Капчинин мааниси туура эмес ↓
03.05.2021

"РСК Банктан" "Элкарт менен белек ал" жаңы акция!

"РСК Банктан" "Элкарт менен белек ал"  жаңы акция!

“РСК Банк” кардарлар көптөн көп күткөн "Элкарт менен Белек ал" акциясынын башталгандыгын жарыялайт!

Биз Элкарт карталарынын ээлерине тиричилик техникаларынын ээси болууга сонун мүмкүнчүлүк даярдадык.

Акция 2021-жылдын 1-майынан  тартып  2021-жылдын 31- июлуна  чейин өткөрүлөт жана төмөнкүдөй убакыт аралыктарын камтыйт:

2021-жылдын 1-майынан тартып 2021-жылдын 31-майына чейин

2021-жылдын 1-июнунан тартып  2021-жылдын 30-июнуна чейин

2021-жылдын 1-июлунан  тартып 2021-жылдын 31-июлуна чейин

Негизгиси:

2021-жылдын 1-майынан тартып 2021-жылдын 31-майына чейин.

Акциянын катышуучулары

«РСК Банк» ААКнун, Бишкек  жана Ош шаарларынан тышкары,  Чүй, Нарын, Талас, Ысык Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында жайгашып, иштеп жаткан бөлүмдөрүндө  ачылган  « ЭЛКАРТ»  карта ээлери - 18 жаш курагына жеткен жеке адамдар.

Акцияга катышуу тартиби

Бул акцияга катышуу үчүн карта ээси “РСК Банк" ААК аймактардагы филиалдары тарабынан чыгарылган  "ЭЛКАРТ" картасы аркылуу сатып алуулар үчүн нак эмес төлөмдөрдү  ишке ашырууга тийиш.

Акцияга катышуу үчүн төмөнкүдөй операциялар эсепке алынбайт:

- "ЭЛКАРТ" карта эсебинен акча каражаттарын алуу/ карта эсебине акча каражаттарын салуу;

- Банктын кассасында жана өз алдынча тейлөө түзүлмөлөрүндө жана Мобилдик банкингде коммуналдык жана башка төлөмдөрдү төлөө;

- билип туруп майдаланган суммалар: 30 мүнөт ичинде бир эле соода-тейлөө ишканасында,  бир эле ошол соода түйүнүндө  бир эле  ошол товар же кызмат көрсөтүү үчүн  катарынан бир нече (1ден көп) транзакциялар боло турган болсо, алар негизги жана кошумча карталар менен өткөрүлгөн төлөмдөр экенине  карабастан,  эсепке 1 (бир) гана транзакция катары кабыл алынат.

 

Жеңүүчүлөрдү аныктоо шарттары:

Аралык этаптары

– Акциянын  мөөнөтү ичинде  бир карта менен өткөрүлгөн  10 транзакциядан  кем болбогон эң көп саны боюнча, мында бир транзакциянын минималдуу суммасы 100 сомдон кем болбоого тийиш. Ар бир область боюнча аралык этабынын 1 жеңүүчүсү аныкталат;

Негизги этап

- Акциянын  мөөнөтү ичинде  бир карта менен өткөрүлгөн  30 транзакциядан  кем болбогон эң көп саны боюнча, мында бир транзакциянын минималдуу суммасы 100 сомдон кем болбоого тийиш. Бул этапта жалпы Кыргызстан боюнча 1 жеңүүчү аныкталат;

 «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК каражаттарынын эсебинен Акциянын байгелик бюджети:

Этаптар

Байгелер

Саны

1-этап

Чаң соргуч

7

2-этап

Мини печь

7

3-этап

Суу ысыткыч

7

Негизги этап:

Муздаткыч, телевизор, кир жуугуч машина

3

Жыйынтыгы

 

24


Байгелерди тапшыруу:

Жыйынтыгын чыгаруу:

- ар бир аралык этаптын жыйынтыгы боюнча кийинки айдын 30-күнүнө чейин.

- Негизги этап боюнча байгелерди тапшыруу 2020-жылдын 30-сентябрына чейин жүзөгө ашырылат. 

Толук маалымат бул жакта.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>