Капчинин мааниси туура эмес ↓

 

 «Кут-конуш» кредит продукту (биринчи рынкто турак-жай сатып алуу)

 

№ п/п

Параметрлери

Шарттары

  1. 1.      

Кредиттин максаттуу тобу жана багыты

 

«МИК» ААК порталында катталган Мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары

  1. 2.      

Кредиттин багыты

Биринчи рынокто турак-жай сатып алуу:

- Акыркы 5 жыл ичинде курулган,

эч ким жашабаган (каттоодо эмес) жана мурда жеке адамдын ортосунда сатуу-сатып алуу объектиси болбогон.

- Сатуучу юридикалык жак да, жеке адам да боло алат.

 

  1. 3.      

Аймактык чектөөлөр

Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары

 

  1. 4.      

Кредит акчасы

- Кыргыз cому

 

  1. 5.      

Каржылоо булактары

- «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКсы аркылуу «KFW» тарабынан берилген каражаттар

 

  1. 6.      

Кредиттин шарттары

- Кредиттер 15 жылга чейин берилет

 

  1. 7.      

Каржылоонун максималдуу суммасы

24 000 (жыйырма төрт миң) еврого чейин же 30 000 (отуз миң) еврого чейин ипотекалык кепилдикти колдонуу шартында кредит алууга арыз берилген күнү Улуттук банктын курсу боюнча улуттук валюта эквивалентинде.

 

  1. 8.      

Сатып алына турган турак жайдын максималдуу баасы

Объекттердин наркы кредит алууга арыз берген күнү Улуттук банктын курсу боюнча улуттук валютанын эквивалентинде 30 000 евродон ашпоого тийиш.

 

  1. 9.      

Катышуучунун милдеттүү өздүк салымы

- сатып алына турган турак жайдын наркынын 20 (жыйырма) пайызынан кем эмес.

-Эгерде катышуучунун өздүк салымы жок болсо, анда сатылып алына турган турак-жайдын наркынын кеминде 20% өлчөмүндө кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөөнү берүүгө жол берилет.

- Катышуучунун өздүк салымы жетишсиз болгон учурда, сатып алына турган турак жайдын наркынын кеминде 10-20%ын жабуу менен ипотекалык кепилдик алууга жол берилет.

 

  1. 10.            

Пайыздык чен

Пайыздык чен - салыктарды кошкондо жылдык 8 (сегиз) пайыз.

 

  1. 11.            

Айып пулдар / Туумдар

Номиналдык пайыздык чен өлчөмүндө

 

  1. 12.            

Кредитти кимдер ала алат

- Карыз алуучунун үй-бүлөсүнүн максималдуу кирешеси балдардын бар-жогуна жана алардын санына карабастан 600 евродон ашпоого тийиш (ипотекалык кредитке арыз берген күнү Улуттук банктын курсу боюнча улуттук валютадагы эквивалентте).

Карыз алуучу төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

• Иш cтажынын жана/же ишкердик жана/же жеке чарбасы болушу (Жеке көмөкчү чарбалар).

• Жалпы иш стажынын болушу - 3 жылдан кем эмес же акыркы иштеген жеринде 12 айдан кем эмес иш стажы болсо, ушундай эле талап жеке ишкерлерге жана Жеке көмөкчү чарбасы барларга да тиешелүү.

• Кыргыз Республикасынын аймагында карыз алуучунун, жубайлардын биринин жана карыз алуучунун балдарынын өзүнүн жеке турак-жайынын жок болушу жана турак-жай боюнча акыркы 3 жыл ичинде бүтүмдөрдүн болбошу.

• Карыз алуучу Ош жана Бишкек шаарларында жашабашы жана иштебеши керек, ошондой эле турак жайды Ош жана Бишкек шаарларында сатып алууга тыюу салынат. Сатып алына турган турак жай иштеген жеринен 60 километрден ашпаган радиуста жайгашууга тийиш.

• Субкарыз алуучунун үй-бүлөсү 1 адамдан кем болбоого тийиш;

• Толук эмес үй-бүлөдө балдары жок, бирок ата-энесинин бири/ата-энеси менен жашаган субкарыз алуучуларга катышууга уруксат берилет.

• Жаш курагы – 21 жаштан 65 жашка чейин (кредитти төлөө учурунда график боюнча жаш курагы 65 жаштан ашпашы керек).

• Банктын карыз алуучусу төлөөгө жөндөмдүү болууга, кирешелери Улуттук банктын талаптарына жана Банктын ички ченемдик документтерине ылайык келиши керек;

  • Эгерде кардардын кредиттик таржымалы 30 же андан ашык күнгө кечиктирилген болсо, анда мындай арыздар четке кагылат.

