«РСК Банк» ААК карталарынын пин-кодун алмаштыруу
Сиз үчүн ылайыктуу болгон пин-кодго алмаштырыңыз!
Картаны алып, пин-кодду эстеп калуу кыйын болуп жатабы?
Же сиздин пин-код башка бирөөлөргө билинип калып, өз акча каражаттарыңызды коопсуз кармайын деп жатасызбы?
“ПИН - кодду алмаштыруу” тейлөө кызматынан пайдаланыңыз - мында Visa, Mastercard жана Элкарт карта ээлерине биздин банкоматтарда акысыз тейленүүгө болот.
Пин-кодду кантип алмаштырууга болот?
- Банкоматка картаны салыңыз;
- Интерфейстеги тилдин бирөөсүн тандаңыз;
- Пин-кодду жазыңыз;
- Менюдагы “ПИН - кодду алмаштыруу” пунктун тандаңыз;
- Эски пин-кодду жазыңыз;
- Жаңы пин-кодду жазыңыз;
- Жаңы пин-кодду тастыктаңыз.
Мынакей, операция ийгиликтүү аягына чыкты.