Капчинин мааниси туура эмес ↓
08.04.2022

«РСК Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары А.Турдалиевдин катышуусунда АЧК-10 алкагындагы пресс-конференция

«РСК Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары А.Турдалиевдин катышуусунда АЧК-10 алкагындагы пресс-конференция

"РСК Банк" 9 жыл ичинде дыйкандарга 15 млрд сомго кредит берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “РСК Банк” ААК Башкармасынын Төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев билдирди.

«Бул жылы мамлекет тарабынан өлкөнүн айыл чарбасын, анын ичинде, биздин Банкты өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулуп жатат. Биздин банк эң башынан бери эле АЧК-10 (Айыл чарбасын каржылоо-10) программасынын катышуучусу болуп саналат», - деди Турдалиев.

Ал 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин аталган программанын алкагында Банк тарабынан 15 млрд сомдон ашуун суммага 40 миңден ашуун кредит берилгенин белгилеп кетти.

Быйылкы жылы айыл чарба продукцияларын өнүктүрүүгө 1,800 млрд сом, анын ичинен 50% мал чарбасын өнүктүрүүгө, 25% өсүмдүк өстүрүүгө жана 25% айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө бөлүнгөн.

«Бүгүнкү күндө "РСК Банк" 63%ды өздөштүрүп, бардыгы болуп 1 млрд 124 млн сомго 2 миң 446 кредит берилди», - деди төраганын биринчи орун басары.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>