02.12.2022
«Көбүрөөк кепилдиктер – жакшы сыйлык!» акциясынын алкагында «РСК Банк» Кыргызстандагы эң мыкты банк болду
«Кепилдик фонду» ААК өткөргөн «Көбүрөөк кепилдиктер – жакшы сыйлык!» акциясынын алкагында «РСК Банк» Кыргызстандагы эң мыкты банк деп аталды.
Мындан тышкары, биз төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчү болдук:
- “Мыкты филиал” - Ош филиалы;
- “Мыкты кредиттик адис” – жети кызматкер байгеге ээ болушту.
Сыйлык берүү аземине «РСК Банктын» Башкармалыгынын Төрагасы Букуев К.Дж., «Кепилдик фондунун» Башкармалыгынын Төрагасы Абакиров М.-А. жана башкалар катышты.
Малик-Айдар Абакиров белгилегендей, бул жылы “РСК Банк” өлкөдөгү ишкерликти колдоо боюнча эң жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, акцияда адилеттүү жеңишке жетишкен.
Кызматташуу үчүн Кепилдик фондуна ыраазычылык билдиребиз.
/* Кнопки поделиться */?>