Капчинин мааниси туура эмес ↓
08.05.2020

Штабтын маалыматына "РСК Банк" ААК тарабынан берилген комментарий

Штабтын маалыматына "РСК Банк" ААК тарабынан берилген комментарий

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин билдирүүсүнө түшүндүрмө берүү менен, «РСК Банк» ААК, Банктын эки кызматкери, чындыгында, COVID-19 инфекциясын жуктурганы билинген, - деп билдирет.

Бишкектеги кеңсе кызматкери буга чейин дарыланып, азыр үйүндө жүрөт. Белгилей кетүүчү нерсе, ал өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими жарыяланары менен эле аралыктан өз үйүндө иштеп жаткан.

Чаткал филиалынын кызматкери азыркы учурда Каныш-Кыя шаарындагы ооруканада дарыланып жатат.

Эки кызматкер тең Банктын жамааты менен дагы, кардарлары менен дагы эч кандай байланышта болгон эмес.

Бүгүнкү күнгө карата РСК Банктын кызматкерлеринин арасында инфекцияны жуктуруп алуунун башка учурлары жок.

РСК Банк иш-аракетин адаттагыдай эле калыбында жүргүзүп жатат жана калкка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү улантууда.

Банктын кызматкерлери бардык керектүү коргоо каражаттары (беткаптар, костюмдар, дезинфекциялоо каражаттары) менен толук камсыздалган.

Банктын кеңселеринин ичи-сыртында жана айлана-тегерегинде жууп-тазалоо иштери күн сайын аткарылып жатат.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>