Капчинин мааниси туура эмес ↓
09.12.2021

РСК Банктын финансылык кызматтарын санариптештирүү

РСК Банктын финансылык кызматтарын санариптештирүү

«РСК Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу документтерди чогултуп-топтоонун заманбап технологиясын ишке киргизди. Мындан ары финансылык кызматтарды көрсөтүүдө Банк кардар үчүн бардык керектүү маалым каттарды Face ID системасы аркылуу чогулта алат.

 Кызматты алуу үчүн «РСК Банктын» бөлүмүнө паспорт менен кайрылуу зарыл. Адис-оператор кардардын биометрикалык маалыматтарын жазып толтуруу менен «Түндүк» жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Мында ал өзү керектүү маалым каттарды тандап, документтерди чогултуу процессин көзөмөлгө алат. Бардык чогултуу иши 10-15 мүнөттөн ашпайт.

 - Мындай кызмат көрсөтүү Кыргызстандыктар үчүн банктык кызматтарды алууда эң сонун чечим болуп саналат. Эгерде, кардарлар  мурда тиешелүү документ-кагаздарды топтоодо ар кандай мекемелерге барууга мажбур болгон болсо, эми ушул ишти Банктан эле дароо буткөрүп алууга болот, - дейт «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкулов.

 «Түндүк» системасы аркылуу РСК Банк Мамлекеттик каттоо кызматынан, Социалдык фонддон, Бажы жана салык кызматынан, Юстиция министрлигинен, Экономика министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинен жана башка уюмдардан документтерди бере ала тургандыгын белгилей кетебиз.

«РСК Банк» ААК кардарлардын жашоо-тиричилигин жеңилдетүү үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана заманбап технологияларды колдонуу алкагындагы ишти тиешелүү деңгээлде мындан ары да уланта берет.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>