Капчинин мааниси туура эмес ↓
03.06.2022

Кыргызстанда алгачкы жолу! «РСК Банктан» QR-код аркылуу паспорт үчүн төлөм

Кыргызстанда алгачкы жолу! «РСК Банктан» QR-код аркылуу паспорт үчүн төлөм

Кыргызстанда алгачкы жолу «РСК Банк» ААКсы паспорттун акысын QR-код менен RSK24 мобилдик банкинги аркылуу тɵлɵɵ мүмкүнчүлүгүн берет!

Бул сервис Кыргызстандын бардык Калкты тейлɵɵ борболорунда (КТБ) кɵрсɵтүлгɵн. Эми кассада эч кандай кезек күтүүлɵр жок – болгону «РСК Банктын» RSK24 мобилдик тиркемесин ачып, үстүңкү оң бурчтагы QR-коддун белгисин басып, дүмүрчɵктɵгү QR-кодду сканерлеп, тɵлɵмдү аткарыңыз. Тɵлɵм тууралуу маалымат автоматтык түрдɵ оператордун тутумунда кɵрсɵтүлɵт.

Белгилей кетсек, «РСК Банк» Кыргызстандын банктарынын ичинен биринчи болуп мындай долбоорду ишке ашырган. Долбоор Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, «Инфоком» МИ жана Банктар аралык процессинг борбору менен биргеликте ишке ашырылды.

Бүгүн, 2022-жылдын 3-июнунда QR-код боюнча тɵлɵм аткаруунун презентациясы болуп ɵтүп, ага Министрлер кабинетинин Тɵрагасынын Орун басары Торобаев Б.Э., «РСК Банк» ААКнын Башкармалыгынын Тɵрагасы Букуев К.Д. жана башка мамлекеттик органдардын ɵкүлдɵрү катышты.  

МБ RSK24 аркылуу QR-код менен паспорт үчүн эң биринчи төлөмдү Төрөбаев Б.Э. жүргүзгөн, бул кызматтын ылдамдыгын жана ыңгайлуулугун баалаган.

- Калктын жашоосун жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатабыз. Жакын арада мындай кызматтардын аркасында жарандар мамлекеттик мекемелерге баруунун зарылдыгы жок болот, - дейт Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары.

- «РСК Банк» мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү максатында санариптик өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүдө. MБ RSK24 аркылуу паспорт үчүн QR-код менен төлөө биринчи гана белги. Азыр Банк мамлекеттик номурларды жана улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо үчүн QR-код боюнча төлөмдөрдү, ЖОЖдордо билим алуу, бала бакчалардын пайдасына тамак-ашка төлөө жана башка көптөгөн нерселер ишке ашырууда, - деп кошумчалады «РСК Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Букуев К.Д.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>