Капчинин мааниси туура эмес ↓

Көптөн бери жеңилдетилген шарттар боюнча турак үй сатып алууну кыялданып жүрөсүзбү?

«РСК Банк» ААКы «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКы менен биргеликте «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында төмөнкү багыттарда ипотекалык насыяларды берүүнү жаңыртты:

  • «Жеңилдетилген ипотека» турак үй сатып алууга жана индивидуалдуу турак үй курууга
  • «Жеткиликтүү ипотека» турак үй сатып алууга жана индивидуалдуу турак үй курууга

 

«Жеңилдетилген ипотека» - «Турак үй сатып алуу»

Параметрлери

Шарттары

  1. 1.        

Насыялоо мөөнөтү

Максималдуу мөөнөтү – 25 жыл

  1. 2.        

Каржылоонун максималдуу суммасы

Бир субъектке 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин.

  1. 3.        

Пайыздык чен

- Зайымчы баштапкы төгүмдү сатып алган турак үйүнүн баасынан 10%дан кем эмес өлчөмдө аткарган шарттарда 4% (төрт)  (НПЧ 4,07%дан тарып) (баштапкы төгүм жок болсо зайымчынын же үчүнчү жактардын кыймылсыз мүлкү түрүндө кошумча күрөө көрсөтүлүшү мүмкүн).

  1. 4.        

Насыялоо субъекттери

«МИК» ААКынын электрондук порталында катталган, төмөнкү критерийлерге дал келүүсү зарыл болгон Ипотекалык программалардын катышуучуларын каржылоо:

- өзүнүн турак үйү жок.

- ипотека алуу үчүн арыз менен кайрылууга чейин акыркы 3 жылда турак фондунун кыймылсыз мүлкү менен кандайдыр бир жарандык бүтүмдөрдүн жоктугу (зайымчыда жанан башка үй-бүлө мүчөлөрүндө, анын ичинде жашы жете элек балдарында);

- аныкталган тартипте жашоо үчүн жараксыз деп аныкталган турак жайда, аныкталган тартипте авариялык абалда турган жана бузууга же реконструкциялоого жаткан көп батирлүү үйдөгү турак жайда жашагандар – ээленген турак жайдын көлөмүнө карабастан.

- эмгек стажы – акыркы жумуш ордунда 1 жылдан кем эмес же жалпы стаж 2 жылдан кем эмес.

- Банктын зайымчысы төлөөгө жөндөмдүү болуп, кирешелери КРУБдун талаптарына жана Банктын ички ченемдик документтерге дал келиши керек;

Насыя тарыхы

- эгер кардардын насыя тарыхында 30 же андан ашык күнгө кечигүүлөр болсо, мындай арыздар кабыл алныбайт.

Кошумча шарттар:

- Ипотекалык насыялар боюнча ипотекалык күрөө документтери чыгарылышы керек.

  1. 5.        

Кредиттөө объекттери

  • Ипотекага сатып алынуучу объект эмгек ишин аткаруу орду боюнча 60 километрден ашык эмес радиуста жайгашуусу керек
  • Көп батирлүү үйлөрдөгү батирдин жалпы аянтына болгон талаптар:

                 - Батирдин жалпы аяянты 80 чарчы метрден ашпашы керек

  • Турак үйлөрдүн аянтына болгон талаптар:

                 - Турак үйдүн жалпы аянты 150 чарчы метрге чейин. 

  • Сатып алынуучу турак үйдүн 1 чарчы метринин баасы 60 000 сомдон ашпашы керек.
  • Ипотекалык турак жайды сатып алуу-сатуу бүтүмү туздөн-түз менчик ээсинин катышы менен өтүшү керек, ишеним кат боюнча бүтүмдөргө тыюу салынат (менчик ээси юридикалык жак болгон учурлардан тышкары). *
  • Ипотека объектин баалоо Банк кызматкерлери тарабынан, өздөрүнүн ички ченемдик документтерине негизделүү менен аткарылат.
  • Күрөө документин чыгаруу үчүн көз карандысыз баалоо компаниясын тартуу менен сатып алынуучу объектти баалоо зарыл.
  • Ипотека объектинин иш жүзүндөгү абалы укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерге дал келиши керек (б.а. өзгөрүүлөр тийиштүү түрдө жол-жоболондурулушу керек).
  • Ипотека предмети ипотекалык насыя толук жабылуучу мөөнөт ичинде зайымчы тарабынан ипотекалык насыянын негизги карызынын калдык суммасына жоголуу же бузулуу тобокелдигинен камсыздандырылышы керек.
  • Ипотека предмети толук бүтүп, анын ыңгайлуу жашоо үчүн минималдуу шарттары бар, техникалык паспорту жана эксплуатацияга киргизүү акты болушу керек.
  1. 6.        

Насыя боюнча камсыздоо

- Сатып алынуучу кыймылсыз мүлк.

