Капчинин мааниси туура эмес ↓
20.04.2023

«РСК Банк» айыл чарба тармагындагы өндүрүүчүлөргө 706 миллион сомго кредит берди

«РСК Банк» айыл чарба тармагындагы өндүрүүчүлөргө 706 миллион сомго кредит берди

«РСК Банк» ААК Кыргызстандын дыйкандарын колдоо максатында «Айыл чарбасын каржылоо – 11» (АЧК – 11) мамлекеттик программасын ишке ашырууда.

“АЧК-11” долбоорунун чегинде, Банк эки категория боюнча жылдык 6% (6,17% эффективдүү) чен менен жеңилдетилген кредиттерди берүүдө:

• Мал чарбачылыгына;

• Өсүмдүк өстүрүүгө.

2023-жылы РСК Банкка 1,65 миллиард сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 1 427 115 405 сом суммасына 2 959 арыз кабыл алынды. Иш жүзүндө жалпы суммасы 706 млн сомго барабар 1 559  кредит берилгенин баса белгилеп кетебиз. Алардын ичинен:

• мал чарбачылыгына – жалпы суммасы  600 993 000 сомго 1 299 кредит;

• өсүмдүк өстүрүүгө – 105 395 000  сом суммасында 260 кредит.

Мында, Чүй областы боюнча 297, Ысык-Көл областы боюнча 230, Нарын областы боюнча 189, Талас областы боюнча 125, Жалал-Абад областы боюнча 405, Ош областы боюнча 226, Баткен областы боюнча 87 кредит берилген.

РСК Банк 2013-жылдан бери “Айыл чарбасын каржылоо” программасын ишке ашырууга катышып келе жатканын белгилеп кетебиз. Бул жылы АЧК-11 чегинде каражаттар 15-марттан тарта бериле баштады.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>