Капчинин мааниси туура эмес ↓
25.07.2023

"РСК Банкка" 27 жыл!

"РСК Банкка" 27 жыл!

25-июлда Кыргызстандагы эң ири каржы мекеме - «РСК Банк» ААКнын түзүлгөнүнө 27 жыл толду. Бүгүнкү күндө РСК Банк өлкөдөгү финансылык кызматтарды жана продукттарды кеңейтүүгө, калкты колдоого жана банктык кызматтарды алууну жеңилдетүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашырып жаткан прогрессивдүү банктардын бири болуп саналат.

Банктын финансылык көрсөткүчтөрү жыл сайын туруктуу жана оң өсүш динамикасын көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө РСК Банк негизги финансылык көрсөткүчтөрү боюнча банк рыногунда алдыңкы үч лидердин бири болуп саналат. Уставдык капиталы 9 400 822 000 сомдон ашуун.

2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча, РСК Банк Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүн түзүүгө кошкон зор салымы, салык мыйзамдарын так аткаргандыгы үчүн «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» деп таанылды.

Банктын иш-аракети кардарларга финансылык кызматтарды алууда ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул максатта Банк интернет-эквайринг, Visa Direct, Visa жана Mastercard аркылуу P2P которуулар сыяктуу долбоорлорду ишке ашырган.

Мындан тышкары, РСК Банк Кыргызстанда биринчилерден болуп бир катар санариптик кызматтарды ишке ашырган. Бул RSK24 мобилдүү банкингде QR коду аркылуу сатып алуулар жана мамлекеттик кызматтар үчүн төлөө (бажы жана салык төлөмдөрү, паспорт үчүн төлөө, медициналык кызмат көрсөтүүлөр ж.б.), Visa жана Mastercard карталарын колдонуу менен Google Pay кызматы, Face ID тутумунун жардамы менен документтерди онлайн чогултуу кызматы, Банктык келишимдерди коштоо долбоору ишке киргизилген жана башка көптөгөн иштерди атоого болот.

РСК Банктын «Айыл чарбасын каржылоо» жана «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» мамлекеттик программаларын ишке ашыруудагы орду дагы салмактуу.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, РСК Банк өзүнүн иш-аракетинде курчап турган чөйрнү жана экология көйгөйлөрүн чечүү инструменттерин колдонуу менен ESG алкагында туруктуу өнүгүү маселелеринде жогорку жоопкерчиликти көрсөтө алууда. Бул - CO2ни азайтууга багытталган долбоорлорду каржылоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программаларды ишке ашыруу, өлкөбүздүн суу ресурстарын сактоо, кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо жана башка көптөгөн иш-аракеттер.

РСКБ банк жыл сайын өзүнүн уюшулуп, түзүлгөн күнүнө карата өлкөбүздүн бардык аймактарында кеңири алкактагы иш-чараларды өткөрүп турат. Салт боюнча Банктын жети областагы жана Бишкектеги филиалдары төрөт үйлөрүндө болуп, белектерин тапшырып, энелерди жана алардын жаңы төрөлгөн балдарын куттукташты.

Банк кайрымдуулук жардам катары Баткен шаарындагы «Нур» реабилитациялык балдар борборуна оңдоо иштерин жүргүзүп, эмеректерди тапшырды.

Банктын жамааты Ысык-Көлдүн жээгинде ишембиликке катышты. Корумду айылында  4 чакырым аянт таштандылардан тазаланды. Ошондой эле, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын жана Корумду айылынын жергиликтүү администрацияларына шаардык пляждарга орнотуу үчүн сорттоочу урналар берилди.

25-июлдан тарта кардарлар үчүн "Онлайн мындан да жогору" супер пайдалуу акциясы башталды. Бул акциянын алкагында Банк RSK24 мобиллүү банкингине аманат эсебин онлайн тартибинде ачкандардын бардыгы үчүн депозиттер боюнча пайыздык чендерди 15%га чейин көтөрдү.

Мына ошентип, РСК Банк заманбап технологияларды ишке ашыруу, өзүнүн иш чөйрөсүн кеңейтүү аркылуу кардарлардын жана өнөктөшөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон туруктуу Банк катары өнүгүүдө.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>