Капчинин мааниси туура эмес ↓
11.03.2022

Эл аралык Visa жана Mastercard: карталар кадимки режимде иштешет

Эл аралык Visa жана Mastercard: карталар кадимки режимде иштешет

«РСК Банк» ААК «РСК Банктын» Visa жана Mastercard эл аралык төлөм карталары кадимки абалында иштеп жаткандыгы тууралуу маалымдайт

Эл аралык Visa жана Mastercard төлөм компаниялары өз кезегинде «РСК Банкка» бул карталар мурдагыдай иштей берерин расмий түрдө тастыкташты. Кыргызстандын аймагында чыгарылган карталарды өчүрүү күтүлбөйт.

Бардык карта операциялары (нак эмес төлөм, банкоматтан акча каражаттарын алуу, онлайн сатып алуулар ж.б.) үзгүлтүксүз ишке ашырылууда

«РСК Банктын» Visa жана Mastercard карталары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тейлене тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Бирок бул карталар учурда Россия Федерациясына карата колдонулган санкцияларга байланыштуу Россия Федерациясынын аймагында гана иштебей турат. Учурда орус сайттарында онлайн сатып алуулар да мүмкүн эмес.

Ошол эле учурда Visa жана Mastercard карталарынан тышкары, «РСК Банк» «Элкарт» улуттук төлөм картасын даярдап чыгарып жана тейлей тургандыгын эске сала кетебиз.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>