Капчинин мааниси туура эмес ↓
24.04.2020

РСК Банк ШКУ иш-аракетин улантууда

РСК Банк ШКУ иш-аракетин улантууда

«РСК Банк» ААК ШКУ иш-аракетин ийгиликтүү улантууда.

«РСК Банк» ААК, коронавирус пандемиясына карабастан, эл аралык кызматташууга жигердүү катышууну улантууда.

Бүгүн Банк Башкармалыгынын Төрагасы Азизбек Оморкулов жетектеген Банктын өкүлдөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУБанктараралык Бирикмесинин (БАБ) онлайн семинарынакатышып жатышат.

Иш-чараны Россия Федерациясынын ВЭБ.РФ банк Башкармасынын Төрагасы Игорь Шувалов ачтыБул ВЭБ.РФ ушул жылы БАБгатөрагалык милдетти аткарууда.

Эки күндүк иш-чаранын жүрүшүндөмамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жанадолбоорлорду каржылоо жаатындагы иш-аракеттердин сапатын жогорулатуу маселелериталкууланат. Ошондой эле ШКУнун соода-экономикалык кызматташуу учурунда улуттук валюталарды колдонууну кеңейтүү маселеси талкууга алынууда.

Аталган иш-чаранын жүрушүндө бардык катышуучуларды кызыктырган дагы бир орчундуу тема - коронавирус пандемиясынын шартында ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн экономикасын турукташтыруу маселеси болду. "РСК Банк" ААКсынын Төрагасы А.Оморкулов пандемиянын экономикалык субъекттерге терс таасирин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана РСК Банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, дүйнөдөгү татаал кырдаалга карабастан, онлайн режиминде ушундай масштабдагы семинардын өткөрүлүшүШКУнун БАБнин тилектештигин  жана руханийбекемдигин көрсөтүп турганын Төрага белгилеп кетти.

 

Маалымат үчүн: Банктар аралык бирикменинмүчөлөрү болуп ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ири банктары саналат. Кыргызстандын банк тутумун өкүлү катары "РСК Банк" ААК катышып турат.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>