөлүмүнө өздүгүн күбөлөндүрүүчү документи менен кайрылуусу зарыл. Тутумду ачууда Банк тарабынан мурдагы логин жана жаӊы убактылуу шарт белги берилет.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>