 

  1. 13.            

Камсыздандыруу

Ипотекалык кредитти төлөөнүн бүткүл мезгилинин ичинде ипотекалык кредиттин бүткүл калдыгы боюнча жоготуу же бузулуу тобокелинен күрөө кармоочунун пайдасына карыз алуучу тарабынан камсыздандырылууга тийиш. Мында камсыздандыруу суммасы ипотека менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн (суммасынан) кем болбоого тийиш.

Ипотекалык турак жай «Мамлекттик Камсыздандыруу Уюму” ААКда камсыздандырылат.

 

  1. 14.            

Кредиттөө объекттери

Объекттер биринчи рынокто сатылып алынат:

 • Батирлер куруучудан же үлүш ээсинен.

 • Турак жайлар куруучудан (жеке адам же юридикалык жак), башкача айтканда, окуялардын хронологиясы боюнча сатуучу жер тилкесин сатып алып, турак жай куруп, аны ишке киргизип, сатат.

 • Көп кабаттуу үйлөрдө батирдин жалпы аянтына талаптар:

 - батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпашы керек.

 • Турак-жайлардын аянтына карата талаптар:

  - Турак жайдын жалпы аянты 150 чарчы метрге чейин.

 • сатылып алына турган турак жайдын 1 кв.м. наркы 80 000 сомдон ашпашы керек.

 • Ипотекалык турак-жайды сатып алуу-сатуу бүтүмү тике ээсинин катышуусу менен жүргүзүлүүгө тийиш, ишеним кат аркылуу бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат (менчик ээси юридикалык жак болуп саналган учурлардан тышкары). *

 • Ипотекалык объектти баалоо Банктын кызматкерлери тарабынан Банктын ички ченемдик документтерине ылайык жүргүзүлөт.

 • Ипотекалык объекттин иш жүзүндөгү абалы укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтерге ылайык келүүгө тийиш (б.а., ипотекалык объектке тиешелүү бардык өзгөртүүлөр мыйзамга ылайык таризделүүгө тийиш).

 • Ипотекалык кредиттин предмети бүткөрүлүп, ыңгайлуу жашоо үчүн минималдуу шарттарды камтышы, техникалык паспорту жана тиешелүү мамлекеттик органдарда катталган курулуш объектисин колдонууга берилген актысы болушу керек.

 

  1. 15.            

Кредит боюнча камсыздоо

- Сатылып алына турган кыймылсыз мүлк.

- Төлөө жөндөмдүүлүгүн эсептөөдө карыз алуучунун кирешеси гана эске алынат.

Бирок, эгерде карыз алуучу ипотекалык кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары 1ден кем эмес кепилди көрсөтсө, Банк сатылып алына турган турак-жайда карыз алуучу менен чогуу жашай турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесин эске ала алат.

 

  1. 16.            

Төлөмдөрдүн жана айып пулдардын түрлөрү жана өлчөмү

Администрация иштерине төлөм - 0%

Кредитти жарым-жартылай/толук мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн айып пулдар - 0%

Ипотекалык кепилдикти берүү үчүн комиссия - 2%

 

  1. 17.            

Төлөө графиги

Төлөө графиги ай сайын, аннуитеттик төлөмдөр боюнча негизги сумма жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө.

 

  1. 18.            

Тиешелүү  документтердин тизмеси

Ипотека ала тургандардан:

• Карыз алуучунун/кепилдин паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Карыз алуучунун/кепилдин нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Паспортторунун же балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Карыз алуучунун/кепилдин жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат.

• Акыркы 12 айдагы эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат, бул уюмдагы/ишканадагы (карыз алуучу/кепил) ээлеген кызматын жана иш тажрыйбасын көрсөтүү менен.

• Эгерде кирешенин булагы коммерциялык ишмердүүлүк болсо, анда катышуучуда жеке ишкер катары Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк же ишкердик жүргүзүүгө патент (акыркы 12 ай ичинде) болушу керек.

• Мамлекеттик салык кызматынан катталган датасын көрсөтүү менен маалымкат (кеминде акыркы 12 ай).

• Мамлекеттик салык кызматынын салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат (ЖИ күбөлүк менен иштегендер үчүн).

• Мамлекеттик каттоодон акыркы 3 жылда кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдүн бар/жоктугу жөнүндө маалымкат (менчик укугу жөнүндө маалымкат) (карыз алуучу жана үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде жашы жете элек балдар боюнча).

