Капчинин мааниси туура эмес ↓
06.05.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков финансы институттарынын жетекчилери менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков финансы институттарынын жетекчилери менен жолукту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков финансы мекемелеринин жетекчилери, анын ичинде, «РСК Банк» ААКнун Башкармасынын Төрагасы  Азизбек Оморкулов менен жолугушту.

Жолугушууда өгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында өлкөнүн каржы институттарынын иш-аракети, өлкөбүздөгү ишкердик активдүүлүктү колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков каржы институттарынын каражаттары мурдагыдай эле аймактардагы, анын ичинде, экспортко багытталган ишканаларга артыкчылык берүү менен жумшалышы керектигин баса белгиледи. 2020-жылга карата негизги милдеттердин бири катары кластердик программаларды каржылоону өзгөчө бөлүп көрсөттү.

РСК Банктын Төрагасы Азизбек Оморкулов мамлекет башчысына ушул мезгил аралыгында калкты каржылык колдоо боюнча Банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Мисалы, бизнес үчүн 1830 насыя боюнча 3 миллиард сомго жакын жеңилдиктер берилген. Насыялар кайра түзүмдөштүрүлүп, мөөнөтү 3 айдан 6 айга чейин узартылган.

Банктык тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, РСК Банк Кыргызстанда биринчи жолу банкоматты колдонбостон «Шекер» супермаркетинин кассаларында картадан нак акчаны алуу долбоорун ишке ашыра баштады.

Азизбек Оморкулов белгилегендей, жыл башынан бери «РСК Банк» ААК жалпы көлөмү 2,7 миллиард сомдон ашуун суммага үч миңге жакын насыя берген. Алардын ичинен аймактык насыялардын үлүшү 89%ды түзгөн. Каражаттар көбүнчө айыл чарба, өндүрүш, кайра иштетүү тармактарына жана соодага багытталган.

 

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>