Капчинин мааниси туура эмес ↓
30.11.2020

Маанилүү маалымат

Маанилүү маалымат

Урматтуу кардарлар,

Кредит алган жана COVID-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу социалдык-экономикалык жактан кыйын абалга туш болгон карызгерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "РСК Банк" ААК төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы токтомуна ылайык, баштапкы негизги кредитти 100 000 сомдон ашпаган суммада 2020-жылдын 1-октябрына чейин алган карызгерлер кошуп эсептелинген пайыздарды/ үстөк бааны төлөөдөн 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларында бошотулушат.

Эгерде карызгердин ошол эле учурда 100 000 сомго чейинки кредиттери бар болсо, анда кенемте (компенсация)  бир кредиттин пайыздары / үстөк баалары боюнча бир каржылык-кредиттик мекемеде гана карызгердин каржы-кредиттик мекемени тандоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызына жана тиешелүү кредитке ылайык ылайык төлөнөт.

Кеңири маалымат алуу үчүн (0312/706/552/0775) 911 111 номерлери аркылуу Банктын Байланыш борборуна кайрылсаңыздар болот.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>