Капчинин мааниси туура эмес ↓

UPTакча которуулар системасы жөнүндө

Uncostly Payment Transfer (UPT) - бул эсеп ачпастан эле дүйнөнүн 200 өлкөсүндө тез жана коопсуз эл аралык акча которуулар кызматы. UPTтин дүйнө жүзү боюнча 400 миңден ашык тейлөө пункттары жана Түркияда 14 миң тейлөө пункттары бар.

UPT Негизги артыкчылыктары:

  • которуу үчүн комиссия  - 0,5%дан  1,5%га чейин;
  • жөнөтүү валютасы: доллар, евро;
  • бат которуулар;
  • ар кайсы өлкөлөрдө кеңири өнөктөш тармагы.

Которуу үчүн сиздин аракеттер:

  • Банктын каалаган филиалына же сактык кассасына келүү керек. Эгер сиз акчаны дүйнөнүн башка өлкөсүнө которуп жатсаңыз, анда сиз UPT эң жакын пунктун табышыңыз керек.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүңүздүн паспортуңуз же сиздин ким экениңизди ырастоочу башка документиңиз болушу керек.
  • Которуу багытын көрсөтүү.
  • Которууну алуучу жөнүндө маалыматты көрсөтүү.
  • Банк адиси "Эсеп ачуусуз которууга арыз"  электрондук түрдөгү бланкты толтурат жана аны Жөнөтүүчүгө текшерүү жана кол коюу үчүн берет.
  • Жөнөтүүчү колдонуудагы мыйзамдарда каралгандан башка маалыматтарды берүүгө милдеттүү (эгерде бул операция "...легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө Мыйзамга ылайык милдеттүү түрдө контролдонууга тийиш болсо).
  • Которула турган сумманы кассага берүү жана колдонуудагы тарифтерге ылайык кызмат көрсөтүү үчүн төлөө.
  • Банк адиси сизге которуунун контролдук номерин айтат, ал жөнүндө которууну алуучуга билдирүү зарыл.

 

 

Которууну алуу үчүн сиздин аракетиңиз:

  • Эгерде сиз которулган акчаны Кыргыз Республикасынын аймагында алсаңыз, анда РСК>БАНКтын жакынкы филиалына же сактык кассасына келишиңиз керек. Эгер сиз которулган акчаны дүйнөнүн башка өлкөсүнөн алсаңыз, анда сиз жакынкы UPT пунктун табышыңыз керек.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүңүздүн паспортуңуз же ким экениңизди ырастоочу башка документиңиз болушу керек.
  • Которуунун контролдук номерин билүү керек.
  • Банк адиси "Эсеп ачуусуз которууга арыз"  электрондук түрдөгү бланкты толтурат жана аны Алуучуга текшерүү жана кол коюу үчүн берет.
  • Алуучу колдонуудагы мыйзамдарда каралгандан башка маалыматтарды берүүгө милдеттүү (эгерде бул операция "...легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө Мыйзамга ылайык милдеттүү түрдө контролдонууга тийиш болсо).
  • Которулган акча суммасын Банктын кассасынан алуу (которулган акчаны алуучудан комиссия алынбайт).

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>