Капчинин мааниси туура эмес ↓
01.11.2021

"Элкарт менен белек" жаңы акциясы

"Элкарт менен белек" жаңы акциясы

Акция! 42 байге утуп алыңыз!

“РСК Банк” кардарлар көптөн көп күткөн "Элкарт менен Белек ал" акциясынын башталгандыгын жарыялайт!

Элкарт менен биргеликте, биз Элкарт карталарынын ээлерине тиричилик техникаларын алууга сонун мүмкүнчүлүк даярдадык.

Акцияны өткөрүү мезгил аралыгы

Акция 2021-жылдын 1-ноябрынан  тартып  2021-жылдын 31- мартына  чейин өткөрүлөт жана төмөнкүдөй убакыт аралыктарын камтыйт:

  • Аралык:

2021-жылдын 1-ноябрынан тартып 2021-жылдын 30-ноябрына чейин

2021-жылдын 1-декабрынан тартып  2021-жылдын 31-декабрына чейин

2022-жылдын 1-январынан  тартып 2021-жылдын 31-январына чейин

2022-жылдын 1-фералынан тартып 2022-жылдын 28-февралына чейин

2022-жылдын 1-мартынан тартып 2022-жылдын 31-мартына чейин

  • Негизгиси:

2021-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-мартына чейин

Акциянын катышуучулары

18 жаш курагына жеткен жеке адамдар - «РСК Банк» ААКнун, Бишкек  жана Ош шаарларынан тышкары,  Чүй, Нарын, Талас, Ысык Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында жайгашып, иштеп жаткан бөлүмдөрүндө  ачылган  «ЭЛКАРТ»  карта ээлери.

Акцияга катышуу тартиби

Бул акцияга катышуу үчүн Карта ээси «РСК Банк» ААКнун Чүй, Нарын, Талас, Ысык Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында жайгашып, иштеп жаткан филиалдары тарабынан чыгарылган  "ЭЛКАРТ" картасы аркылуу сатып алуулар үчүн нак эмес төлөмдөрдү  ишке ашырууга тийиш.

Акцияга катышуу үчүн төмөнкүдөй операциялар эсепке алынбайт:

  • "ЭЛКАРТ" карта эсебинен акча каражаттарын алуу/ карта эсебине акча каражаттарын салуу;
  • Банктын кассасында жана өз алдынча тейленүү түзүлмөлөрүндө жана Мобилдүү банкингде коммуналдык жана башка төлөмдөрдү төлөө;
  • билип туруп майдаланган суммалар: 30 мүнөт ичинде бир эле соода-тейлөө ишканасында,  бир эле ошол соода түйүнүндө  бир эле  ошол товар же кызмат көрсөтүү үчүн  катарынан бир нече (1ден көп) транзакциялар боло турган болсо, алар негизги жана кошумча карталар менен өткөрүлгөн төлөмдөр экенине  карабастан,  эсепке 1 (бир) гана транзакция катары кабыл алынат.

 

Жеңүүчүлөрдү аныктоо шарттары:

Аралык этаптары

– Акциянын  мөөнөтү ичинде  бир карта менен өткөрүлгөн  10 транзакциядан  кем болбогон эң көп саны боюнча, мында бир транзакциянын минималдуу суммасы 100 сомдон кем болбоого тийиш. Ар бир область боюнча аралык этабынын 1 жеңүүчүсү аныкталат;

Негизги этап

- Акциянын  мөөнөтү ичинде  бир карта менен өткөрүлгөн  50 транзакциядан  кем болбогон эң көп саны боюнча, мында бир транзакциянын минималдуу суммасы 100 сомдон кем болбоого тийиш. Бул этапта жалпы Кыргызстан боюнча 7 жеңүүчү аныкталат;

 

Акциянын байгелик бюджети:

Этаптар

Байгелер

Саны

1-этап

Чаң соргуч

7

2-этап

Жылыткыч

7

3-этап

Микротолкундуу меш

7

4-этап

Термопот

7

5-этап

Электро меш

7

Негизги этап:

Телевизор

7

Жыйынтыгы

 

42

 

Байгелерди тапшыруу:

Жыйынтыгын чыгаруу:

- ар бир аралык этаптын жыйынтыгы боюнча кийинки айдын 30-күнүнө чейин.

- негизги этап боюнча байгелерди тапшыруу 2022-жылдын 31-майына чейин жүзөгө ашырылат. 

Көңүл буруңуз. Карталар «РСК Банктын» регионалдык филиалдарында ачылышы керек (Бишкек жана Ош акцияга катышпайт).

Толук маалымат бул жакта

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>