Капчинин мааниси туура эмес ↓

Акча керекпи? Карыздан чарчадыңызбы? Айлык маянага чейин карыз албай туруңуз – акча керек болуп калса, кредиттик картаны пайдалана калыңыз!

45 күндөгү жеңилдик мөөнөтү сизге кредитти ашыкча төлөбөй эле пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет! Сиз үчүн биз кам көрөбүз!

Кредиттик карта – азыркы учурда ийгиликке жетишкен адамдын өз алдынча статуска ээ экендигин баса белгилей алган, универсалдуу төлөм каражаты.

Пайыздык чен - жылдык 28% же 0,0767% күнүнө (% натыйжалу - 0.0819 / 5000 сомго эсептелген).

 

Адаттагы керектөө кредитинен кредит картасынын негизги айырмачылыктарыэмнеде:

  • Негизги карызды төлөөнүн бекитилген графиги жок, кардар төлөмдү өзү тескей берет;
  • Ар дайым төлөнүшүнө жараша калыбына келип туруучу лимит;
  • Калыбына келип туруучу жеңилдик мөөнөтү - Банк бул мөөнөт ичинде кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздарды кармабайт. Жеңилдик мөөнөтү ссудалык карыз алынган күндөн тартып эсептелген 45 күндүк мөөнөт келип жеткенге чейинки убакыт аралыгында ссудалык карыз толугу менен төлөнгөн шартта гана эсепке алынат.
  • Кредитти берүү жана кредитти тариздөө боюнча кошумча чыгашалар үчүн төлөм (комиссия) жок;
  • Кыска мөөнөттө каралат;
  • Мобилдүүлүк – лимитти өлкөнүн кайсы болбосун банкоматтарында жана терминалдарында күнү-түнү пайдланууга болот

 

«Кредиттик карта»

1

Кредиттин максаты

Керектөө максатында

2

Картанын төлөм системасы

Mastercard, Visa

3

  • Максаттуу топ
 
эмгек акы долбоорлорунун катышуучулары

4

Кредиттин акчасы (валютасы)

Сом

5

Кредиттин суммасы

 10 000 сомдон –100 000 сомго чейин

6

Пайыздык чен

Жылдык 28% (НПЧ 31.03%)

жебин күнгө 0,0767% (сом менен)

7

Кредиттин мөөнөтү

2 жылга чейин

8

Кредитти берүү мөөнөтү

Калыбына келтирүү мөөнөтү (1 жылга чейин)

9

Камсыз кылуу

  • 10 000сомдон  – 50 000 сомго чейин – күрөөсүз жана кепилдиксиз:
  •  50 001 сомдон – 100 000 сомго чейин  - 1 адамдын кепилдиги

10

Негизги каражатты жана %% төлөө

Биринчи жылы – кошуп эсептелген пайыздарды ай сайын төлөө.

Экинчи жылы – негизги сумманы жана кошуп эсептелген пайыздарды  ай сайын төлөө.

11

Жеңилдетилген мөөнөт

45 күн

Жеңилдик мөөнөтү - Банк бул мөөнөт ичинде кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздарды кармабайт. Жеңилдик мөөнөтү ссудалык карыз алынган күндөн тартып эсептелген 45 күндүк мөөнөт келип жеткенге чейинки убакыт аралыгында ссудалык карыз толугу менен төлөнгөн шартта гана эсепке алынат.

  • Жеңилдик мөөнөтү товарлар/ кызмат көрсөтүүлөр үчүн биринчи жолу төлөнгөн,  келишимди бекиткенден кийин нак акча алынган же карыздык ссуданы толук төлөнгөн учурдан тартып башталат.

12

Банктын (төлөмү) комиссиясы

Банктын тарифтери боюнча

13

Айып пулдар/туумдар

Номиналдык пайыздык чендин өлчөмүндө

14

Талап кылынган документтердин тизмеги:

Жеке адамдар үчүн

  1. Карыз алуучунун жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү;
  2. Нике тууралуу күбөлүктүн / бузулгандыгы/ көз жумгандыгы тууралуу көчүрмөсү;
  3. Анык жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы жана үй-бүлө курамын көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу  органдан маалымкат;
  4. Ээлеген кызмат ордун, иштеген мезгил аралыгын, эмгек акысын жана 6 ай ичиндеги  бардык чегерүүлөрдү/ эмгек акы алуучулар үчүн эсептен көчүрмө менен иштеген жеринен маалымкат.

Жеке ишкерлер үчүн:

  1. Карыз алуучунун/жубайынын паспортунун көчүрмөсү;
  2. Нике тууралуу күбөлүктүн / бузулгандыгы/ көз жумгандыгы тууралуу көчүрмөсү;
  3. Анык жашаган жерин, үй-бүлөлүк абалын жана үй-бүлө курамын көрсөтүү менен, ыйгарым укуктуу органдан маалымкат;
  4. Ушул ай үчүн төлөгөндүгү тууралуу квитанция менен патенттин көчүрмөсү/Жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  5. Ишкердик (бизнес) ордуна карата документтердин көчүрмөсү (ижара келишими, укуктуулукту белгилөөчү жана тастыктоочу документтер);
  6. Бизнес таржымалы;
  7. Кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтер;
  8. Зарылчылыкка жараша, башка документтер.  

15

Кредитти төлөөнүн тартиби

 Нак жана нак эмес түрдө.

Кредитти толук мөөнөтүнөн эрте мөөнөтүн чектөөсүз, төлөм (комиссия) кармалбай төлөөгө болот.

17

Кошумча шарттар

Кредиттик таржымалынын бар экендигин жана сапатын милдеттүү текшерүү. Кредиттик таржымалды текшерүүгө кеткен чыгашаларды (Кредиттик комитеттин оң чечими болгондо) карыз алуучу өзү көтөрөт.

  •  

 * бир күнгө% (% натыйжалуу - 0.0819 / 5000 сомго эсептелген). 

 Тарифти бул жерден кароого болот.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>