Капчинин мааниси туура эмес ↓
17.09.2021

Кепилдик фондуна 5 жыл!

Кепилдик фондуна 5 жыл!

"РСК Банк" ААК Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкулов "Кепилдик фонду ААКнун Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролу жана орду" эл аралык конференциясына катышты.

Бул иш -чара "Кепилдик фондунун" (КФ) 5 жылдык мааракесине карата уюштурулган.

А.Оморкулов РСК сүйлөгөн өз сөзүндө Банк менен КФ менен тыгыз кызматташуунун аркасында көптөгөн түрдүү долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылганын белгиледи. Бүгүнкү күндө "Кепилдик фонду" - кредит алууда күрөөсү жоктор үчүн "жардам – жөлөк” болуп, жакындан жардам көрсөтүүдө.

-"Кепилдик фонду" ААК Башкармасынын Төрагасы Малик-Айдар Абакировдун демилгесинин чыгармачыл мамилесинин аркасында КФ 5 жылдан бери олуттуу жыйынтыктарды көрсөтүп келе жатат. Алып карасак, мындай кыска убакыттын ичинде Фонддун капиталы 4,2 миллиард сомго жетти. Ал эми "Ийгиликтин кепилдиги" урааны Фонддун мүдөөсүн жана иш-аракетин ачык чагылдырат, - деп кошумчалады Азизбек Пазылбаевич.

Жыйынтыгында А.Оморкулов Малик-Айдар Абакировду жана «Кепилдик фондунун» жалпы жамаатын 5 жылдык мааракелери менен кызуу куттуктады.

Төрага Азизбек Пазылбаевичтин куттуктоосун кубаттоо менен, биз дагы кесиптештерибизге ийгиликтерди жана жаңы бийиктиктерди багындырууну каалайбыз!

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>