14.04.2020
Айыл чарбасын каржылоо-8
Дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетинен улам орун алган кырдаалга карабастан, өлкөбүздүн бардык аймактарында айыл чарба иштери башталды.
Мына ушундай шарттарда "РСК Банк" ААК дыйкандарга -фермерлерге өтө ыңгайлуу шарттарда жеңилдетилген - "Айыл чарбасын каржылоо-8" (АЧК-8) кредитин сунуштайт.
“АЧК-8” чегинде чакан жана ири айыл чарба өндүрүшү менен алектенген айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү каралган: ун чыгаруу тегирмендери, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү.
Кеңири маалымат алуу үчүн (0312) 58-01-20 номерине чалып,
Банктын расмий сайтына баш багып, таанышсаңыз болот.