Капчинин мааниси туура эмес ↓
14.10.2021

"Баткендин өнүгүүсү - өлкөнүн өнүгүүсү" инвестициялык форум

"Баткендин өнүгүүсү - өлкөнүн өнүгүүсү" инвестициялык форум

Бүгүн "РСК Банк" ААКнун демөөрчүлүгү менен Баткен шаарында "Баткендин өнүгүүсү - өлкөнүн өнүгүүсү" инвестициялык форумдун иши башталды.

Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында бул аймактагы экономикалык потенциалды жогорулатуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү, ошондой эле, жергиликтүү калктын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров катышууда жана ал өз сөзүндө министрлер кабинети РСК Банктын уставдык капиталын 100 миллион АКШ долларына чейин жогорулатуу ниетинде экендигин белгиледи.

Форумда Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери талкууланып жаткандыгын баса белгилейбиз.

Иш-чарага, ошондой эле, "РСК Банк" ААК Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкулов башында турган РСК Банктын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, финансы институттарынын өкүлдөрү, бизнес -омбудсмен, ата мекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышууда.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>