• Зарылчылыкка жараша кошумча документтер.

Ипотека объекти боюнча:

• Ипотека предметине укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтер. (Текшерүү үчүн көчүрмөлөр жана түп нускалар).

• Мамлекеттик каттоодон оорлотуулардын бар же жок экендиги жөнүндө көчүрмө.

• Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдүн хронологиясы боюнча Мамлекеттик каттоодон көчүрмө (экинчи рыноктогу турак жай үчүн).

• Мүлктүн учурдагы ээсинин (сатуучунун) паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Зарылчылыкка жараша кошумча документтер.

  1. 19.            

Кредиттергемониторинг жана администрлөө

Кредитке мониторинг Банктын ички ченемдик документтерине ылайык жүргүзүлөт.

  1. 20.            

Шарттарды өзгөртүү жана реструктуризациялоо

Жол-жобо Банктын ички ченемдик документтерине ылайык, күрөө предметин алмаштырууну кошпогондо.

 

  1. 21.            

Карыз алуучунун чыгашалары

Ипотекалык кредитти алуу боюнча келишимдерди тариздөө жана каттоо менен байланышкан чыгымдар.

Камсыздандыруу чыгымдары.

Кредиттик таржымалды жана сапатын текшерүүгө кеткен чыгымдар.

«Кепилдик фонд» ААКнын ипотекалык кепилдигин баштапкы төлөм катары пайдалануу үчүн комиссиялар.

 

 «Бек – устун» кредит продукту(Кийин реконструкциялоо менен экинчи рынокто

үй сатып алуу)

№ п/п

Параметрлери

Шарттары

  1. 1.      

Кредиттин максаттуу тобу жана багыты

«МИК» ААК порталында катталган Мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары

 

  1. 2.      

Аймактык чектөөлөр

Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары

 

  1. 3.      

Кредиттин багыты

Кийин реконструкциялоо менен экинчи рынокто турак-жай сатып алуу (турак-жайдын аянтын чоңойтуу же анын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу гана).

 

  1. 4.      

Кредиттин акчасы

- Кыргыз cому

 

  1. 5.      

Каржылоо булагы

- «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКсы аркылуу «KFW» тарабынан берилген каражаттар

 

  1. 6.      

Кредиттөө мөөнөтү

-Кредиттер 15 жылга чейин берилет

-Реконструкциялоонун максималдуу мөөнөтү реконструкциялоого каражаттар берилген күндөн тартып 12 ай.

 

  1. 7.      

Каржылоонун максималдуу суммасы

24 000 (жыйырма төрт миң) еврого чейин же 30 000 (отуз миң) еврого чейин ипотекалык кепилдикти колдонуу шартында кредит алууга арыз берилген күнү Улуттук банктын курсу боюнча улуттук валюта эквивалентинде.

 

  1. 8.      

Сатылып алынуучу турак- жайдын максималдуу наркы

Объекттердин наркы кредит алууга арыз берген күнү Улуттук банктын курсу боюнча улуттук валютанын эквивалентинде 30 000 евродон ашпоого тийиш.

 

  1. 9.      

Катышуучунун милдеттүү өздүк салымы

- Реконструкциялоо менен сатып алына турган турак жайдын наркынын 20 (жыйырма) пайызынан кем эмес.

- Эгерде катышуучунун өздүк салымы жок болсо, анда сатылып алынган турак-жайдын наркынын кеминде 20% өлчөмүндө кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөөнү берүүгө жол берилет.

- Катышуучунун өздүк салымы жетишсиз болгон учурда, сатып алына турган турак жайдын наркынын кеминде 10-20%ын жабуу менен ипотекалык кепилдик алууга жол берилет.

 

  1. 10.            

Пайыздык чен

Пайыздык чен - салыктарды кошкондо жылдык 8 (сегиз) пайыз.

  1. 11.            

Айып пулдар/Туумдар

  • В случае превышения сроков реконструкции (более 12 месяцев) начисляется штраф в размере 100 сом за каждый день просрочки.

• Төлөмдөр өз убагында аткарылбаган учурда номиналдык пайыздык чендин өлчөмүндө туумдар кошуп эсептелинет.

• Реконструкциялоонун мөөнөттөрү  (12 айдан ашык) ашкан учурда кечиктирилген ар бир күн учун 100 сом өлчөмүндө  айып пул кошуп эсептелинет.

 

  1. 12.            

Реконструкциялоотүрлөрү

Реконструкциялоо - бул турак-жайдын аянтын жана/же анын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу.

