Капчинин мааниси туура эмес ↓
27.07.2023

Салыктарды жана салык карыздарын төлөм коду боюнча онлайн төлөө

Салыктарды жана салык карыздарын төлөм коду боюнча онлайн төлөө

«РСК Банк» Кыргызстанда биринчи жолу RSK24 мобилдик банкингинде төлөм коду боюнча идентификациялоо менен салыктарды жана салык карыздарын онлайн төлөө кызматын ишке киргизди.

Ошентип, Банк жеке адамдар ​​үчүн салыктардын бардык түрлөрүн жана салык карыздарын төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөштүрдү жана кардарлар үчүн аралыктан төлөө мүмкүнчүлүгүн иштеп чыкты.

Белгилей кетүүчү жагдай,  бул долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ишке ашырылган.

Бул кызматты колдонуу үчүн RSK24 мобилдик банкинг менюсунда буларды басуу зарыл:

• "Төлөмдөрдү жана которууларды" ачуу;

• андан ары "Төлөмдөр";

• "Мамлекеттик төлөмдөр" бөлүгү;

• төлөм коду жазылары менен салыктын же салык карызынын  суммасы  автоматтык түрдө чыгарылат.

Кызмат үчүн комиссия – болгону 1 сом.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>