07.03.2022
Visa жана Mastercard төлөм карталарынын иштеши жөнүндө маалымат
Урматтуу кардарлар!
Россия Федерациясында Visa жана Mastercard төлөм системаларынын убактылуу токтотулушу тууралуу акыркы жаңылыктардан улам, Кыргызстандагы «РСК Банктын» Visa жана Mastercard карталары кадимки режимде иштеп жатканын маалымдайбыз.
Мындан тышкары, Россия Федерациясында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн «РСК Банктан» Элкарт контактсыз картасын ачсаңыз болот. Бул карталар кадимкидей иштейт.
Бирок, Россияда чыгарылган Visa жана Mastercard карталары тейлөө үчүн жеткиликтүү эмес.