Капчинин мааниси туура эмес ↓
24.08.2022

«РСК Банк» ААК делегациясы ШКУ Банктар аралык бирикмесинин кеңешинин отурумунда

«РСК Банк» ААК делегациясы ШКУ Банктар аралык бирикмесинин кеңешинин отурумунда

«РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Кадырбек Букуев жетектеген делегация 2022-жылдын 23-августунда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ БАБ) Кеңешинин XVIII отурумуна катышып келди.

Иш-чарага ШКУга мүчө болуп эсептелген Индиянын, Казакстандын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстандын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстандын алдыңкы каржы институттары катышышты.

Жолугушуу соңунда «ШКУга мүчө-банктардын орто мөөнөттөгү келечекке (2022-2027-жж.) ШКУнун ички регионалдык экономикалык кызматташтыгын колдоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин планына» кол коюлду жана «ШКУ БАБ мүчө-банктардын Финансы чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жана кызматташуу принциптери» документи кабыл алынды.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>