06.08.2021
RSK24 мобилдик банкингдин жаңыртуусу
Урматтуу кардарлар!
2021-жылдын 8-августунда IOS жана Android телефондорунда RSK24 мобилдик банкингдин жаңыртуусу пландаштырылган.
Бул иштерге байланыштуу, 8-августта саат 22.00дөн 24.00гө чейин тиркеме тейлөө үчүн жеткиликсиз болот.
Жаңыртуу иштеринен кийин эсебиңизге кирүү үчүн төмөнкүлөр керек:
- AppStore же PlayMarket тиркемелерине өтүңүз;
- RSK24 табыңыз;
- UPDATE баскычын басыңыз.
Телефонуңузда мурунтан эле бар колдонмону чыгарып салуунун кажети жок. Ал автоматтык түрдө жаңыртылат. PIN-кодуңузду (төрт орундуу сан) же Face ID аркылуу кириңиз.
Мобилдик банкингдин жаңы версиясына төмөнкү мүмкүнчүлүктөр кошулат:
- Акча которуулар "Кыргыз Трансфер";
- Онлайн тиркемелерди жөнөтүү мүмкүнчүлүгү;
- SMS кызматтарын туташуу жана өчүрүү;
- Интернет-төлөмдөрдү туташуу жана өчүрүү;
- Картадагы лимиттерди өзгөртүү;
- Максаттуу үнөмдөө;
- Дизайнды жаңыртуу;
- Башка төлөм түрлөрү.
/* Кнопки поделиться */?>