Өзгөртүүлөрдүн төмөнкү түрлөрүнө жол берилет:

• Турак-жайга карата кошумча бөлмөлөрдү кошуу;

• Ички кайра пландаштыруу;

• Чатырды алмаштыруу;

• Терезелерди алмаштыруу;

• Тышкы дубалдарды жана/же чатырларды жылуулоо/изоляциялоо;

• Жылытуу/вентиляция/муздатуу системасын алмаштыруу/модернизациялоо;

• Энергиянын кайрадан иштетилип чыгарылуучу булактарын орнотуу;

• Санитардык камсыздоолордун орнотулушу (сан узел).

Эгерде реконструкциядан кийин объекттин (аянттын) мүнөздөмөлөрү өзгөрсө, анда өзгөртүүлөрдү ошого жараша тариздөө зарыл. Ошондой эле объектти кайрадан баалоо керек.

  1. 13.            

Кредиттөө субъекти

· Карыз алуучунун үй-бүлөсүнүн максималдуу кирешеси балдардын бар-жогуна жана алардын санына карабастан 600 евродон ашпоого тийиш (ипотекалык кредитке арыз берген күнү Улуттук банктын курсу боюнча улуттук валютадагы эквивалентте).

· Карыз алуучу төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

• Иш стажынын жана/же ишкердик жана/же жеке чарбасынын болушу (Жеке көмөкчү чарбалар).

• Жалпы иш стажынын болушу - 3 жылдан кем эмес же акыркы иштеген жеринде 12 айдан кем эмес иш стажы болсо, ушундай эле талап жеке ишкерлерге жана Жеке көмөкчү чарбасы барларга да тиешелүү.

• Кыргыз Республикасынын аймагында карыз алуучунун, жубайлардын биринин жана карыз алуучунун балдарынын өзүнүн жеке турак жайынын жок болушу жана турак-жай боюнча акыркы 3 жыл ичинде бүтүмдөрдүн болбошу.

• Карыз алуучу Ош жана Бишкек шаарларында жашабашы жана иштебеши керек, ошондой эле турак жайды Ош жана Бишкек шаарларында сатып алууга тыюу салынат. Сатып алына турган турак жай иштеген жеринен 60 километрден ашпаган радиуста жайгашууга тийиш.

• Субкарыз алуучунун үй-бүлөсү 1 адамдан кем болбоого тийиш;

• Толук эмес үй-бүлөдө балдары жок, бирок ата-энесинин бири/ата-энеси менен жашаган субкарыз алуучуларга катышууга уруксат берилет.

• Жаш курагы – 21 жаштан 65 жашка чейин (кредитти төлөө учурунда график боюнча жаш курагы 65 жаштан ашпашы керек).

• Банктын карыз алуучусу төлөөгө жөндөмдүү болууга, кирешелери Улуттук банктын талаптарына жана Банктын ички ченемдик документтерине ылайык келиши керек;

  • Эгерде кардардын кредиттик таржымалы 30 же андан ашык күнгө кечиктирилген болсо, анда мындай арыздар четке кагылат.
  1. 14.            

Камсыздандыруу

Ипотекалык кредитти төлөөнүн бүткүл мезгилинин ичинде ипотекалык кредиттин бүткүл калдыгы боюнча жоготуу же бузулуу тобокелинен күрөө кармоочунун пайдасына карыз алуучу тарабынан камсыздандырылууга тийиш. Мында камсыздандыруу суммасы ипотека менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн (суммасынан) кем болбоого тийиш.

 

Ипотекалык турак жай «Мамлекттик Камсыздандыруу Уюму” ААКда камсыздандырылат.

  1. 15.            

Кредиттөө объектилери

Объекттер экинчи рынокто сатылып алынат:

  • Көп кабаттуу үйлөрдө батирдин жалпы аянтына талаптар:

  - батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпашы керек.

• Турак-жайлардын аянтына карата талаптар:

  - Турак-жайдын жалпы аянты 150 чарчы метрге чейин.

• сатылып алына турган турак жайдын 1 кв.м. наркы 80 000 сомдон ашпашы керек.

• Ипотекалык турак-жайды сатып алуу-сатуу бүтүмү тике ээсинин катышуусу менен жүргүзүлүүгө тийиш, ишеним кат аркылуу бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат (менчик ээси юридикалык жак болуп саналган учурлардан тышкары).*

• Ипотекалык объектти баалоо Банктын кызматкерлери тарабынан Банктын ички ченемдик документтерине ылайык жүргүзүлөт.

• Ипотекалык объекттин иш жүзүндөгү абалы укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтерге ылайык келүүгө тийиш (б.а., ипотекалык объектке тиешелүү бардык өзгөртүүлөр мыйзамга ылайык таризделүүгө тийиш).

