Капчинин мааниси туура эмес ↓
03.09.2020

«Ишкердик субъектилерин каржылоо» мамлекеттик программасы

«Ишкердик субъектилерин каржылоо» мамлекеттик программасы

Урматтуу кардарлар, «Ишкердик субъектилерин каржылоо» мамлекеттик программасынын багыттары кеңейтилди.

Эгерде сиз коронавирус пандемиясынан жабыр тартып, колдоого муктаж болуп турсаңыз, сизге «Ишкердик субъектилерин каржылоо» мамлекеттик программасынан пайдаланып калууну сунуштайбыз.

Бул продукт чакан ишкерлерге, чакан жана орто бизнеске, ири бизнес субъектилерине жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү менен каржылык колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

  • Кредиттин суммасы 30 миллион сомго чейин;
  • Пайыздык чени - 4% дан 11% га чейин;
  • Жеңилдик мөөнөтү 18 айга чейин
  • Кредиттин мөөнөтү 60 айга чейин.

 

Кредиттер төмөнкү тармактар боюнча берилет:

- туризм;

- жеңил өнөр жайы;

- билим берүү чөйрөсү;

- кызмат көрсөтүүлөр;

- соода;

- айыл чарба;

- фармацевтика тармагы жана медицина;

- жүктөрдү ташуу;

- өндүрүш жана кайра иштетүү ишканалары;

- кайра иштетүү өнөр жайы, анын ичинде, айыл чарба продукциясын сатып алуу жана алгачкы иргөө иштери;

- салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, программалык-кассалык машиналар, товарларды маркировкалоо) колдонуучу чакан жана орто бизнес субъектилерине тармактар ​​боюнча чектөөлөрсүз.

Программанын шарттары жөнүндө толук маалымат Банктын веб-сайтында жайгашкан.

 

 «Ишкердик субьектилерин каржылоо»  продукту

 

Долбоордун максаты

COVID-19 коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен жабыркаган бизнес субьекттерин колдоо

 

Каржылоонун түрү

Кредит

 

Насыя субъектери

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын кошкондо, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында тийиштүү түрдө  каттоого алынган жеке ишкерлер, юридикалык жактар  (жеке адамдарга керектөөчү кредиттерди берүүгө тыюу салынган).

 

Каржылоо тармактары

1.              Кредиттер COVID-19 коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен жабыр тарткан чакан ишкерлерге, жеке менчик жана жеке ишкерлерге, кичи жана орто бизнес субъектилерине, ири бизнес субъектилерине жеңилдетилген кредиттик каражаттарды камсыздоо менен төмөндөгү тармактык багыттар боюнча негизги жана жүгүртүү каражаттарын каржылоого коммерциялык максаттарда берилет:

1.               Ресторан бизнесин (туристтик объектилердеги коомдук тамактануу жерлерин эске албаганда  (пансионаттар, эс алуу үйлөрү) туризм,;

2.              Жеңил өнөр жайы;

3.              Билим берүү тармагы;

4.              Кызмат көрсөтүүлөр;

5.              Соода;

6.              Айыл чарбасы;

7.              Фармацевтика тармагы жана медицина чөйрөсү;

8.              Жүк ташуулар;

9.           Өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканалары;

10.           Иштеп чыгаруу өнөр жайы, анын ичинде, даярдоо жана айыл-чарба азыктарын баштапкы иштеп чыгаруу;

11.          салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттерин  колдонуучу чакан жана орто бизнес субъектилерине тармактар ​​боюнча чектөөлөрсүз.

 

(Субъектилерди тандоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын расмий тизмесинин негизинде ишке ашырылат).

 

Максаттуу багыттар жана негизги шарттар

№1. Негизги каражаттарга берилген кредиттер: сатып алууга, жаңылоого, негизги каражаттарды кеңейтүүгө жана модернизациялоого.

Кредиттин суммасы

30 млн. сомго чейин

Кайра каржылоо (2020-жылдын март айына чейин кредиттик таржымалы дурус учурларда)

кредиттин суммасынан 50%га чейин жана  15 млн. сомдон жогору эмес

 

Пайыздык чени

жылдык 6%

Негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил

18 айга чейин (кызмат көрсөтүү тармактарын жана туризмди кошпогондо)

Кредиттин мөөнөтү

60 айга чейин

№ 2. Жүгүртүүкаражаттарына кредиттер: чийки заттарды, топтомо, запастык бөлүктөрдү сатып алууга.

