10.05.2020
Улуттук валюта күнү менен!
Урматтуу кыргызстандыктар,
сиздерди өзүбүздүн улуттук акчабыз – сом кабыл алынган күн менен куттуктайбыз!
Кыргыз Республикасы 1993-жылдын 10-майында өзүнүн улуттук валютасы - сомду биринчилерден болуп кабыл алган.
Экономикалык өнүгүүнүн тарыхый жолунда сом өзүнүн туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн далилдей алды жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң күчтүү валюталардын бири болуп калууда.
Улуттук акчабыз - сомдун наркы жогору, рыноктогу атаандаштыгы бекем болуп, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү кызматы берекелүү боло берсин!