Капчинин мааниси туура эмес ↓
07.05.2020

А.Оморкулов Республикалык штабдын брифингине катышты

А.Оморкулов Республикалык штабдын брифингине катышты

Бүгүн “РСК Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкулов COVID-19 боюнча Республикалык штабдын брифингине катышты.

Ал коронавирус пандемиясынан улам Банктын экономикалык жактан жабыр тарткан карыз алуучуларына өз убагында жана ыкчам жардам көрсөтүү боюнча Банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

“Келечектеги төлөмдөрдүн түйшүгүн төмөндөтүү максатында  кредиттер алардын  төлөө графигин өзгөртүү менен узартылган. Бүгүнкү күнгө карата 4,1 млрд. сом суммасындагы калдык менен 2560 өтүнүч келип түшкөн жана алардын ичинен 1905 кредит боюнча төлөө мөөнөтү узартылып, суммасы 3 млрд. сомго барабар болду”, - деп билдирди Азизбек Оморкулов.

Ошондой эле, кредиттер боюнча милдеттенмелерин COVID-19 илдетинен улам аткара албай жаткандар үчүн Банк туумдарды /айып пулдарды кошуп эсептөөнү токтотуп туруу чечимин кабыл алганын Төрага кошумчалады.

"Адамдардын жана авто унаалардын жол жүрүү кыймылындагы чектөөлөргө байланыштуу кырдаалды эске алып, карыз алуучулар менен өз ара аракеттенүү аралыктан ишке ашып жатат" - деди РСК Банктын Төрагасы.

Мындан тышкары, Азизбек Оморкулов Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда РСК Банктын 133 филиалы иштеп жаткандыгын, 1000ден ашуун кызматкер калкка кызмат көрсөтүп жаткандыгын айтты. Финансылык  тейлөө кызматтарынан пайдаланууну жеңилдетүү үчүн Жалал-Абад областынын Сузак районундагы “Курманбек” айыл өкмөтүндө, Ош областындагы “Мады” айыл өкмөтүндө жана Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” турак-жай конушунда  кошумча үч убактылуу сактык кассасы ачылып иштеп жатат.

Банк, ошондой эле, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы  менен бирдикте эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдарды берүү долбоору боюнча иш алып барууда. Бул максаттарда 614 айылда акча каражаттарын колгон нак алуу үчүн 209 терминал орнотулган.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>