Капчинин мааниси туура эмес ↓
22.04.2022

«РСК Банк» ААК АЧК-10 алкагында 1,3 млрд сомго жеңилдетилген кредиттерди берди.

«РСК Банк» ААК АЧК-10 алкагында 1,3 млрд сомго жеңилдетилген кредиттерди берди.

Бүгүн «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиевдин катышуусунда пресс-конференция өткөрүлүп, анын жүрүшүндө «Айыл чарбасын каржылоо – 10» (АЧК – 10) мамлекеттик программасы боюнча иштердин журушү тууралуу сөз болду.

“АЧК-10” алкагында РСК Банк учурда үч багыт боюнча 6% менен жеңилдетилген кредиттерди берип жатат:

1. Мал чарбачылыгы;

2. Өсүмдүк өстүрүү;

3. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү.

2022-жылы РСК Банкка 1,8 млрд сом бөлүнгөн. 2022-жылдын 22-апрелине карата Банк республика боюнча жалпы суммасы 1 337 869 000 сомго кредиттерди берди.

Анын ичинен мал чарбачылыгына 843 млн 569 миң сом суммасына 1 миң 821 кредит ( 94% өздөштүрүлдү), өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 409 млн 600 миң сом суммасына 1 миң 37 кредит (91% өздөштүрүлдү), кайра иштетүүгө 84 млн 700 миң сом суммасына 26 кредит (19% берилген.

Аймактар ​​боюнча алсак, Чүй областына 459, Ысык-Көл областына 427, Нарын областына 220, Талас областына 364, Жалал-Абад областына 621, Ош областына 582, Баткен областына 211 кредит берилген.

Мындан тышкары, А.Турдалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы No120-р буйругуна ылайык, «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» (АӨК) долбоору жактырылганын дагы билдирип кетти.

Учурда бул долбоорду баштоо үчүн зарыл болгон РСК Банкты капиталдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Агроөнөр жай комплексин ишке ашыруу каражаттар келип түшкөндөн кийин башталат. Банк аталган долбоордун башталышы жөнүндө кошумча маалымдайт.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>