- Баштапкы төгүм жок болсо, кошумча камсыздоо катары зайымчынын же үчүнчү жактардын кыймылсыз мүлкү көрсөтүлүшү зарыл.

- Төлөөгө жөндөмдүүлүгүн эсептөөдө зайымчынын кирешелери гана эске алынат.

Бирок, эгерде зайымчы ипотекалык насыя боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо үчүн жок дегенде 1 кепилдик берүүчүнү көрсөтсө, Банк сатып алынган турак үйдө зайымчы менен бирге жашай турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесин эске ала алат.

- жок дегенде 1 адамдын кепилдиги

  1. 7.        

Насыя жабуу графиги

Ай сайын жабуу графиги, аннуитенттик төлөмдөр менен негизги сумманы жана кошулган пайыздарды жабуу, 10-чу числолордо

  1. 8.        

Шарттарды өзгөртүү жана реструктуризация

Күрөө камсыздоосунун бир бөлүгүн бошотуу, негизги карыз боюнча карызды 50%дан кем эмес жабуу менен сатып алынып жаткандан тышкары.

  1. 9.        

Зайымчынын чыгымдары

Ипотекалык насыя алуу боюнча келишимдерди жол-жоболоштуруу жана каттоо менен байланышкан чыгымдар.

Камсыздандыруу чыгымдарын зайымчы көтөрөт.

Насыя тарыхынын болушун жана сапатын текшерүүгө кеткен чыгымдар (ККнын оң чечими менен).

Көз карандысыз баалоо компаниясынын кызматына төлөөгө кеткен чыгымдар.

Күрөө документтерин чыгаруу боюнча чыгымдар.

 

«Жеңилдетилген ипотека» - «Индивидуалдуу турак үй куруу»

Параметрлери

Мазмуну

  1. 1.        

Насыялардын валютасы

- Кыргыз cому

  1. 2.        

Максималдуу каржылоо суммасы

Бир субъектке 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин. (каржылоонун мүмкүн болгон суммасын эсептөөлөр Банктын ички ченемдик документтерине ылайык аткарылат).

  1. 3.        

Насыялоо мөөнөтү

- Минималдуу мөөнөтү – 15 жылга чейин, курулуш мезгилин эске алганда

- Максималдуу мөөнөтү – 25 жылга чейин, курулуш мезгилин эске алганда

- Турак үйүн куруу мөөнөтү 18 айдан ашык эмес.

  1. 4.        

Ипотекалык насыяны камсыздоо

- Жер участогу/курулуп бүтпөгөн турак үчү бар участок.

- Курулуш этабында – ар бир курулуш этабынан кийин кайра бааланган насыялоо объекти (кайра баалоо курулуш этабы аяктап, аныкталган талаптарга ылайык аткарылган учурда жүргүзүлөт).

-  Курулуш аяктагандан кийин – жер участогу бар турак үйү (толугу менен бүтүп, эксплуатацияга берилиши керек).

- жер участогунун өтүмдүүлүгү төмөн болгон учурда, үчүнчү жактардан кыймылсыз мүлк катары кошумча камсыздоо алуу сунушталат.

  1. 5.        

Пайыздык чен

- курулуш мезгилинде – 8% (сегиз) жылдык (18 айлык мөөнөткө чейин)

- курулуш аяктагандан кийин - 4%

- НПЧ 4,07%дан

  1. 6.        

Айып пулдар/Туумдар

Номиналдык пайыздык чен өлчөмүндө

  1. 7.        

Жеке салым

- Долбоордук-сметалык документтердин суммасынан 20 (жыйырма)% (баштапкы төлөмдү эсептөөдө, эгерде тастыктоочу документтер (дүмүрчөктөр, чектер) болсо, ошондой эле катышуучунун мурда сатып алган же болгон курулуш материалдары (эгер бул материалдар сметалык документацияга дал келсе) болсо, долбоордук-сметалык документтердин чыгымдарын эске алуу мүмкүн.

- Төлөө жөндөмдүүлүгүн эсептөөдө зайымчынын кирешеси гана эске алынат.

Бирок, эгерде зайымчы ипотекалык насыя боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо үчүн жок дегенде 1 кепилдик берүүчүнү көрсөтсө, Банк сатып алынган турак үйдө зайымчы менен бирге жашай турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесин эске ала алат.

- катышуучунун 20% көлөмүндө жеке салымы жок болгон учурда, үчүнчү жактар тарабынан кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча камсыздоо көрсөтүү зарыл. 

  1. 8.        

Насыялоо субъекти

«МИК» ААКынын электрондук порталында катталган, төмөнкү критерийлерге дал келүүсү зарыл болгон Ипотекалык программалардын катышуучуларын каржылоо:

- өзүнүн турак үйү жок.

