Капчинин мааниси туура эмес ↓
03.03.2023

«РСК Банк» Кыргызстандын токойчуларын сыйлоо аземин колдоду

«РСК Банк» Кыргызстандын токойчуларын сыйлоо аземин колдоду

«РСК Банк» экологияны туруктуу өнүктүрүү үчүн корпоративдик социалдык иштердин алкагында активдүү иш алып барууда.
Банк Эл аралык ак илбирсти куткаруу фондунун туруктуу өнөктөшү болуп саналат. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сарычат-Эрташ коругунда ак илбирстин популяциясын байкоо үчүн «РСК Банктын» эсебинен фото жана видеокөзөмөл тутумдары сатылып алынган.
Андан тышкары банк фонд тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү Кыргызстандын токойчуларын сыйлоо аземин колдоп келет. Бул иш-чаралардын алкагында акыркы жылдары өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоодогу сиңирген эмгеги үчүн 100дөн ашык коргоочу сыйланган.
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүнүн алкагында IX церемония өтүп, анда 16 токойчу сыйланды. Коргоочуларды татыктуу сыйлыктары менен куттуктайбыз!
 
 
 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>