Капчинин мааниси туура эмес ↓
16.09.2021

ШКУ Банктар аралык бирикмесинин XVII отуруму

ШКУ Банктар аралык бирикмесинин XVII отуруму

 

Бул жылы Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) 20 жылдыгын белгилейт.

 

ШКУнун юбилейлик саммити Учурда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат. Саммиттин кеңири иш-чараларынын алкагында ШКУ Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ БАК) XVII отуруму жүрүп жатат.

 

«РСК Банк» ААК 2006-жылдан бери ШКУнун БАК мүчөсү. Биздин Банк 2019-жылы Кыргызстанда өткөн 15-саммитте төрагалык өлкө  катары иш алып барган.

 

РСК Банктын делегациясы азыркы учурда Дүйшөмбү шаарында отурумдун ишине жигердүү катышууда.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө ШКУ мейкиндигинде жана Азия чөлкөмүндө иштеген эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланат, ошондой эле, байкоочу мамлекеттердин каржы институттары жана ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрү менен кызматташууну кеңейтүү каралат.

 

Мындан тышкары, ШКУнун БАК Орто мөөнөттүү келечек (2022-2026)стратегиясына, ШКУнун мүчө банктар ортосундагы инвестициялык кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо багытындагы документтерге кол коюу каралууда.

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>