 

  1. 16.            

Кредит боюнча камсыздоо

- Сатылып алына турган кыймылсыз мүлк.

- Төлөө жөндөмдүүлүгүн эсептөөдө карыз алуучунун кирешеси гана эсепке алынат.

Бирок, эгерде карыз алуучу ипотекалык кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары 1ден кем эмес кепилди көрсөтсө, Банк сатылып алынатурган турак-жайда карыз алуучу менен чогуу жашай турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесин эске ала алат.

  1. 17.            

Төлөмдөрдүн жана айып пулдардын түрлөрү жана өлчөмү

Администрация иштерине төлөм - 0%

Кредитти жарым-жартылай/толук мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн айып пулдар - 0%

Ипотекалык кепилдикти берүү үчүн комиссия - 2%

  1. 18.            

Төлөө графиги

Төлөө графиги ай сайын, аннуитеттик төлөмдөр боюнча негизги сумма жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө.

  1. 19.            

Тиешелүү документтердин тизмеги

 Ипотека субъекти боюнча:

• Карыз алуучунун/кепилдин паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Карыз алуучунун/кепилдин нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Паспортторунун же балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Карыз алуучунун/кепилдин жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат.

• Акыркы 12 айдагы эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат, бул уюмдагы/ишканадагы (карыз алуучу/кепил) ээлеген кызматын жана иш тажрыйбасын көрсөтүү менен.

• Эгерде кирешенин булагы коммерциялык ишмердүүлүк болсо, анда катышуучуда жеке ишкер катары Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк же ишкердик жүргүзүүгө патент (акыркы 12 ай ичинде) болушу керек.

• Мамлекеттик салык кызматынан катталган датасын көрсөтүү менен маалымкат (кеминде акыркы 12 ай).

• Мамлекеттик салык кызматынын салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат (ЖИ күбөлүк менен иштегендер үчүн).

• Мамлекеттик каттоодон акыркы 3 жылда кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдүн бар/жоктугу жөнүндө маалымкат (менчик укугу жөнүндө маалымкат) (карыз алуучу жана үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде жашы жете элек балдар боюнча).

• Зарылчылыкка жараша кошумча документтер.

Ипотека объекти боюнча:

Реконструкциялоо долбоору жана курулуш иштеринин сметасы, зарыл болгон учурда Банк бул долбоорду архитектуранын жергиликтүү аймактык органдары менен макулдашууну талап кыла алат.

• Ипотека предметине укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтер. (Текшерүү үчүн көчүрмөлөр жана түп нускалар).

• Мамлекеттик каттоодон оорлотуулардын бар же жок экендиги жөнүндө көчүрмө.

• Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдүн хронологиясы боюнча Мамлекеттик каттоодон көчүрмө (экинчи рыноктогу турак жай үчүн).

• Мүлктүн учурдагы ээсинин (сатуучунун) паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Зарылчылыкка жараша кошумча документтер.

Каржылоо этаптары:

· Банк кредиттин максималдуу мүмкүн болгон суммасын бекитет, андан кийин карыз алуучу бекитилген кредиттин суммасынын чегинде турак-жайды сатып алууга жана реконструкциялоого долбоордук-сметалык документтерди даярдайт.

· Сатып алына турган турак-жайды реконструкциялоо долбоорун сунуштагандан кийин, зарыл болгон учурда жергиликтүү аймактык архитектура органдары тарабынан жактырылгандан кийин Банк этап менен каражаттарды бөлөт:

· Турак-жай сатып алуу үчүн 1-транш;

· Сатып алынган турак-жайды реконструкциялоого 2-транш.

· Реконструкциялоо толук аяктагандан кийин, зарылчылыкка жараша, карыз алуучу үйдү пайдалана баштайт.

· Объект кайра баалангандан кийин.

· Объекттин техникалык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле укук белгилөөчү жана/же укук тастыктоочу документтер өзгөргөн учурда тиешелүү каттоодон өткөрүү менен кошумча келишимдерди түзүү зарыл.

  1. 20.            

Кредиттерди мониторингдөө жана администрирлөө

Кредитке мониторинг Банктын ички ченемдик документтерине ылайык жүргүзүлөт.

  1. 21.            

Шарттарды өзгөртүү жана реструктуризациялоо

Жол-жобо Банктын ички ченемдик документтерине ылайык жүргүзүлөт, күрөө предметин (ипотеки предмети) алмаштырууну кошпогондо.

 

  1. 22.            