- ипотека алуу үчүн арыз менен кайрылууга чейин акыркы 3 жылда турак фондунун кыймылсыз мүлкү менен кандайдыр бир жарандык бүтүмдөрдүн жоктугу (зайымчыда жана башка үй-бүлө мүчөлөрүндө, анын ичинде жашы жете элек балдарында);

- аныкталган тартипте жашоо үчүн жараксыз деп аныкталган турак жайда, аныкталган тартипте авариялык абалда турган жана бузууга же реконструкциялоого жаткан көп батирлүү үйдөгү турак жайда жашагандар – ээленген турак жайдын көлөмүнө карабастан.

- жашы – 21ден 50 жашка чейин (насыяны график боюнча жабуу учурунда жашы 65 жаштан ашпашы керек).

- эмгек стажы – акыркы жумуш ордунда 1 жылдан кем эмес же жалпы стаж 2 жылдан кем эмес.

- Банктын зайымчысы төлөөгө жөндөмдүү болуп, кирешелери КРУБдун талаптарына жана Банктын ички ченемдик документтерине дал келиши керек;

Насыя тарыхы

- эгер зайымчынын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка ФКМдердин алдында учурдагы милдеттенмелери болсо, бул милдеттенмелер боюнча төгүмдөр эске алынышы керек.

- эгер кардардын насыя тарыхында 30 же андан ашык күнгө кечигүүлөр болсо, мындай арыздар кабыл алынбайт.

Кошумча шарттар:

- курулуш аяктап, курулган турак үйгө документтер тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулгандан кийин, кардар объектти насыя алынган суммага камсыздандырышы керек.

- кардар кийинки күрөө документтерин чыгаруу үчүн курулган турак үйдүн көз карандысыз баалоосун жүргүзүүсү керек.

  1. 9.        

Курулушка болгон жалпы талаптар

  • Зайымчынын жеке менчик жер участогу же курулушу бүтө элек турак жайы бар жер тилкеси бар.
  • Курулуштун максималдуу мөөнөтү курулуш үчүн биринчи транш берилген күндөн тартып 18 айдан ашпайт.
  • Курулуш турак жай куруу үчүн КНжанаЭнин талаптарына ылайык жергиликтүү аймактык архитектура органдары тарабынан бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүлөт.
  • Курулуш лицензияланган подрядчынын катышуусу менен же чарбалык жол менен жүргүзүлөт.
  • Жумушту жана сарпталган курулуш материалдарын эске алуу менен 1 чарчы метр үчүн турак жай курулушунун максималдуу баасы 60 000 сомдон ашпоого тийиш.
  • Курулуп жаткан турак жайдын максималдуу жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш.
  • Милдеттенмелерди алгачкы камсыздоо катары берилген жер участогун баалоо Банктын кызматкерлери тарабынан ички ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.
  1. 10.     

Зарыл болгон документтердин тизмеси

Ипотека субъекти боюнча:

  • Зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы).
  • Зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы).
  • Балдардын паспортторунун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы).
  • Зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы жөнүндө тактама.
  • Кызмат ордун, акыркы 12 айда жалпы айлык акысын жана ушул уюмдагы/ишканадагы эмгек стажын көрсөтүү менен жумуш ордунан тактама (зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн).
  • Мамкаттоодон акыркы 3 жыл ичинде кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдүн бар/жок экендиги жөнүндө тактама (укук ээлиги тууралуу тактама) (зайымчыга жана бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө, анын ичинде жашы жете элек балдарына).
  • Кошумча кирешелерди такстыктаган документтер.
  • Зарылчылыгы боюнча кошумча документтер.

Курулуш объекти боюнча (курулуш башталганга чейин):

  • Жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер.
  • Мамкаттоодон чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө көчүрмө.

Курулуш объекти боюнча (курулуш мезгилинде):

  • Турак үй долбору (анын ичинде турак үй курууга уруксат).
  • Турак үй курууга болгон долбоорго ылайык смета.
  • Курулушун ар бир этабынан кийин тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулган жергиликтүү аймактык архитектура органы тарабынан корутундулар берилет.
  • Банк кызматкерлери курулуш объектин карап, курулуштун ар бир этабында Ипотекалык каражаттарды максаттуу колдонуу жөнүндө отчет түзүшөт.

Курулуш объекти боюнча (курулуш аяктагандан кийин):

  • Аяктаган турак үйүнүн техникалык паспорту.
  • Турак үйүн эксплуатацияга киргизүү акты.
  1. 11.     

Насыяны жабуу графиги

-  курулуш мезгилинде транштар боюнча чегерилген пайыздар иш жүзүндө алынган сумма боюнча негизги сумманы кайтарбастан, жылына 8 (сегиз)% (НПЧ 4,07%дан) чени менен кайтарылат.

- Курулуш аяктагандан кийин турак жай куруу үчүн берилген бардык транштар жылына 4 (төрт)% (НПЧ 4,07%дан) менен кайра каржыланат.

  1. 12.     

