Капчинин мааниси туура эмес ↓

«Юнистрим» акча которуу системасы Россияга, КМШ жана алыскы чет өлкөлөргө акча которууда пайдалуу, тез жана ыңгайлуу.

«Юнистрим» акча которуу системасы деген эмне?

  1. Эсеп ачпастан акча которуулар.
  2. Акча жогорку ылдамдыкта которулат, болгону 5 минутанын ичинде жүргүзүлөт.
  3. Заманбап технологияларды колдонуу сиздин акча каражаттардын коопсуздугуна кепилдик берет.
  4. Акча которууну тариздөөнүн жөнөкөйлүгү.
  5. Сиз акча которууну Россиядан, КМШнын аймактарынан жана Алыскы чет өлкөлөрдүн аймактарында жөнөтө же ала аласыз.

Сиз Россиядан, КМШ аймактарынан жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн 50 миңден ашуун пункттарына  акча которо аласыз же ала аласыз.

 Дүйнөнүн 70 ашык өлкөсүндө 65 000 ашык пункт бар.

  1. Тейлөө кызматы үчүн акы (комиссия) которуунун суммасына жана валютасына, которууну жөнөтүүчүнүн жана алуучунун өлкөсүнө жараша,  которуунун суммасынан 0.95 % дан жогору.
  2. Которуулар рубл, АКШ доллары жана Евро валюталарында жүргүзүлөт.
  3. Сиз которууну Кыргыз Республикасынын калк жыш жайгашкан бардык пункттарынан,  бардык аймактарынан жөнөтө же ала аласыз. РСК>БАНКтын жакынкы филиалын Сиз ушул жерден табасыз.

Которууну жөнөтүүүчүн сиз:

  1. Банктын каалаган филиалына же аманат кассасына келишиңиз керек. Эгерде, Сиз акча которууну дүйнөнүн башка өлкөсүнөн жөнөтүп жатсаңыз, анда Сиз «Юнистрим»дин жакынкы пунктун табышыңыз керек.
  2. Өзүңүз менен паспорт же КРдин мыйзамдарына ылайык жеке өзүңүздү күбөлөндүрүүчү документ болушу керек.
  3. Которуунун багытын көрсөтүү керек.
  4. Которууну алуучу тууралуу маалыматты көрсөтүү керек.
  5. Операционист  «Эсеп ачпастан которууга карата арыздын» электрондук түрдөгү бланкын толтурат жана аны текшерүү жана кол коюу үчүн Жөнөтүүчгө берет.
  6. Жөнөтүүчү колдонуудагы мыйзам тарабынан каралган башка маалыматтарды (эгерде, ал операция «... легалдаштырууга каршы иш-аракеттер тууралуу» Мыйзамына ылайык милдеттүү түрдө көзөмөлдөөгө жатса)  башка маалыматтарды  берүүгө милдеттүү.
  7. Которула турган сумманы жана колдонуудагы тарифтерге ылайык кызмат акысын төлөө үчүн кассага акчаны өткөрүү керек.
  8. Операционист которуунун контролдук номерин Сизге билдирет, аны которууну алуучуга билдирүү керек.

Которууну алуу үчүн сиз:

  1. Эгерде, Сиз которууну Кыргыз Республикасынын аймагынан ала турган болсоңуз, анда Сиз РСК>БАНКтын жакынкы филиалына же аманат кассасына келишиңиз керек. Эгерде, Сиз которууну дүйнөнүн башка өлкөсүнөн ала турган болсоңуз, анда Сиз «Юнистримдин» жакынкы пунктун табышыңыз керек. 
  2. Өзүңүз менен паспорт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке өзүңүздү күбөлөндүрүүчү документ болушу керек. 
  3. Которуунун контролдук номерин билүү керек.
  4. Операционист  «Эсеп ачпастан которулган акчаны алууга карата арыздын электрондук түрдөгү бланкты толтурат жана аны текшерүү жана кол коюу үчүн Алуучуга берет.
  5. Алуучу колдонуудагы мыйзам тарабынан каралган башка маалыматтарды (эгерде, ал операция «... легалдаштырууга каршы иш-аракеттер тууралуу» Мыйзамга ылайык милдеттүү түрдө көзөмөлдөөгө жатса)  башка маалыматтарды  берүүгө милдеттүү. 
  6. Банктын кассасынан которуунун суммасын аласыз (которулган акчаны алуучудан тейлөө акы (комиссия) кармалбайт).

Тарифтер

Юнистрим аркылуу акча жөнөтүү жана кабыл алуу үчүн тарифтер менен, сиз Банктын бөлүмүндө биле аласыз.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>