Кредиттин суммасы

20 млн. сомго чейин

Кайра каржылоо (2020-жылдын март айына чейин дурус кредиттик таржымалга ээ болгон учурларда)

кредиттин суммасынан 50%на чейин жана  10 млн. сомдон жогору эмес 

Пайыздык чени

жылдык 10%

Негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил

12 айга чейин

Кредиттин мөөнөтү

36 айга чейин

№ 3. Салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, программалык-кассалык машиналар, товарларды маркировкалоо) колдонуучу ишкердик субъектилери тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жанамодернизациялоо, товарларды, чийки заттарды, топтомо жана запастык бөлүктөрдү  сатып алуу .

Кредиттин суммасы

10 млн. сомго чейин

Кайра каржылоо (2020-жылдын март айына чейин кредиттик оң таржымалга ээ болгон учурларда)

кредиттин суммасынан 50%га чейин жана  5 млн. сомдон жогору эмес

Пайыздык чен

жылдык 4% пайыз

Пайыздар боюнча жеңилдик берилген мезгил

12 айга чейин

Кредиттин мөөнөтү

36 айга чейин

№ 4. Кредитти кайра каржылоо үчүн

Кредиттин суммасы

 20 млн. сомго чейин

Пайыздык чени

жылдык 11% пайыз

Негизги сумма боюнча жеңилдетилген мезгил

12 айга чейин

Кредиттин мөөнөтү

36 айга чейин

 

Кредиттин валютасы

Кыргыз сому

 

Кредитти төлөө графиги

Аннуитеттик / чейрек-квартал сайын төлөмдөрдү жабуу графиги

 

Күрөөлүк камсыздоо

·        Кыймылсыз мүлк,

·        Эгерде күрөө менен камсыздоо жетиштүү болбосо, «Кепилдик  Фонду» ААКнун кепилдигин кабыл алууга болот.

 

Комиссиянын түрү жана өлчөмү

Кошумча жыйымдар жана комиссиялар (кредит берилген, графикти кайра карап чыгуу, резервдөө, реструктуризациялоо, нак акчага айландыруу ж.б.у.с.) алынбайт.

 

Айып пулдар жана санкциялар  

Кредиттик каражаттарды максаттуу колдонбогон учурларда кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө сунушталат же кредит берилген күндөн баштап жылдык 30% өлчөмүндө пайыздык ченди белгилөө жолу менен каржылык санкциялар (туум) колдонулат. 

 

Кредиттөөнүн өзгөчө шарттары

■ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен маалыматтарды алмашуу тууралуу түзүлгөн келишимдин негизинде) кредит мезгилинде жеңилдетилген кредит алган чакан жана орто ишкердик субъектилери тарабынан баш тартуу жообун алынган же салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттерин колдонуу шарттарын бузулган учурларда, мындай маалыматтарды алган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап бул субъектинин кредиттикмилдеттенмелери банктын каржылоо берилген күнгө карата колдонуудагы пайыздык ченин кошо эсептөөкредиттоо бардык мезгилине карата (улуттук валютадагы коммерциялык кредиттер) кайра эсептелинет;

■ Бул кредиттик продуктунун алкагында кредит алуучулардын 30%нан кем эмесин аял-ишкерлер түзүшү керек же кызматкерлеринин көпчүлүгүн аялдар түзгөн ишканалар болушу шарт.

■ Карыз алуучунун кредиттик таржымалы, эң аз дегенде,  2020-жылдын март айына чейин оң болушу зарыл, мында мурда бир төлөм боюнча 20 күнгө чейин жана бардыгын кошкондо бардык төлөмдөр боюнча 60 күнгө чейин төлөмдү убагында жасабаган карыз алуучулардын өтүнүчтөрүн да кароого уруксат берилет.

■ Аймактарда кредиттөөнүн көлөмү 60% пайыздан аз эмес, ал эми Бишкек жана Ош шаарларында 40% пайыздан ашпайт. Мында областардагы кредиттөөнүн көлөмү 5 пайыздан кем эмес.

 



Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>