Капчинин мааниси туура эмес ↓
19.10.2022

«РСК Банк» ААК RSK24 мобилдүү банкинг санарип мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү улантат

«РСК Банк» ААК RSK24 мобилдүү банкинг санарип мүмкүнчүлүгүн  кеңейтүүнү улантат

Бүгүн пилоттук долбоордун бет ачары өткөрүлдү жана бул долбоордун алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуу үчүн RSK24 тиркемеси аркылуу QR-код менен төлөм кызматы иштелип чыккан. Бул долбоор «РСК Банк» тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, AVN ЖЧКсы жана «БПБ» ЖАК менен биргеликте ишке ашырылган.

Аталган тейлөө кызматы каржылык кызматтарды пайдаланууну жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыккан жана КМТУнун пайдасына аралыктан төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Онлайн төлөм заматта аткарылып, университеттин системасында көрсөтүлөт.

Бул кандай иштейт? Студент avn.kstu.kg сайты аркылуу «Билим берүү порталы»  бетинде өзүнүн жеке кабинетин ачат жана RSK24 мобилдүү банкингинин жогорку оң бурчундагы QR-код белгисин басуу аркылуу сканерден өтүшү керек болгон QR-кодун түзөт. Тейлөө кызматтардын тизмесине окуу акысы, жайкы семестр, жатакана үчүн төлөө, зачет-экзамендин ведомосту (академиялык айырма) жана документтерди кабыл алуу кирет. Мындан тышкары, пилоттук долбоордун алкагында 0 сом өлчөмүндө акция тарифи белгиленген.

Белгилей кетсек, «РСК Банк» бул долбоорго катыша турган жогорку окуу жайларынын тизмесин кеңейтүү максатында иш алып барууда.

Мобилдүү тиркеме аркылуу QR-код менен төлөө - бул Банктын кардарларынын арасында кеңири пайдаланылып жаткан жаңы кызматтарынын бири. Бүгүнкү күндө QR-кодун колдонуу менен ЗАГС, «Унаа» МИнин кызматтарына жана паспорт алуу үчүн төлөй аласыздар.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>