Турак үйдү куруу этаптары

  • Катышуучу документтердин толук топтомун тапшыргандан кийин, Банк ипотекалык насыя берүүгө арызды кабыл алат.
  • Банк насыянын максималдуу мүмкүн болгон суммасын бекитет, андан кийин зайымчы бекитилген насыя суммасынын алкагында турак үйдүн курулушуна долбоордук-сметалык документацияны даярдайт.
  • Турак үйдү куруу үчүн бекитилген долбоор көрсөтүлгөндөн кийин, Банк этабы менен турак үй курулушуна каражат бөлүп берет.

1-чи этап. Фундаментин монтаждоо жана орнотуу үчүн акча каражатын берүү.

2-чи этап. Дубалдарын куруу үчүн акча каражатын берүү.

3-чү этап. Полдорду жана калканы монтаждоо жана орнотуу үчүн акча каражатын берүү.

4-чү этап. Жасалгалоо иштерин жана курулушту аяктоо үчүн акча каражатын берүү.

  • Курулуш аяктагандан кийин, кардар жергиликтүү архитектура аймактык органынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эксплуатацияга киргизүү процессин жүргүзүшү керек.
  • Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү аймактык бөлүмүндө даяр турак жайларды каттоо процедурасын жүргүзүп, турак жай үчүн техникалык паспорт алат.
  • Көз карандысыз баалоо компаниясын тартуу менен турак үйдү баалайт.
  • Андан кийин бул документтер Банкка берилет. Банк, өз кезегинде, берилген укук берүүчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерге ылайык турак жайды кайра баалайт, юридикалык экспертиза жүргүзөт, Банктын ККсына тапшырат, андан кийин КК оң чечим кабыл алган учурда насыяны кайра каржылайт.
  • Турак жай үчүн күрөө келишими түзүлгөндөн кийин жана Банк тыюу салган соң, каржылоо объекти каржылоонун суммасына камсыздандырылышы керек. Камсыздандыруу милдеттенмелердин калган суммасынын негизинде жыл сайын жүргүзүлүүгө тийиш.
  1. 13.     

Зайымчынын чыгымдары

Долбоордук-сметалык документтерди түзүү жана даярдоо боюнча чыгымдар.

Ипотекалык насыя алуу боюнча келишимдерди жол-жоболоштуруу жана каттоо менен байланышкан чыгымдар.

Камсыздандыруу чыгымдарын зайымчы көтөрөт.

Насыя тарыхынын болушун жана сапатын текшерүүгө кеткен чыгымдар (ККнын оң чечими менен).

Көз карандысыз баалоо компаниясынын кызматына төлөөгө кеткен чыгымдар.

Күрөө документтерин чыгаруу боюнча чыгымдар.

 

«Жеткиликтүү ипотека» «Үй сатып алуу»

Параметрлери

Шарттары

  1. 1.        

Насыянын максаттык багыты

- Өлкөнүнүн баштапкы жана экинчилик рыногунан үй сатып алуу (батир, турак үйлөр) жана анда жашоо милдеттүү шарт болуп саналат.

  1. 2.        

Аймактык чектөөлөр

Бир гана Бишкек жана Ош шаарлары үчүн

  1. 3.        

Насыялардын валютасы

- Кыргыз сому

  1. 4.        

Насыя берүү формасы

Накталай эмес форма, зайымчынын атайын эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен

  1. 5.        

Насыялоо мөөнөтү

Минималдуу мөөнөтү – 15 жал

Максималдуу мөөнөтү – 25 жыл

  1. 6.        

Максималдуу каржылоо суммасы

Бир субъектке 5 000 000 (беш миллион) сомго чейин. (каржылоонун мүмкүн болгон суммасын эсептөөлөр Банктын ички ченемдик документтерине ылайык аткарылат).

  1. 7.        

Катышуучунун милдеттүү жеке салымы

- сатып алынган турак үйдүн баасынан 20 (жыйырма) пайыз.

  1. 8.        

Пайыздык чен

- Зайымчы сатып алынып жаткан турак жай үчүн наркынын 20% (жыйырма) пайызынан кем эмес өлчөмдө баштапкы төлөмдү төлөгөн шарттарда, жылдык 8% (сегиз) пайыз (баштапкы төлөм жок болгон учурда зайымчынын же үчүнчү жактардын кыймылсыз мүлкү түрүндө кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн.

  1. 9.        

Айып пулдар/Туумдар

Номиналдык пайыз ченинин өлчөмүндө

  1. 10.     

Насыялоо субъекттери

«МИК» ААКынын электрондук порталында катталган, төмөнкү критерийлерге дал келүүсү зарыл болгон Ипотекалык программалардын катышуучуларын каржылоо:

- өзүнүн турак үйү жок.

