Бул башка банктагы алуучунун чет өлкө валютасындагы эсебине акча которуулар системасы. SWIFT которууларынын өзгөчөлүгү дүйнөнүн кайсы болбосун өлкөсүнө сиздин тандооңуздагы валютада каражаттарды которо алуу мүмкүндүгү .
SWIFT системасынын негизги артыкчылыктары төмөнкүлөр болуп саналат:
- дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ушул системанын иштеши
- акча каражаттарын суммасы боюнча чектөөсүз жөнөтүүгө болот
- акчаны жеке адамдардын жана уюмдардын пайдасы үчүн жөнөтүүгө болот
- бир нече валютада акча которуу мүмкүнчүлүгү:
- АКШ доллары (USD)
- Euro (EUR)
- Орус рубли (RUB)
- Казак тенгеси (KZT)
- англия фунт стерлинги (GBP)
- Кытай юань (CNY)
Өткөрүп берүү мөөнөтү 2-5 күн.
Сизди кызыктырган кайсы болбосун маалыматты сиз «РСК Банк» ААКнын сизге жакын бөлумүнөн алсаңыз болот.
Эл аралык SWIFT которуу үчүн, сиз төмөндөгүлөрдү берүүнүз зарыл:
- Жөнөтүүчүнүн инсандыгын ырастоочу документ (туп нуска)
- Чет өлкө акчаларын которуу үчүн банк маалыматы:
- Алуучу банктын аталышы
- SWIFT –-алуучу банктын коду, корреспонденттик эсептин номери
- Банк-корреспондент аталышы
- Банк-корреспонденттин шаары, өлкөсү
- SWIFT – - банк-корреспонденттин коду
- Алуучу тууралуу маалыматын көрсөтүү керек: эсебинин номери, аты-жөнү
- Төлөмдүн максатын
- Которула турган сумманы жазуу жана Банкка тейлөө акы (комиссия) төлөө.