Капчинин мааниси туура эмес ↓
26.07.2021

“РСК Банк" ААК Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкулов менен маек

“РСК Банк" ААК Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкулов менен маек

 Быйыл "РСК Банк" ААК түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө. Белгилүү датанын урматына биз РСК Банк Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкулов менен маектештик.

- Ийгиликке жетүү үчүн максат, тартип жана эмгек талап кылынат. Мына ушул үч нерсеге бардык жетишкендиктердин башаты, - деп Азизбек Оморкулов толук ишенет.

Чындыгында, А.Оморкулов ушул сапаттарынын аркасында жөнөкөй катчы болуп иштөөдөн эбегейсиз карьералык өсүшкө жана спорттук жеңиштерге жетишти. Банк секторунун келечеги жана сүйүктүү жумуш менен хоббини кантип айкалыштыруу жөнүндө - биздин маекте.

- Азизбек Пазылбаевич, карьераңыз кандайча башталды эле?

- Бул кызыктуу окуя. Кыргыз-Орус Славян университетинин төртүнчү курсунда окуп жүргөндө Улуттук банкта стажировкадан өттүм. Бир жолу коридордо мен Кыргызпромстройбанктын кадрлар бөлүмүнүн кызматкерин жолуктуруп калдым, ал башкарманын төрагасынын катчысынын кызмат ордуна маектешүүнү сунуштап калды. Андан кийин ал  кыска-нусканы жана ... бут кийимдин жылтырап турушун жетекчи жогору баалаарын алдын ала эскерте кеткен. Натыйжада, алты талапкердин арасынан маектешүүдөн өттүм. Бул менин банк ишиндеги алгачкы кадамым болду.

- Жакшы башталыш?

- Ооба! Жетекчи абдан катаал, бирок ушунчалык кесипкөй болчу. Мен андан бардыгын үйрөнгүм келди, ошондуктан биргелешкен иш сапарларга жана ишкер жолугушууларга бирге барууну сурандым.

- Анан аны менен иштешип жатып эмнелерди үйрөндүңүз?

- Ийкемдүүлүктү, ачууга алдырбоону жана тартипти. Ошондой эле, ал мактана турган эч нерсеси жок болсо жөнөкөй болгон эле дурус деген. Жада калса кыргыздарда: “Өнөрүң болсо өргө чап” деген макал бар (күлүп. - Автордун эскертүүсү). Бүгүн, ушунча жылдан кийин, мен ал мезгил менин карьерамдын башталгыч чекити болуп калды - деп түшүнөмүн.

- Азизбек Пазылбаевич, алгачкы акчаңызды кантип таптыңыз?

- Бул менин мектеп жылдарымда болгон. Ата-энемдин кеңеши менен мен чоң атамдын багынан алмаларды өзүм терип, сатканмын. Натыйжада,  түшкөн акчага коёндорду сатып алганмын. Ошол жылдары коёндорду көбөйтүү менин хоббим болгондуктан, акырындап бизнеске өтүп, киреше алып келген.

- Сиз ошондо эле аябай максаткаумтулчуу экенсиз. Балким, сизде ийгиликке жетүү үчүн өзүңүздүн формулаңыз бардыр?

- Ооба. Мен үчүн ийгилик - бул максат (мотивация) + тартип + эмгек + жетишкендик.

- Тартип сиз үчүн эмнени билдирет?

- Эрктүүлүк жана тырышчаактык. Кыйынчылыктарга мүнкүрөп калбоо керек. Сыноолорго каржалбасаң эле жөндөм өркүндөйт. Мунун бардыгы бизди максаттарды, кээде чон максаттарды ишке ашырууга жетелейт.

- Бул кандайча?

- Мен сизге бир мисал келтирейин. Мен Фрунзе шаарында туулганмын, беш жашыма чейин ушул жерде жашадым. Кийин атамдын жумушуна байланыштуу биздин үй-бүлө Жалал-Абадга көчүп келишти. Менин эсимде борбор калаабыз тууралуу эң сонун элестер калган эле, ошондуктан Фрунзеге келгим келген. Максат бар болчу, бирок жөнөкөй мектеп окуучусу ага кантип жете алат эле? Жооп: Олимпиадада жеңишке жетүү жана борбор калаадагы республикалык этапка катышып калуу. 10-классымда ийгиликке жетиштим.

