Капчинин мааниси туура эмес ↓

РСК Банк сизге «Золотая Корона – Акча Которуулар» акча которуу системасын пайдаланууну сунуштайт. «Золотая Корона» акча которуулар системасы – Россияга, КМШ жана Алыскы чет өлкөлөргө тез, пайдалуу жана эсеп ачпастан көз ирмемде акча которуу мүмкүнчүлүгү. 

«Золотая Корона» акча которуу системасы деген эмне?

  1. Эсеп ачпастан акча которуулар.
  2. Акчанын жогорку ылдамдыкта которулушу. Которуулар on-line режиминде жүргүзүлөт, б.а. сиз которуу жөнөтүлөрү менен  эле  ала алсыз.
  3. Заманбап технологиялардын колдонулушу сиздин акча каражаттарыңыздын коопсуздугуна кепилдик берет.
  4. Акча которуу  ишинин жеңилдиги.
  5. Сиз Россиядан, КМШ аймактарынан жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн 50 миңден ашуун пункттарына  акча которо аласыз же  ала аласыз.
  6. Тейлөө кызматы үчүн акы (комиссия) которуунун суммасына, валютасына, жөнөтүүчүнүн жана алуучунун өлкөсүнө жараша,  которуусуммасынан 0 %.
  7. Которуулар рубль, АКШ доллары жана Евро валюталарында жүргүзүлөт.
  8. Сиз которууну Кыргыз Республикасынын калк жыш жайгашкан бардык пункттарынан,  бардык аймактарынан жөнөтө же ала аласыз. РСК Банктын жакынкы филиалын сиз ушул жерден табасыз.
  9. Акча которууну тейлөө иши тууралуу маалыматты Интернет аркылуу реалдуу убакыт режиминде алуу мүмкүндүгү.
  10. 10. Сиз акча которууну Сиздин каалооңуз боюнча (дарексиз акча которуулар) Системанын каалаган катышуучу банкынан ала аласыз. Акча которууда алуучунун өлкөсүн жана шаарын гана көрсөтүү керек, ал эми сиз которууну алуунун ыңгайлуу пунктун өзүңүз тандайсыз. 

Эскертүү: КНП –өтө жашыруун маалымат, ал которууну жөнөтүүчүгө жана алуучуга гана белгилүү болушу керек. 

Которууну жөнөтүүүчүн сиз:

  1. Банктын каалаган филиалына же аманат кассасына келишиңиз керек. Эгерде, сиз акча которууну дүйнөнүн башка өлкөсүнөн жөнөтүп жатсаңыз, анда  сиз «Золотая Корона» иштеп жаткан жакынкы пунктту табышыңыз керек.
  2. Өзүңүз менен бирге жеке өзүңүздү күбөлөндүрүүчү документ - паспорту - болушу керек. 
  3. Которуунун багытын көрсөтүшүңүз керек, алуучунун аты-жөнүн жана которуунун суммасын жазуу зарыл.

Эскертүү:

Которуунун максималдуу суммасы:

  • 600 000 рубль, же $20 000 же 15 000 евро.

 

  • Которууну алуу үчүн сиз:
  1. Эгерде, сиз которууну Кыргыз Республикасынын аймагынан ала турган болсоңуз, анда Сиз РСК>БАНКтын жакынкы филиалына же аманат кассасына келишиңиз керек. Эгерде, сиз которууну дүйнөнүн башка өлкөсүнөн ала турган болсоңуз, анда сиз «Золотая Корона» иштеген жакынкы пунктун табышыңыз керек. 
  2. Өзүңүз менен бирге жеке өзүңүздү күбөлөндүрүүчү документ - паспорт, чет өлкөгө чыга турган паспорт же ички иштер органдары тарабынан берилген жана негизги документ жогологондугун   же негизги документ кайра каттоодо тургандыгын тастыктоочу убактылуу күбөлүк болушу керек. 
  3. Которуунун номерин билдирүү.
  4. Которуунун суммасын билдирүү керек.
  5. Банктын кассасынан которуунун суммасын алуу (которулган акчаны алуучудан комиссия кармалбайт).

«Золотая Корона» системасын тейлөө кызматын тарифтери.

Кошумча маалымат алуу үчүн сайтка  https://koronapay.com же күнү-түнү иштей турган 8-800-200-7557 телефону боюнча кайрылыңыз. Россия боюнча телефон чалуу акысыз. 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>