05.05.2020
Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күнү менен куттуктайбыз!
Урматтуу Кыргызстандыктар!
1993-жылдын 5-майы Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары тарыхый өнүгүүсүнүн башталышы болгон.
Дал ушул күнү Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин XII сессиясында өлкөнүн эң башкы документи - Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынган.
“РСК Банк” ААК бардык Кыргызстандыктарды ушул азаттык күнү менен кызуу куттуктайт!
Сиздерге бардык укуктардын жана эркиндиктердин сакталышын, берекелүү жашоо-турмуш, ошондой эле келечекке бекем ишеним каалайбыз!
Биздин сүйүктүү Мекенибизде ар дайым биримдик, тынчтык жана туруктуулук өкүм сүрүп турсун!
Сиздерди терең урматтоо менен,
“РСК Банк” ААК