Мен Фрунзе шаарына кайра келүүнү ушунчалык каалаганымдан, 11-класста мурдагы аракетимди дагы кайталоону чечтим. Алты ай бою математиканы аябай жакшы окуп, акыры республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болдум. Ал эми, бул этаптын жеңүүчүлөрүн эл аралык сынактарга жолдомо менен жөнөтүшчү. Эмгектин жана тартиптин аркасында 1997-жылы Аргентинага IMO-97 (International Mathematical Olympiad - автордун эскертүүсү) барып келдим. Бул мен үчүн чоң максатка жетишүү болду.

- Азизбек Пазылбаевич, РСК Банктагы ишмердүүлүгүңүзгө токтолсок. Сиздин жеке башкаруу моделиңиз барбы?

- Мен ар кандай курстарга катышып, авторитардык башкаруу мектебинен өттүм. Бирок өзүм демократиялык башкаруу стилин тандап алдым. Ар бир кызматкердин сөзүн угуп, алардын пикирин эске алуу керек деп терең ишенемин. Бизде чоң потенциалга ээ адамдар бар, аларды жөн гана колдоп, алардын талантын ачууга жардам беришибиз керек.

- Көбүнчө маектешүүлөрдү  жеке өзүңүз жүргүзөсүз. Жумушка алууда адамдагы кайсы сапаттар сиз үчүн маанилүү?

- Адептүүлүк, чынчылдык, максатка умтулуу жана туруктуулук биринчи орунда турат. Эгерде тажрыйбасы бар адис болсо, мен анын кесипкөйлүгүнө караймын. Ошондой эле, мен позитивдүү адамдарды абдан баалайм.

- Сиздин оюңуз боюнча, идеалдуу команда кандай болот?

- Команда ынтымактуу, бир бүтүн нерседей болушу керек. Билесизби, бул нерсени колдун манжаларынын мисалы менен түшүндүрсө болот. Бири-биринен айырмасына карабастан, алар бир жамаатта иштешет. Команда дагы ошондой болууга тийиш. Кызматкерлер бири-биринен канчалык айырмаланбасын, бир багытты көздөө менен, мыкты натыйжаларга жетишишет.

- Азизбек Пазылбаевич, кызматыңыздагы кандай жеке жетишкендиктер сизди сыймыктандырат?

- Мен РСК Банк өз ишинде IT-чечимдерди жигердүү колдонуп жаткандыгына сыймыктанам. Биз мобилдүү банкингди, электрондук документ жүгүртүүнү иштетип жатабыз, Кыргыз почтасы менен биргеликте өлкөнүн алыскы аймактарында пенсия жана жөлөк пулдарды берүү боюнча уникалдуу долбоор түзө алдык, “Түндүк” тутуму аркылуу кредиттерди берүүнү жөнөкөйлөттүк жана башка көптөгөн нерселер.

РСК Банк инновациялык, заманбап, ыңгайлуу,ошол эле учурда, ишенимдүү бойдон калууда.

- Банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан социалдык иштер жөнүндө айта кетсеңиз?

- Мен ири ишканалар, негизги иш-аракеттеринен тышкары, корпоративдик социалдык жоопкерчиликке да көңүл бурушу керек деп терең ишенем. Мисалы, биздин банк кайрымдуулук иштерине активдүү катышат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетим балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, ардагерлерге жардам беребиз. Былтыр биз өлкөнүн дарыгерлерине жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК), кычкылтек концентраторлорун жана керектүү дары-дармектерди сатып алуу менен колдоо көрсөткөндүгүбүздү белгилеп кетемин. Ушул жылдын жазында  Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара жаңжал учурунда жабыр тарткан  тургундары үчүн Банк акча каражаттарын которгон.

Керек болсо, спорттук марафондорду колдоо менен өлкөнүн банктарында пионер болуп калдык. Менин оюмча, финансы секторунун кызматкерлеринин арасында спорт менен машыгууну "РСК Банк" адатка айландыра алды. Натыйжада, көпчүлүктө буга чейин эртеден кечке компьютерде отурган, түнт адам катары көрүнгөн "банкир" деген сөздү кабылдоо өзгөрдү. Жок, бүгүнкү күндө банктын кызматкери - бул мамлекеттин социалдык турмушуна активдүү катышкан жигердүү, чыгармачыл, спорт менен машыккан адам.

- Ал эми РСК Банк эл аралык алкакта кандай иштерди аткарып жатат?

