Капчинин мааниси туура эмес ↓
11.03.2022

Айыл чарбасын каржылоо

Айыл чарбасын каржылоо

«РСК Банк» ААК «Айыл чарбасын каржылоо» мамлекеттик программасын ишке ашырууга эң башынан бери катышып келе жатат. Банк жыл сайын республика боюнча фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүдө.

Долбоор аркылуу өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каржылоо каралган.

Мисалы, 2021-жылы РСК Банк АЧК-9 алкагында 2,3 млрд сом суммасында кредит берүүгө жетишкен.

Кыргызстандын айыл чарбасын колдоо процессинде РСК Банк кластердик өндүрүштү өнүктүрүүгө басым жасай турганын белгилей кетебиз.

Бул жылда  АЧК-10 программасынын алкагында Банктын каржылоосуна 1 миллиард 800 миллион сом бөлүнгөн.

16-февралдан бери каражаттарды берүү иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурга карата 1 111 655 сом суммасына 1845 билдирме кабыл алынды.

Бул маанилүү милдетти өтөсүнө чыгаруу максатында РСК Банктын кызматкерлери аптадагы жети күн  бою күчөтүлгөн тартип менен иш алып барышууда.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>