Карыз алуучунун чыгашалары

Ипотекалык кредитти алуу боюнча келишимдерди тариздөө жана каттоо менен байланышкан чыгымдар.

Камсыздандыруу чыгымдары.

Кредиттик таржымалды жана сапатын текшерүүгө кеткен чыгымдар.

«Кепилдик фонд» ААКнын ипотекалык кепилдигин баштапкы төлөм катары пайдалануу үчүн комиссиялар.

 

«Ашар»кредит продукту

 (Жеке турак-жайды куруу)

№ п/п

Параметрлер

Мазмуну

  1. 1.      

Максаттуу тобу

«МИК» ААК порталында катталган Мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары

 

  1. 2.      

Кредиттин багыты

Жеке үйлөрдү куруу (этап-этабы менен куруу).

 

  1. 3.      

Аймактык чектөөлөр

Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары

 

  1. 4.      

Кредит акчасы

- Кыргыз cому

 

  1. 5.      

Каржылоонун максималдуу суммасы

24 000 (жыйырма төрт миң) еврого чейин же 30 000 (отуз миң) еврого чейин ипотекалык кепилдикти колдонуу шартында кредит алууга арыз берилген күнү Улуттук банктын курсу боюнча улуттук валюта эквивалентинде.

 

  1. 6.      

Турак жайдын максималдуу баасы

Объекттердин наркы кредит алууга арыз берген күнү Улуттук банктын курсу боюнча улуттук валютанын эквивалентинде 30 000 евродон ашпоого тийиш.

 

  1. 7.      

Каржылоо булактары

- «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКсы аркылуу «KFW»  тарабынан берилүүчү каражаттар

 

  1. 8.      

Кредиттөө мөөнөттөрү

- Кредиттер 15 жылга чейин берилет

- Турак-жай имаратын куруу мөөнөтү курулушка биринчи транш берилген күндөн тартып 18 айдан ашпайт.

 

  1. 9.      

Ипотекалык кредитти камсыздоо

- Жер тилкеси

- Курулуш этабында - курулуштун ар бир этабынан кийин кайра бааланган кредиттик объект (кайра баалоо курулуш этабы бүткөрүлгөн жана мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлгөн учурда болот).

- Курулуш аяктагандан кийин - жер тилкеси бар турак-жай имараты (толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилиши керек).

- жер тилкесинин өтүмдүүлүгү төмөн болгон учурда үчүнчү жактардан кыймылсыз мүлк түрүндөгү кошумча күрөөнү кабыл алуу сунушталат.

  1. 10.            

Пайыздык чен

Пайыздык чен - салыктарды кошкондо жылдык 8 (сегиз) пайыз.

  1. 11.            

Айып пулдар/Туумдар

  • Төлөмдөр өз убагында аткарылбаган учурда номиналдык пайыздык чендин өлчөмүнө туумдар кошо эсептелинет.
  • Курулуш жана эксплуатацияга берүү мөөнөтүнөн ашып кеткен учурда (18 айдан ашкан) кечиктирилген ар бир күн үчүн 100 сом өлчөмүндө айып пул кошо эсептелет.
  1. 12.            

Өздүк салым

-  Долбоордук-сметалык документтердин суммасынан -20 (жыйырма)% (алгачкы төлөмдү эсептөөдө, эгерде тастыктоочу документтер (квитанциялар, чектер) бар болсо, долбоордук-сметалык документтердин чыгымдарын), ошондой эле, мурда сатып алынган же катышуучунун өзүнүн колунда болгон курулуш материалдары (эгерде бул материалдар сметалык документацияга ылайык келсе) эсепке алууга болот.

-Эгерде катышуучунун өздүк салымы жок болсо, турак-жай курулушунун наркынын 20% кем эмес өлчөмүндө кыймылсыз мүлк түрүндөгү кошумча күрөөнү берүүгө жол берилет.

-Эгерде катышуучунун өздүк салымы жетишсиз болсо, анда турак-жай курулушунун наркынын 10-20%дан кем эмесин жабуу боюнча Ипотекалык кепилдиктин берилишине жол берилет.

- Төлөө жөндөмдүүлүгүн эсептөөдө карыз алуучунун кирешелери гана эсепке алынат.

Бирок, эгерде карыз алуучу ипотекалык кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары 1ден кем эмес кепилди сунуштаса, Банк сатып алына турган турак-жайда карыз алуучу менен чогуу жашай турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесин эсепке ала алат.

- Карыз алуучунун өзүнө тиешелүү жер тилкесинин милдеттүү түрдө болушу.

 

  1. 13.            

