Капчинин мааниси туура эмес ↓
26.07.2023

«РСК Банктан» «ЭЛКАРТ», Visa жана Mastercard карталары боюнча интернет- эквайринг кызматы

«РСК Банктан» «ЭЛКАРТ», Visa жана Mastercard карталары боюнча интернет- эквайринг кызматы

«РСК Банк» ААК «ЭЛКАРТ», Visa жана Mastercard карталары боюнча интернет-эквайринг кызматын көрсөтөт. Бул кызмат атайын мобилдик тиркемелер жана ар кандай сайттар боюнча онлайн-дүкөндөр аркылуу кызмат көрсөткөн соода-тейлөө ишканалары үчүн иштелип чыккан.

Интернет-эквайрингди колдонуунун аркасында соода-тейлөө ишканалары карта ээлерине товарлар жана кызматтар үчүн онлайн нак эмес төлөөнү сунуштоо менен сатуу каналдарын кеңейтет. Ошентип, эми кардарлар жөн гана карта маалыматтарын билүү менен интернет сайттардан керектүү продуктуларды сатып ала алышат. Мында төлөмдөр 3D Secure технологиясы менен корголот.  

Бул интернет-эквайринг эмнеге бизнес үчүн пайдалуу?

Бул кызматтын пайдасы чоң, атап айтканда:

• 24/7 товарларды сатуу мүмкүнчүлүгү;
• сатуу каналын кеңейтүү;
• коопсуз төлөмдөр;
• ЭЛКАРТ, Visa жана Mastercard карталарын колдонуу менен Интернет аркылуу товарларга/кызматтарга төлөмдөрдү кабыл алуу;
• кардарлардын санынын өсүшү;
• дүкөндөр тармагын иштетүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу жана соода түйүндөрү үчүн ижара акыны үнөмдөө;
• дүкөндөрдү жакшы таанынытып, өлкөнүн каалаган жеринде сатып алуучулардын көбөйто алуу;
• төлөм коопсуздугу 3D-Secure технологиясы менен камсыз кылынат, ал алдамчылык операциялар тобокелдигин азайтат.

Интернет-эквайринг кызматына туташуу жана сайтта төлөм барагын иштеп чыгуу акысыз. Мында  РСК Банк менен келишим түзүү жетиштүү.

Бардык кызыкдар соода-тейлөө компанияларын биз менен кызматташууга чакырабыз. Кеңири маалымат алуу үчүн opr@rsk.kg почтасына жазыңыз.

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>