ШКУ Банктар аралык бирикмесинин эксперттеринин жана координаторлорунун кеңешмеси
Ушул жылдын 16-май күнү Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн ШКУ Банктар аралык бирикмесинин эксперттеринин жана координаторлорунун кеңешмесине «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова баштаган делегация катышты.
Иш-чарага ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин - Индиянын, Казакстандын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстандын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстандын алдыңкы каржы институттары катышты.
Катышуучулар ШКУ Банктар аралык бирикмесинин мүчө - банктарынын ортосундагы финансылык кызматташуунун абалы жана келечеги тууралуу маалымат алмашышты. Пандемиядан кийинки мезгилде мындан аркы практикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү дагы талкууланды.
/* Кнопки поделиться */?>