- ипотека алуу үчүн арыз менен кайрылууга чейин акыркы 3 жылда турак фондунун кыймылсыз мүлкү менен кандайдыр бир жарандык бүтүмдөрдүн жоктугу (зайымчыда жана башка үй-бүлө мүчөлөрүндө, анын ичинде жашы жете элек балдарында);

- аныкталган тартипте жашоо үчүн жараксыз деп аныкталган турак жайда, аныкталган тартипте авариялык абалда турган жана бузууга же реконструкциялоого жаткан көп батирлүү үйдөгү турак жайда жашагандар – ээленген турак жайдын көлөмүнө карабастан.

- жашы – 21ден 50 жашка чейин (насыяны график боюнча жабуу учурунда жашы 65 жаштан ашпашы керек).

- эмгек стажы – акыркы жумуш ордунда 1 жылдан кем эмес же жалпы стаж 2 жылдан кем эмес.

- Банктын зайымчысы төлөөгө жөндөмдүү болуп, кирешелери КРУБдун талаптарына жана Банктын ички ченемдик документтерине дал келиши керек;

Насыя тарыхы: 

- эгер зайымчынын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка ФКМдердин алдында учурдагы милдеттенмелери болсо, бул милдеттенмелер боюнча төгүмдөр эске алынышы керек.

- эгер кардардын насыя тарыхында 30 же андан ашык күнгө кечигүүлөр болсо, мындай арыздар кабыл алынбайт.

Кошумча шарттар:

- курулуш аяктап, курулган турак үйгө документтер тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулгандан кийин, кардар объектти насыя алынган суммага камсыздандырышы керек.

- Кайра берилүүчү ипотекалык насыялар боюнча кардар күрөө документтерин чыгаруу зарыл.

  1. 11.     

Насыялоо объекттери

  • Ипотекага сатып алынуучу объект эмгек ишин аткаруу орду боюнча 60 километрден ашык эмес радиуста жайгашуусу керек
  • Көп батирлүү үйлөрдөгү батирдин жалпы аянтына болгон талаптар:

               - Батирдин жалпы аяянты 100 чарчы метрден ашпашы керек

  • Турак үйлөрдүн аянтына болгон талаптар:

               - Турак үйдүн жалпы аянты 200 чарчы метрге чейин. 

  • Сатып алынуучу турак үйдүн 1 чарчы метринин баасы 70 000 сомдон ашпашы керек.
  • Ипотекалык турак жайды сатып алуу-сатуу бүтүмү туздөн-түз менчик ээсинин катышы менен өтүшү керек, ишеним каты боюнча бүтүмдөргө тыюу салынат (менчик ээси юридикалык жак болгон учурлардан тышкары). *
  • Ипотека объектин баалоо Банк кызматкерлери тарабынан, өздөрүнүн ички ченемдик документтерине негизделүү менен аткарылат.
  • Күрөө документин чыгаруу үчүн көз карандысыз баалоо компаниясын тартуу менен сатып алынуучу объектти баалоо зарыл.
  • Ипотека объектинин иш жүзүндөгү абалы укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерге дал келиши керек (б.а. бардык өзгөрүүлөр тийиштүү түрдө жол-жоболондурулушу керек).
  • Ипотека предмети ипотекалык насыя толук жабылуучу мөөнөт ичинде зайымчы тарабынан ипотекалык насыянын негизги карызынын калдык суммасына жоголуу же бузулуу тобокелдигинен камсыздандырылышы керек.
  • Ипотека предмети толук бүтүп, анын ыңгайлуу жашоо үчүн минималдуу шарттары бар, техникалык паспорту жана эксплуатацияга киргизүү акты болушу керек.
  1. 12.     

Насыя боюнча камсыздоо

- Сатып алынган кыймылсыз мүлк.

- Төлөө жөндөмдүүлүгүн эсептөөдө зайымчынын кирешеси гана эске алынат.

Бирок, эгерде зайымчы ипотекалык насыя боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо үчүн жок дегенде 1 кепилдик берүүчүнү көрсөтсө, Банк сатып алынган турак үйдө зайымчы менен бирге жашай турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесин эске ала алат.

- катышуучунун 20% көлөмүндө жеке салымы жок болгон учурда, үчүнчү жактар тарабынан кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча камсыздоо көрсөтүлүүсү зарыл.

  1. 13.     