Кредиттөө субъекттери

- Карыз алуучунун үй-бүлөсүнүн максималдуу кирешеси балдардын бар-жогуна жана алардын санына карабастан 600 евродон ашпоого тийиш (ипотекалык кредитке арыз берген күнү Улуттук банктын курсу боюнча улуттук валютадагы эквивалентте).  

Карыз алуучу төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

- Иш стажынын жана/же ишкердик жана/же жеке чарбасы болушу (Жеке көмөкчү чарбалар).

 - Жалпы иш стажынын болушу - 3 жылдан кем эмес же акыркы иштеген жеринде 12 айдан кем эмес иш стажы болсо, ушундай эле талап жеке ишкерлерге жана Жеке көмөкчү чарбасы барларга да тиешелүү.

- Кыргыз Республикасынын аймагында карыз алуучунун, жубайлардын биринин жана карыз алуучунун балдарынын өзүнүн жеке турак -жайынын жок болушу жана турак-жай боюнча акыркы 3 жыл ичинде бүтүмдөрдүн болбошу.

- Карыз алуучу Ош жана Бишкек шаарларында жашабашы жана иштебеши керек, ошондой эле, турак-жайды Ош жана Бишкек шаарларында сатып алууга тыюу салынат. Сатып алына турган турак-жай иштеген жеринен 60 километрден ашпаган радиуста жайгашууга тийиш.

- Субкарыз алуучунун үй-бүлөсү 1 адамдан кем болбоого тийиш;

- Толук эмес үй-бүлөдө балдары жок, бирок ата-энесинин бири/ата-энеси менен жашаган субкарыз алуучуларга катышууга уруксат берилет.

- Жаш курагы – 21 жаштан 65 жашка чейин (кредитти төлөө учурунда график боюнча жаш курагы 65 жаштан ашпашы керек).

- Банктын карыз алуучусу төлөөгө жөндөмдүү болууга, кирешелери Улуттук банктын талаптарына жана Банктын ички ченемдик документтерине ылайык келиши керек;

- Эгерде кардардын кредиттик таржымалы 30 же андан ашык күнгө кечиктирилген болсо, анда мындай арыздар четке кагылат.

 

  1. 14.            

Ипотекаобъектин камсыздандыруу

Ипотекалык кредитти төлөөнүн бүткүл мезгилинин ичинде ипотекалык кредиттин бүткүл калдыгы боюнча жоготуу же бузулуу тобокелинен күрөө кармоочунун пайдасына карыз алуучу тарабынан камсыздандырылууга тийиш. Мында камсыздандыруу суммасы ипотека менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн (суммасынан) кем болбоого тийиш.

Ипотекалык турак-жай «Мамлекттик Камсыздандыруу Уюму” ААКда камсыздандырылат.

 

  1. 15.            

Тиешелүү  документтердин тизмеги

Ипотека субъекти боюнча:

• Карыз алуучунун/кепилдин паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Карыз алуучунун/кепилдин нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

• Паспортторунун же балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы).

·Карыз алуучунун/кепилдин жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат.

• Акыркы 12 айдагы эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат, бул уюмдагы/ишканадагы (карыз алуучу/кепил) ээлеген кызматын жана иш тажрыйбасын көрсөтүү менен.

• Эгерде кирешенин булагы коммерциялык ишмердүүлүк болсо, анда катышуучуда жеке ишкер катары Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк же ишкердик жүргүзүүгө патент (акыркы 12 ай ичинде) болушу керек.

• Мамлекеттик салык кызматынын салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат (ЖИ күбөлүк менен иштегендер үчүн).

·Мамлекеттик салык кызматынан катталган датасын көрсөтүү менен маалымкат (кеминде акыркы 12 ай).

·Мамлекеттик каттоодон акыркы 3 жылда кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдүн бар/жоктугу жөнүндө маалымкат (менчик укугу жөнүндө маалымкат) (карыз алуучу жана үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде жашы жете элек балдар боюнча).

Зарылчылыкка жараша кошумча документтер.

Курулуш объекти боюнча (курулуш башталганга чейин):

Жер участогуна укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтер.

• Мамлекеттик реестрден оорчулуктун бар же жок экендиги жөнүндө көчүрмө.

Курулуш объекти боюнча (курулуш учурунда):

Турак-жай имаратын куруу боюнча бекитилген долбоор (анын ичинде турак-жай курууга уруксат документи).

• Долбоорго ылайык турак-жай куруунун сметасы.

• Банктын кызматкерлери курулуш объектисин текшерип, курулуштун ар бир этабында ипотекалык каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө акт түзүшөт.