- "РСК Банк" Шанхай Кызматташтык Уюмунун Банктар аралык Бирикмесинин (ШКУ МББ) мүчөсү болуп саналат. Ушул жылдар аралыгында биз ШКУ МББнун бардык мүчөлөрү менен бекем өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрдүк. РСК Банк дүйнөлүк гиганттар менен иштешерин качан түшүнгөнүмдү билесизби? Шанхай Кызматташтык Уюмунун  жыйындарынын биринде ШКУга мүчө мамлекеттердин банк жетекчилери доклад окушту. Менин кезегим Кытай, Россия жана Казакстандагы кесиптештеримден кийин болду. Алар өз сөздөрүндө  эбегейсиз көп сандарды айта башташты. Кытай Банкынын активдери дагы деле эсимде - 3,8 триллион доллар! Ал эми менин отчетумда өсүш көрсөткүчү 25 миллион долларды түзгөн. Мен ошол учурда долларларды тез арада сомго оодарып, бир топ сумманы айта койдум.

Андан бери эл аралык платформаларда биз өз позицияларын так коргогон жана бардык милдеттенмелерин аткарган өнүккөн банк катары көрсөтүп келе жатабыз. Кызматташтыктын алкагында биз дээрлик мүмкүн эмес болгон – Кытай мамлекеттик банкынын (КМБ) кредиттик линияларын күрөөсүз негизде алууга жетиштик. Мындан тышкары, биз кызматкерлерибизди чет өлкөлөргө окутууга жиберип турабыз.

- Азизбек Пазылбаевич, чуркап туруу кантип башталгандыгын айтып берсеңиз?

- Эки себеп болгон: менин ашыкча салмакта экенимди түшүнүү жана Ленин чокусуна чыгууну кыялдануум. Машыгууну баштап, марафондорго катыша баштадым жана акырындык менен улантып кеттим. Азыр күн сайын эртең менен 10 чакырымга чейин чуркаймын.

- Акыры, Ленин чокусун багындырдыңыз?

- Ооба, мен кыялымды орундаттым. Дүйнөдөгү эң бийик тоолордун биринде 7 миң 134 метр бийиктикте турууну сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес.

- Демек, кызматкерлер спорт менен машыкса жакшы болот турбайбы?

- Албетте. Анткени, спортчулардын ден-соолугу мыкты болот, алар күүлүү жана позитивдүү жүрүшөт. Бирок, спорт менен өз алдынча машыгып туруу абдан маанилүү, анткени профессионалдык спорт көп убакытты талап кылат. Ал эми жумуш аткарылбай калбашы керек.

- Сырыңыз менен бөлүшүп кетсеңиз, кантип иштеп, спорт менен машыгасыз?

- Убакытты туура пайдалана алуу керек. Убакытты оптималдуу бөлүштүрүү - бул өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө зпрвл болгон өтө маанилүү ыкма. Өзүңүз ойлоп көрүңүз, дүйнөнүн ийгиликтүү адамдарынын күнүнө канча сааты болсо, бизде деле ошончо саат. Бирок, ошол эле учурда, биздин ортобуздагы айырмачылык  өтө чоң!

- Келечекте Банкты кандай элестетесиз?

- Банктар болгон, азыр да иштеп жатат жана боло берет. Балким, жаңы технологияларды колдонуу менен форма өзгөрөт, бирок каржы институттары ар дайым калк менен бизнестин ортомчусу бойдон кала берет.

Биздин чөйрөнүн мүдөөсү бирөө - калкты колдоо жана экономиканын күрөө тамыры болуп кала берүү.

- Ишин жаңы баштаган банкирлерге эмне деп айткыңыз келет?

- Көпчүлүк учурда, жумушка келгендердин бардыгы ишке кандай киришип кетсе, айлык маянасын да ошого жараша алышат. Дагы көп нерсе керек. Шыктануу менен, чын жүрөктөн иштөө зарыл: сизге бир тапшырма берилсе - экөөнү аткарууга жетишиңиз. Ошондо ийгилик сөзсүз келет.

- Азизбек Пазылбаевич, быйыл РСК Банк 25 ​​жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бүгүн кандай ойлор менен алек болуп турасыз?

- Ооба, бул РСК банк жана бүт жамаат үчүн юбилейлик жыл. Банктын түзүлгөн күнүн жакшы жамаатта жана мыкты финансылык көрсөткүчтөр менен белгилөө ийгилигине ээ болдук.

1300 кызматкери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү болгон биздин банктын мындан ары дагы өнүгүүсүн каалайм! Жалпысынан, компаниянын ишине 10 миңден ашуун адам көз каранды. Биз биргеликте мындан ары дагы өнүгөбүз, кызматтарыбызды өркүндөтөбүз жана кардарларыбыздын жашоосун жеңил, ыңгайлуу болушуна аракет көрө беребиз, деп ишенемин.

 

 

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>