Зарыл болгон документтердин тизмеси

  • Ипотека субъекттери боюнча:
  • Зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы).
  • Зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы).
  • Балдардын паспортторунун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы).
  • Зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы жөнүндө тактама.
  • Кызмат ордун, акыркы 12 айда жалпы айлык акысын жана ушул уюмдагы/ишканадагы эмгек стажын көрсөтүү менен жумуш ордунан тактама (зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн).
  • Мамкаттоодон акыркы 3 жыл ичинде кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдүн бар/жок экендиги жөнүндө тактама (укук ээлиги тууралуу тактама) (зайымчыга жана бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө, анын ичинде жашы жете элек балдарына).
  • Кошумча кирешелерди такстыктаган документтер.
  • Зарылчылыгы боюнча кошумча документтер.
  • Ипотека объекти боюнча:
  • Ипотека предметине укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер. (Текшерүү үчүн көчүрмөлөр жана түпнускалар).
  • Мамкаттоодон чектөөлөрдүн жоктугу тууралуу көчүрмө.
  • Мамкаттоодон кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдүн хронологиясы тууралуу көчүрмө (экинчилик турак үй үчүн)
  • Кыймылсыз мүлктүн учурдагы ээсинин (сатуучунун) паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн оригинал)
  • Көз карандысыз баалоо компаниясынын ипотека объектин баалоо жөнүндө отчету.
  • Зарылчылыгына жараша кошумча документтер.
  1. 14.     

Зайымчынын чыгымдары

Ипотекалык насыя алуу боюнча келишимдерди жол-жоболоштуруу жана каттоо менен байланышкан чыгымдар.

Камсыздандыруу боюнча чыгымдар.

Насыя тарыхынын болушун жана сапатын текшерүүгө кеткен чыгымдар (ККнын оң чечими менен).

Көз карандысыз баалоо компаниясынын кызматына төлөөгө кеткен чыгымдар.

Күрөө документтерин чыгаруу боюнча чыгымдар.

 

 «Жеткиликтүү ипотека» - «Индивидуалдуу турак үй куруу»

 

Параметрлери

Мазмуну

  1. 1.        

Насыянын максаттык багыты

- Индивидуалдуу турак үйлөрдү куруу (этабы менен куруу) жана анда жашоо милдеттүү шарт болуп саналат.

  1. 2.        

Аймактык чектөөлөр

Бир гана Бишкек жана Ош шаарлары үчүн

  1. 3.        

Насыялардын валютасы

- Кыргыз сому

  1. 4.        

Максималдуу каржылоо суммасы

Бир субъектке 5 000 000 (беш миллион) сомго чейин. (каржылоонун мүмкүн болгон суммасын эсептөөлөр Банктын ички ченемдик документтерине ылайык аткарылат).

  1. 5.        

Насыялоо мөөнөтү

- Минималдуу мөөнөтү – 15 жылга чейин, курулуш мезгилин эске алганда

- Максималдуу мөөнөтү – 25 жылга чейин, курулуш мезгилин эске алганда

- Турак үйүн куруу мөөнөтү 18 айдан ашык эмес.

  1. 6.        

Ипотекалык насыяны камсыздоо

- Жер участогу/курулуп бүтпөгөн турак үйү бар участок.

- Курулуш этабында – ар бир курулуш этабынан кийин кайра бааланган насыялоо объекти (кайра баалоо курулуш этабы аяктап, аныкталган талаптарга ылайык аткарылган учурда жүргүзүлөт).

-  Курулуш аяктагандан кийин – жер участогу бар турак үйү (толугу менен бүтүп, эксплуатацияга берилиши керек).

- жер участогунун өтүмдүүлүгү төмөн болгон учурда, үчүнчү жактардан кыймылсыз мүлк катары кошумча камсыздоо алуу сунушталат.

  1. 7.        

Пайыздык чен

- курулуш мезгилинде – 12% жылдык (18 айлык мөөнөткө чейин).

- курулуш аяктагандан кийин - 8% 

- НПЧ 8,11%дан тартып

- Бул пайыздык чендер САСты эске алуу менен көрсөтүлгөн.

  1. 8.        

Айып пулдар/Туумдар

Номиналдык пайыздык чендин өлчөмүндө

  1. 9.        

Жеке салым

- Долбоордук-сметалык документтердин суммасынан 20 (жыйырма)% (баштапкы төлөмдү эсептөөдө, эгерде тастыктоочу документтер (дүмүрчөктөр, чектер) болсо, ошондой эле катышуучунун мурда сатып алган же болгон курулуш материалдары (эгер бул материалдар сметалык документацияга дал келсе) болсо, долбоордук-сметалык документтердин чыгымдарын эске алуу мүмкүн.

- Төлөө жөндөмдүүлүгүн эсептөөдө зайымчынын кирешеси гана эске алынат.

Бирок, эгерде зайымчы ипотекалык насыя боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо үчүн жок дегенде 1 кепилдик берсе, Банк сатып алынган турак үйдө зайымчы менен бирге жашай турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесин эске ала алат.

- катышуучунун 20% көлөмүндө жеке салымы жок болгон учурда, үчүнчү жактар тарабынан кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча камсыздоо көрсөтүлүүсү зарыл.

  1. 10.     

Насыялоо субъекттери

«МИК» ААКынын электрондук порталында катталган, төмөнкү критерийлерге дал келүүсү зарыл болгон Ипотекалык программалардын катышуучуларын каржылоо:

- өзүнүн турак үйү жок.

