12.03.2022
«РСК Банктын» филиалдарында АЧК-10 алкагында кредиттер берилүүдө
«РСК Банктын» филиалдарында «Айыл чарбасын каржылоо – 10» мамлекеттик программасынын алкагында жеңилдетилген кредиттерди берүү иштери кызуу жүргүзүлүп жатат.
Бул маанилүү милдетти өтөсүнө чыгаруу максатында «РСК Банктын» кызматкерлери аптадагы жети күн бою күчөтүлгөн тартип менен иш алып барышууда.
АЧК-10 программасы аркылуу чакан айыл чарба өндүрүшү менен алектенген айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүлөт:
- мал чарбачылыгы;
- өсүмдүк өстүрүү;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү.
Бул жылда АЧК-10 программасынын алкагында Банктын каржылоосуна 1 миллиард 800 миллион сом бөлүнгөн.
16-февралдан бери каражаттарды берүү иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурга карата 1 111 655 сом суммасына 1 845 билдирме кабыл алынды.
/* Кнопки поделиться */?>