Курулуш объекти боюнча (курулуш аяктагандан кийин):

• Бүткөрүлгөн турак жайдын техникалык паспорту.

• Колдонууга берүү документтери.

Курулуп жаткан объектке минималдуу талаптар:

• жумшалган жумуштарды жана материалдарды эсепке алуу менен 1 кв.м максималдуу баасы 80 000 сомдон ашпоого тийиш.

• Курулуп жаткан турак-жайдын максималдуу жалпы аянты 200 кв.м ашпоого тийиш.

 

  1. 16.            

Төлөм графиги

- Курулуш мезгилинде, иш жүзүндө алынган суммага, негизги сумманы кайтарбастан, транштар боюнча кошуп эсептелген пайыздар жылдык 8 (сегиз) % өлчөмүндө төлөнөт.

- курулуш аяктагандан кийин турак-жай курууга берилген бардык транштар 180 (жүз сексен) айга чейинки мөөнөткө, ай сайын негизги сумманы жана аннуитеттик төлөмдөргө чегерилген пайыздарды жабуу боюнча кайра каржыланат.

 

  1. 17.            

Турак-жай курулушунун этаптары

  • ·Катышуучу талап кылынган документтердин толук пакетин бергенден кийин, Банк ипотекалык кредитке арызды кабыл алат.
  • ·Банк кредиттин максималдуу мүмкүн болгон суммасын бекитет, андан кийин карыз алуучу бекитилген кредиттин суммасынын чегинде турак-жай курууга долбоордук-сметалык документтерди даярдайт.
  • ·Турак-жай имаратын куруу боюнча жактырылган долбоор берилгенден кийин Банк турак-жай имаратын курууга каражаттарды этап менен бөлөт.
  • ·1-этап. Пайдубалын орнотуу жана тиешелүү иштери үчүн каражаттарды берүү.
  • ·2-этап. Дубалдарды тургузуу үчүн каражаттарды берүү.
  • ·3-этап. Полдорду жана шыптарды бүткөрүүгө каражаттарды берүү.
  • ·4-этап. Жасалгалоо жана курулушту аяктоо үчүн каражаттарды берүү.
  • ·Курулуш толук аяктагандан кийин кардар жергиликтүү аймактык архитектура органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда үйдү колдонууга берилишин камсыздоосу керек.
  • ·Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү аймактык өкүлчүлүгүндө даяр турак-жайды каттоо жол-жобосун жүргүзөт, турак-жайга техникалык паспорт алат.
  • ·Андан кийин бул документтер Банкка берилет. Банк, өз кезегинде, берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерге ылайык турак-жайды кайра баалайт, юридикалык экспертиза жүргүзөт, аны Банктын Кредит Комитетинин (КК) кароосуна берет, андан кийин КК оң чечими чыккан учурда, кредитти кайра каржылайт.
  • ·Турак-жай имаратына күрөө келишими түзүлгөндөн жана Банк ага карата тыюу салгандан кийин каржылоо объектиси каржылоонун суммасына камсыздандырылууга тийиш. Камсыздандыруу милдеттенмелердин суммасынын калдыктары үчүн жыл сайын жүргүзүлүүгө тийиш.

 

  1. 18.            

Кредиттергемониторинг жана администрлөө

 

Кредитке мониторинг Банктын ички ченемдик документтерине ылайык жүргүзүлөт.

  1. 19.            

Шарттарды өзгөртүү жана реструктуризация

 

Жол-жобо Банктын ички ченемдик документтерине ылайык, күрөө предметин алмаштырууну кошпогондо.

  1. 20.            

Төлөмдөрдүн жана айып пулдардын түрлөрү жана өлчөмү

Администрация иштерине төлөм - 0%

Кредитти жарым-жартылай/толук мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн айып пулдар - 0%

Ипотекалык кепилдикти берүү үчүн комиссия - 2%

 

  1. 21.            

Карыз алуучунун чыгашалары

Долбоордук-сметалык документтерди түзүүгө жана даярдоого кеткен чыгымдар.

Ипотекалык кредитти алуу боюнча келишимдерди тариздөө жана каттоо менен байланышкан чыгымдар.

Камсыздандыруу чыгашаларын  карыз алуучу өзү көтөрөт.

Кредиттик таржымалды жана сапатын текшерүүгө кеткен чыгымдар (КК оң чечим чыгарганда).

«Кепилдик фонд» ААКнун ипотекалык кепилдигин баштапкы төлөм катары пайдалануу үчүн комиссиялар.

 

 

 

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>