- ипотека алуу үчүн арыз менен кайрылууга чейин акыркы 3 жылда турак фондунун кыймылсыз мүлкү менен кандайдыр бир жарандык бүтүмдөрдүн жоктугу (зайымчыда жана башка үй-бүлө мүчөлөрүндө, анын ичинде жашы жете элек балдарында);

- аныкталган тартипте жашоо үчүн жараксыз деп аныкталган турак жайда, аныкталган тартипте авариялык абалда турган жана бузууга же реконструкциялоого жаткан көп батирлүү үйдөгү турак жайда жашагандар – ээленген турак жайдын көлөмүнө карабастан.

- жашы – 21ден 50 жашка чейин (насыяны график боюнча жабуу учурунда жашы 65 жаштан ашпашы керек).

- эмгек стажы – акыркы жумуш ордунда 1 жылдан кем эмес же жалпы стаж 2 жылдан кем эмес.

- Банктын зайымчысы төлөөгө жөндөмдүү болуп, кирешелери КРУБдун талаптарына жана Банктын ички ченемдик документтерине дал келиши керек;

Насыя тарыхы

- эгер зайымчынын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка ФКМдердин алдында учурдагы милдеттенмелери болсо, бул милдеттенмелер боюнча төгүмдөр эске алынышы керек.

- эгер кардардын насыя тарыхында 30 же андан ашык күнгө кечигүүлөр болсо, мындай арыздар кабыл алынбайт.

 

Кошумча шарттар:

- курулуш аяктап, курулган турак үйгө документтер тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулгандан кийин, кардар объектти насыя алынган суммага камсыздандырышы керек.

- кардар кийинки күрөө документтерин чыгаруу үчүн курулган турак үйдүн көз карандысыз баалоосун жүргүзүүсү керек.

  1. 11.     

Курулушка болгон жалпы талаптар

  • Зайымчынын жеке менчик жер участогу же курулушу бүтө элек турак жайы бар жер тилкеси бар.
  • Курулуштун максималдуу мөөнөтү курулуш үчүн биринчи транш берилген күндөн тартып 18 айдан ашпайт.
  • Курулуш турак жай куруу үчүн КНжанаЭнин талаптарына ылайык жергиликтүү аймактык архитектура органдары тарабынан бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүлөт.
  • Курулуш лицензияланган подрядчынын катышуусу менен же чарбалык жол менен жүргүзүлөт.
  • Жумушту жана сарпталган курулуш материалдарын эске алуу менен 1 чарчы метр үчүн турак жай курулушунун максималдуу баасы 70 000 сомдон ашпоого тийиш.
  • Курулуп жаткан турак жайдын максималдуу жалпы аянты 200 чарчы метрден ашпоого тийиш.
  • Милдеттенмелерди алгачкы камсыздоо катары берилген жер участогун баалоо, анын ичинде күрөө камсыздоосунун өзгөрүлгөн наркына болгон күрөө келишимине кошумча макулдашуу түзүү менен, ар бир курулуш этабы тийиштүү түрдө аяктагандан кийин  этабы менен баалоо Банктын кызматкерлери тарабынан ички ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.
  1. 12.     

Зарыл болгон документтердин тизмеси

Ипотека субъекти боюнча:

  • Зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы).
  • Зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы).
  • Балдардын паспортторунун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы).
  • Зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы жөнүндө тактама.
  • Кызмат ордун, акыркы 12 айда жалпы айлык акысын жана ушул уюмдагы/ишканадагы эмгек стажын көрсөтүү менен жумуш ордунан тактама (зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн).
  • Мамкаттоодон акыркы 3 жыл ичинде кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдүн бар/жок экендиги жөнүндө тактама (укук ээлиги тууралуу тактама) (зайымчыга жана бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө, анын ичинде жашы жете элек балдарына).
  • Кошумча кирешелерди такстыктаган документтер.
  • Зарылчылыгы боюнча кошумча документтер.

 

Курулуш объекти боюнча (курулуш башталганга чейин):

  • Жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер.
  • Мамкаттоодон чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө көчүрмө.

 

Курулуш объекти боюнча (курулуш мезгилинде):

  • Турак үй долбору (анын ичинде турак үй курууга уруксат).
  • Турак үй курууга болгон долбоорго ылайык смета.
  • Курулушун ар бир этабынан кийин тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулган жергиликтүү аймактык архитектура органы тарабынан корутундулар берилет.
  • Банк кызматкерлери курулуш объектин карап, курулуштун ар бир этабында Ипотекалык каражаттарды максаттуу колдонуу жөнүндө отчет түзүшөт.
  •  

Курулуш объекти боюнча (курулуш аяктагандан кийин):

  • Аяктаган турак үйүнүн техникалык паспорту.
  • Турак үйүн эксплуатацияга киргизүү акты.
  1. 13.     

Турак үй куруу этаптары

  • Катышуучу документтердин толук топтомун тапшыргандан кийин, Банк ипотекалык насыя берүүгө арызды кабыл алат.
  • Банк насыянын максималдуу мүмкүн болгон суммасын бекитет, андан кийин зайымчы бекитилген насыя суммасынын алкагында турак үйдүн курулушуна долбоордук-сметалык документацияны даярдайт.
  • Турак үйдү куруу үчүн бекитилген долбоор көрсөтүлгөндөн кийин, Банк этабы менен турак үй курулушуна каражат бөлүп берет.
  • 1-чи этап. Фундаментин монтаждоо жана орнотуу үчүн акча каражатын берүү.
  • 2-чи этап. Дубалдарын куруу үчүн акча каражатын берүү.
  • 3-чү этап. Полдорду жана калканы монтаждоо жана орнотуу үчүн акча каражатын берүү.
  • 4-чү этап. Жасалгалоо иштерин жана курулушту аяктоо үчүн акча каражатын берүү.
  • Курулуш аяктагандан кийин, кардар жергиликтүү архитектура аймактык органынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эксплуатацияга киргизүү процессин жүргүзүшү керек.
  • Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү аймактык бөлүмүндө даяр турак жайларды каттоо процедурасын жүргүзүп, турак жай үчүн техникалык паспорт алат.
  • Көз карандысыз баалоо компаниясын тартуу менен турак үйдү баалайт.
  • Андан кийин бул документтер Банкка берилет. Банк, өз кезегинде, берилген укук берүүчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерге ылайык турак жайды кайра баалайт, юридикалык экспертиза жүргүзөт, Банктын ККсына тапшырат, андан кийин КК оң чечим кабыл алган учурда насыяны кайра каржылайт.
  • Турак жай үчүн күрөө келишими түзүлгөндөн кийин жана Банк тыюу салган соң, каржылоо объекти каржылоонун суммасына камсыздандырылышы керек. Камсыздандыруу милдеттенмелердин калган суммасынын негизинде жыл сайын жүргүзүлүүгө тийиш.
  1. 14.     

Зайымчынын чыгымдары

Долбоордук-сметалык документтерди түзүү жана даярдоо боюнча чыгымдар.

Ипотекалык насыя алуу боюнча келишимдерди жол-жоболоштуруу жана каттоо менен байланышкан чыгымдар.

Камсыздандыруу чыгымдарын зайымчы көтөрөт.

Насыя тарыхынын болушун жана сапатын текшерүүгө кеткен чыгымдар (ККнын оң чечими менен).

Көз карандысыз баалоо компаниясынын кызматына төлөөгө кеткен чыгымдар.

Күрөө документтерин чыгаруу боюнча чыгымдар.

 

Ипотекалык насыяны кароо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

Зайымчы

1

Фото 3-4, 1 даана

2

Зайымчынын, жубайынын/жолдошунун, күрөө берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы)

3

Зайымчынын нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы)

4

Балдардын паспортторунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (текшерүү үчүн түпнускасы)

5

Зайымчынын үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен тактама

6

Кызмат ордун, акыркы 12 айда жалпы айлык акысын жана ушул уюмдагы/ишканадагы эмгек стажын көрсөтүү менен жумуш ордунан тактама

7

Мамкаттоодон акыркы 3 жыл ичинде кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдүн бар/жок экендиги жөнүндө тактама (укук ээлиги тууралуу тактама) (бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө).

8

Кошумча кирешелерди такстыктаган документтер.

9

Топтомдор бар экендиги жөнүндө соц.фонддон көчүрмө

10

Уюмдун жетекчисинин сунуштамасы/өтүнүч каты

11

Документтерди өткөрүүдөн кийин кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоо

12

Кадрлар бөлүмүнүн мөөрү басылган эмгек китепчесинин көчүрмөсү

13

Зарылчылыгы боюнча кошумча документтер.

Кепилдик берүүчү:

1

Кепилдик берүүчүнүн, жубайынын/жолдошунун паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы)

2

Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы)

3

Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен тактама

4

Кызмат ордун, акыркы 12 айда жалпы айлык акысын жана ушул уюмдагы/ишканадагы эмгек стажын көрсөтүү менен жумуш ордунан тактама

Сатып алынуучу кыймылсыз мүлк боюнча:

1

Сатуу-сатып алуу келишими.

2

Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту

3

Зарыл болгон учурда Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик акт.

4

Кыймылсыз мүлк чектөөдө же күрөөдө эместиги тууралуу Мамкаттоодон көчүрмө

5

Кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдүн хронологиясы жөнүндө Мамкаттоодон көчүрмө (экинчилик турак үйлөр үчүн)

6

Кыймылсыз мүлктүн учурдагы ээсинин (сатуучунун)/ жубайынын/жолдошунун паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы)

7

Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түпнускасы)

8

Зарылчылыгы боюнча кошумча документтер.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>